Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган жана Мухаммадга түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) Чынында, ал Раббиси тарабынан келген Акыйкат деп ишенген адамдардын (чоң-кичине) күнөөлөрүн өчүрүп, (жүрөктөрүн жана) иштерин оңдоп койот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби, каапыр болгон адамдар жалганды ээрчишет, ыйман келтиргендер болсо Раббисинен келген Акыйкатты ээрчийт. Аллах адамдарга өздөрүнүн мисалдарын ушинтип келтирет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер каапырларга (согуш мезгилинде) жолугуп калсаңар, мойнуна (кылыч) ургула! Эми, качан аларды жеңип алсаңар, (тирүү калгандарын) туткундап алгыла! Андан кийин же эч нерсе албай азат кылып жибересиңер, же болбосо төлөм-акы алып (андан соң) коюп жибересиңер. (Бул өкүм) согуш (абалы) бүткөнгө чейин. Ушундай. Ал эми, (эгер) Аллах кааласа аларды (согушсуз эле) жеңип коймок. Бирок, бирөөңөрдү бирөөңөр менен сынап (тандап) алуу үчүн (согушка буюрду). Жана Аллахтын жолунда өлтүрүлгөн адамдардын амалдарын (Аллах) эч качан текке кетирбейт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген адамдар! Эгер Аллахка (Анын динине) жардам берсеңер,[1] Аллах дагы силерге жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби, алар Аллах түшүргөн нерсени (Куранды) жаман көрүштү. Анан (Аллах) алардын амалдарын текке кетирди!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар жер бетин кезип, өздөрүнөн мурунку (каапыр) коомдордун (коркунучтуу) акыбети кандай болгонун көрбөйт беле? Аллах алардын ойронун чыгарды го! Жана (азыркы) каапырларга да ошол сыяктуу иштер бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Аллах ыймандуу жана жакшы амалдарды жасаган пенделерин түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Каапырлар болсо, (бул дүйнөдө) пайдалана беришет жана айбандар сыяктуу жеп-ичишет. Алардын орду - тозок!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Биз, сени чыгарып жиберген шаарыңдан да кубаттуураак болгон нечендеген шаарларды кыйратып салганбыз. Анан аларга (эч кандай) жардамчы болбой калган.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиси тарабынан (жиберилген) анык баян-далилдин үстүндө болгон киши, жаман иши өзүнө (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана напсинин каалоолорун (гана) ээрчиген адамга окшоп калмак беле?
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТакыба кишилер үчүн убада кылынган бейиштин мисалы: анда ичүүчүлөр үчүн (даамы, жыты, түсү) бузулбаган суу дарыялары, даамы айныбаган сүт дарыялары, ылаззаттуу шарап дарыялары жана таза-пакиза бал дарыялары бар. Анда алар үчүн ар түрдүү мөмөлөр жана Раббисинен кечирим бар. (Ушундай бейишке түшкөн адам) тозокто түбөлүк калып, (удаама-удаа) кайнак суу ичирилип, натыйжада ичегилери үзүлүп кеткен адамга окшойбу?
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын (мунафыктардын) арасынан кээ бирөөлөрү сага (жүрөгү менен берилбей) кулак салышат. Ал эми, качан сенден чыкканда (берилип уккан) илимдүү адамдардан «(Мухаммад) азыр эмне деди эле?» деп сурашат. (Мунун себеби) Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басып койгон. Алар өз каалоолорун гана ээрчиген адамдар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми алар (мунафыктар) өздөрүнө капысынан кыямат келип калышынан башка эч нерсени күтүшпөйт. Кыяматтын (кээ бир) белгилери келип да калды! Анан эгер кыямат келип калса, алардын эскерме-сабак алуулары кайдан мүмкүн болсун?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Билгин, эч бир кудай жок, жалгыз Аллах бар! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн жана момун эркек, момун аялдар үчүн Аллахтан кечирим сура! Аллах силердин (бардык) кыймыл-аракетиңерди жана (кыймылсыз турган) ордуңарды билет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирген адамдар «(Аллах жолунда жихад кылуу жөнүндө тезирээк) бир сүрө түшсө экен!» дешет. Ал эми, качан гана анык бир сүрө түшүп, анда согуш (жихад) эскертилгенде, жүрөктөрү соо эмес (эки жүздүү) адамдар сени, өлүм келгенде өзүн жоготуп койгон адамдын көз карашы менен тиктеп калганын көрөсүң. Алар үчүн ылайыгыраак эле –
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov– (аятка) моюн сунуулары жана («моюн сундук» деген) жакшы сөздөр(дү айтуулары). Качан аларга (ушул сыяктуу) олуттуу бир буйрук келгенде жана (ал буйрукка дароо моюн сунуп) Аллахты(н сөзүн) тастыктаса өздөрүнө жакшы болмок.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (Аллахтын өкүмүнөн) жүз бурсаңар жер бетинде бузукулук иштерди жасашыңар жана (өз ара) тууган-урукчулугуңарды үзүп жиберишиңер мүмкүн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨздөрүнө туура жол анык болуп калгандан кийин, дагы эле артка (динден каапырчылыкка) кайткан адамдарга (иштерин) шайтан кооз көргөзүп, (жалган кыялдарга) үмүттөндүрүп койду.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул (адашууда калуунун себеби) алар, Аллах түшүргөн нерсени (динди) жаман көргөн кишилерге: «Биз кээ бир иштерде силерге моюн сунабыз» - дешти. Аллах алардын сырларын билет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби, алар Аллахтын ачуусун келтирчү иштерди ээрчип, Анын ыраазычылыгын жаман көрүштү. Анан Аллах алардын амалдарын «хабата»[1] кылып койду.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, жүрөгү соо эмес адамдар, Аллах алардын ичине каткан душманчылыктарын (ачыкка) чыгара албайт деп ойлоштубу?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз кааласак, сага аларды көргөзүп коймокпуз жана сен аларды белгилеринен эле таанып алмаксың. (Бирок) сен эми аларды сөздөрүнүн «күүсүнөн» тааныйсың. Аллах силердин амал-ишиңерди билет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, (өздөрү) каапыр болуп, (башкаларды) Аллахтын жолунан тоскон жана өздөрүнө туура жол анык билинип калгандан кийин деле (ар түрдүү бузукулук менен) пайгамбарды машакат-түйшүккө салган адамдар Аллахка эч нерсени зыян жеткире алышпайт! Жана (Аллах) алардын иш-аракеттерин текке кетирип койот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген адамдар! Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Жана (Аллахтын аяттарына каршы чыгуу менен) ишиңерди жараксыз кылып албагыла!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАныгында, каапыр болуп (адамдарды) Аллахтын жолунан тоскон (жана) андан соң каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардын күнөөлөрүн Аллах эч качан кечирбейт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, момундар! Силер жихад мезгилинде) жалкоолук кылбагыла! Жана колуңар (душмандан) бийик келип турган абалыңарда (аларды) тынчтыкка чакырбагыла! Аллах силер менен бирге! Жана Ал силердин (сооп) амалыңарды кемитпейт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында дүйнө жашоосу оюн жана тамаша. Эгерде силер ыймандуу жана такыбалуу болсоңор Аллах силерге сооп-сыйлыгыңарды (толук) берет жана мал-мүлкүңөрдү(н бардыгын Аллах жолуна чыгарууну) сурабайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, силер, Аллах жолунда (мал-мүлк) чыгарууга чакырылган адамдар! Силерден кээ бирөөлөр сараңдык кылаар. Кимде-ким сараң болсо ал өз жанына (бейишке киришине) сараңдык кылган болот. Аллах (силердин мал-мүлкүңөргө) муктаж эмес! Өзүңөр (Аллахка) муктажсыңар! Эгер (Аллахтын динин колдоодон) жүз буруп кетсеңер, Ал силерди (жок кылып) ордуңарга башка коомду алмаштырып койот. Кийин алар силер сыяктуу (бакыл, Аллахтын аяттарына каршы чыгуучу) болушпайт.