caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Anbiyaa сүрөсү الأنبياء

112 аят · Мекке · түшүү тартиби 73

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ ٱقْتَرَبَ لِلنَّاسِ حِسَابُهُمْ وَهُمْ فِى غَفْلَةٍ مُّعْرِضُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдарга өздөрүнүн эсеби (Кыямат) жакындап калды.[1] Алар болсо (Аллах буюрган парыздардан) жүз үйрүгөн бойдон кайдыгер жүрүшөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا يَأْتِيهِم مِّن ذِكْرٍ مِّن رَّبِّهِم مُّحْدَثٍ إِلَّا ٱسْتَمَعُوهُ وَهُمْ يَلْعَبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга Раббилери тарабынан жаңы зикир (аят) келсе, (мушриктер) оюнкарактык менен угушту,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَاهِيَةً قُلُوبُهُمْ وَأَسَرُّوا۟ ٱلنَّجْوَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ هَلْ هَٰذَآ إِلَّا بَشَرٌ مِّثْلُكُمْ أَفَتَأْتُونَ ٱلسِّحْرَ وَأَنتُمْ تُبْصِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovжүрөктөрү кайдыгер болуп. Жана залим (каапыр) адамдар: «Бул (Мухаммад) эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу жөнөкөй эле адам (ал «аят» деген нерселер болсо, сыйкыр). Силер көрүп туруп сыйкырга келе жатасыңарбы?» (деп) шыбырап сүйлөшүштү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ رَبِّى يَعْلَمُ ٱلْقَوْلَ فِى ٱلسَّمَآءِ وَٱلْأَرْضِ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Пайгамбар) айтты: «Менин Раббим Асмандагы, Жердеги сөздү билет. Ал – Угуучу, Билүүчү!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ قَالُوٓا۟ أَضْغَٰثُ أَحْلَٰمٍۭ بَلِ ٱفْتَرَىٰهُ بَلْ هُوَ شَاعِرٌ فَلْيَأْتِنَا بِـَٔايَةٍ كَمَآ أُرْسِلَ ٱلْأَوَّلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Андай эмес», – дешти алар (Мухаммад айтып жаткан нерселер) түштөгү жобурануу, жок, аларды өзү ойлоп чыгарган, жок андай эмес, ал акын. (Эгер пайгамбарлыгы чын болсо, абалкы(пайгамбар)ларга жиберилген сыяктуу бир керемет келтирсинчи, кана?!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَآ ءَامَنَتْ قَبْلَهُم مِّن قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَٰهَآ أَفَهُمْ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан мурунку Биз кыйраткан шаарлар(дын элдери) ыйман келтирбеген нерсеге ушулар ыйман келтирмек беле?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ إِلَّا رِجَالًا نُّوحِىٓ إِلَيْهِمْ فَسْـَٔلُوٓا۟ أَهْلَ ٱلذِّكْرِ إِن كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) Биз сенден мурун (периште же болбосо аял затынан эмес) жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Эгер билбесеңер Зикир (Ыйык Китеп) ээлеринен сурагыла.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا جَعَلْنَٰهُمْ جَسَدًا لَّا يَأْكُلُونَ ٱلطَّعَامَ وَمَا كَانُوا۟ خَٰلِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз пайгамбарларды тамак-аш жебей турган дене (адаттан сырткары табияттуу адам) кылып жаратпадык. Алар түбөлүк жашоочулардан да эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ صَدَقْنَٰهُمُ ٱلْوَعْدَ فَأَنجَيْنَٰهُمْ وَمَن نَّشَآءُ وَأَهْلَكْنَا ٱلْمُسْرِفِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Биз пайгамбарларга берген убаданы аткарып (каапырларга азап жиберип), пайгамбарларды жана Өзүбүз каалаган (ыймандуу) адамдарды куткарып, чектен чыккандарды кыйратып салдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَقَدْ أَنزَلْنَآ إِلَيْكُمْ كِتَٰبًا فِيهِ ذِكْرُكُمْ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, пайгамбар менен мусулмандар!) Биз силерге Китеп (Куран) түшүрдүк. Анын ичинде силердин шоорат-даңкыңар бар. Акылыңарды иштетпейсиңерби?[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَمْ قَصَمْنَا مِن قَرْيَةٍ كَانَتْ ظَالِمَةً وَأَنشَأْنَا بَعْدَهَا قَوْمًا ءَاخَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз (өткөндө) нечен-нечен залым (каапыр) шаарларды кыйратып, алардан кийин (ордуна) башкаларды жараттык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّآ أَحَسُّوا۟ بَأْسَنَآ إِذَا هُم مِّنْهَا يَرْكُضُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Биздин азабыбызды(н белгисин) байкаар замат шаардан качып жөнөштү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا تَرْكُضُوا۟ وَٱرْجِعُوٓا۟ إِلَىٰ مَآ أُتْرِفْتُمْ فِيهِ وَمَسَٰكِنِكُمْ لَعَلَّكُمْ تُسْـَٔلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Качпагыла, көңүл ачуучу жайыңарга жана үйүңөргө кайткыла, балким (өлтүрүлбөй бирөөңөрдөн-бирөөңөр) суралган бойдон калаарсыңар» (дешти азаптоочу периштелер какшык менен).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ يَٰوَيْلَنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар болсо: «Ох, бизге өлүм болсун! Биз залымдардан болуп калган элек!» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَا زَالَت تِّلْكَ دَعْوَىٰهُمْ حَتَّىٰ جَعَلْنَٰهُمْ حَصِيدًا خَٰمِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды орулган (чөп сыяктуу) кылып тындырып салганыбызга чейин ушул (армандуу) дубалары токтобой турду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا خَلَقْنَا ٱلسَّمَآءَ وَٱلْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا لَٰعِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Асман менен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагы нерселерди оюн-эрмек үчүн жараткан жокпуз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَوْ أَرَدْنَآ أَن نَّتَّخِذَ لَهْوًا لَّٱتَّخَذْنَٰهُ مِن لَّدُنَّآ إِن كُنَّا فَٰعِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (асман-жерди) эрмек кылып алууну кааласак, Биз аны (эрмек-зоокту) Өзүбүздүн алдыбыздан (асмандардын үстүндөгү жогорку Арштан) деле тапмакпыз, эгер табууну кааласак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ نَقْذِفُ بِٱلْحَقِّ عَلَى ٱلْبَٰطِلِ فَيَدْمَغُهُۥ فَإِذَا هُوَ زَاهِقٌ وَلَكُمُ ٱلْوَيْلُ مِمَّا تَصِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Акыйкатты (Куранды) жалгандын үстүнө таштайбыз жана ал аны эзип, жанчып салат! Анан жалган жок болот. (Оо, Аллахтын шериги, аялы, баласы бар дегендер!) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге (Уайл)[1] азап болсун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَهُۥ مَن فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَنْ عِندَهُۥ لَا يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِهِۦ وَلَا يَسْتَحْسِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар менен Жердеги нерселердин баары Аллахтын мүлкү. Анын алдындагылар (периштелер) Ага ибадат-кулчулук кылуудан текеберленишпейт жана чарчашпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُسَبِّحُونَ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ لَا يَفْتُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Тескерисинче,) түнү-күнү чарчабай-зерикпей Ага тасбих айтышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمِ ٱتَّخَذُوٓا۟ ءَالِهَةً مِّنَ ٱلْأَرْضِ هُمْ يُنشِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, жердин өзүнөн эле тирилтүүчү «кудайларды» таап алышканбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَوْ كَانَ فِيهِمَآ ءَالِهَةٌ إِلَّا ٱللَّهُ لَفَسَدَتَا فَسُبْحَٰنَ ٱللَّهِ رَبِّ ٱلْعَرْشِ عَمَّا يَصِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Асман менен Жерде Аллахтан башка кудайлар болгондо, экөө тең ойрон болмок. (Улуу, Бийик) Арштын Раббиси болгон Аллах мушриктер сыпаттаган нерселерден Аруу-Таза![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يُسْـَٔلُ عَمَّا يَفْعَلُ وَهُمْ يُسْـَٔلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өзүнүн иши боюнча эч кимге жооп бербейт. Алар жооп беришет (суралышат).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمِ ٱتَّخَذُوا۟ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةً قُلْ هَاتُوا۟ بُرْهَٰنَكُمْ هَٰذَا ذِكْرُ مَن مَّعِىَ وَذِكْرُ مَن قَبْلِى بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ ٱلْحَقَّ فَهُم مُّعْرِضُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе, алар Аллахтан башкаларды кудай кылып алыштыбы?! Айткын: «(Андай болсо) далилиңерди алып келгиле! Мына мендеги нерсенин (Курандын) сөздөрү жана менден мурунку нерселердин (Тоорат менен Инжилдин) сөздөрү! Жок, Алардын көпчүлүгү Акыйкатты билишпейт. (Мунун себеби) Алар жүз буруп кетишкен!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ مِن رَّسُولٍ إِلَّا نُوحِىٓ إِلَيْهِ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعْبُدُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп аян-кабар кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحْمَٰنُ وَلَدًا سُبْحَٰنَهُۥ بَلْ عِبَادٌ مُّكْرَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер): «Чексиз Ырайымдуунун[1] баласы бар» дешти. Аллах бала күтүүдөн Аруу-Таза. Андай эмес, алар (периштелер) урматтуу пенделер.[2]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يَسْبِقُونَهُۥ بِٱلْقَوْلِ وَهُم بِأَمْرِهِۦ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Андан (Аллахтан) озунуп сүйлөшпөйт. Алар анын буйругун гана аткарышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَعْلَمُ مَا بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَمَا خَلْفَهُمْ وَلَا يَشْفَعُونَ إِلَّا لِمَنِ ٱرْتَضَىٰ وَهُم مِّنْ خَشْيَتِهِۦ مُشْفِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) Алардын келечектерин да, өтмүштөрүн да билет. Алар (Аллахтын алдында) Ал каалагандар үчүн гана колдоочу боло алышат. Алар Аллахтан коркуп, ырайымына жалдырап турушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَن يَقُلْ مِنْهُمْ إِنِّىٓ إِلَٰهٌ مِّن دُونِهِۦ فَذَٰلِكَ نَجْزِيهِ جَهَنَّمَ كَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын кимиси «мен – кудаймын» десе Биз аны тозок менен жазалайбыз. Биз залимдерди ушундай жазалайбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَلَمْ يَرَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَنَّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ كَانَتَا رَتْقًا فَفَتَقْنَٰهُمَا وَجَعَلْنَا مِنَ ٱلْمَآءِ كُلَّ شَىْءٍ حَىٍّ أَفَلَا يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Каапырлар билишпейби, асмандар менен жер (мурда) бири-бирине жабышып турган болчу. Кийин Биз алардын ортосун бөлүп койдук. Жана Биз ар бир тирүү нерсени суудан[1] жараттык. Ыйман келтиришпейби?!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلْنَا فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِهِمْ وَجَعَلْنَا فِيهَا فِجَاجًا سُبُلًا لَّعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана адамдарды жер бетинде бекем кармап турсун деп тоолорду жараттык. Жана элдер туура жол таап (адашпай) жүрсүн деп өрөөн – жолдорду жасап койдук.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلْنَا ٱلسَّمَآءَ سَقْفًا مَّحْفُوظًا وَهُمْ عَنْ ءَايَٰتِهَا مُعْرِضُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана асманды корголгон там кылдык.[1] Алар Биздин (бул) аян-белгилерибизден жүз бурушууда!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلَّيْلَ وَٱلنَّهَارَ وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ كُلٌّ فِى فَلَكٍ يَسْبَحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күндүз менен караңгылыкты, Күн менен Айды жаратты. Бардыгы Асманда сүзүп жүрүшөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا جَعَلْنَا لِبَشَرٍ مِّن قَبْلِكَ ٱلْخُلْدَ أَفَإِي۟ن مِّتَّ فَهُمُ ٱلْخَٰلِدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун да эч бир адамды түбөлүк жаратпадык. Эмне, сен өлүп, алар (мушриктер) түбөлүк жашайт бекен?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كُلُّ نَفْسٍ ذَآئِقَةُ ٱلْمَوْتِ وَنَبْلُوكُم بِٱلشَّرِّ وَٱلْخَيْرِ فِتْنَةً وَإِلَيْنَا تُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАр бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. (Ошого чейин) Биз силерди (кээде) жакшылык, (кээде) жамандык менен сынайбыз. Жана (өмүрүңөр бүткөндө) Өзүбүзгө кайтарыласыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا رَءَاكَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِن يَتَّخِذُونَكَ إِلَّا هُزُوًا أَهَٰذَا ٱلَّذِى يَذْكُرُ ءَالِهَتَكُمْ وَهُم بِذِكْرِ ٱلرَّحْمَٰنِ هُمْ كَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сени каапырлар көрсө (бири-бирине) силердин (Аллахтан башка) кудайыңарды (буларга сыйынып болбойт деп) тилге алган ушулбу?» деп шылдыңдашат. Алар Чексиз Ырайымдууну эскерүүдөн каапыр болушууда.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

خُلِقَ ٱلْإِنسَٰنُ مِنْ عَجَلٍ سَأُو۟رِيكُمْ ءَايَٰتِى فَلَا تَسْتَعْجِلُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИнсан сабырсыз жаратылган. (Оо, каапырлар,) жакында силерге белгилеримди (азапты) көргөзөмүн, Мени шаштырбагыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلْوَعْدُ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар: «Эгер чынчыл болсоңор, жанагы убада (азап) качан?» – дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَوْ يَعْلَمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ حِينَ لَا يَكُفُّونَ عَن وُجُوهِهِمُ ٱلنَّارَ وَلَا عَن ظُهُورِهِمْ وَلَا هُمْ يُنصَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер каапырлар жүздөрүнөн жана жондорунан тозок отун тосо албай, жардамсыз калган мезгилди (кыяматты) билгенде (андай сөздөрдү айтпайт эле).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ تَأْتِيهِم بَغْتَةً فَتَبْهَتُهُمْ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ رَدَّهَا وَلَا هُمْ يُنظَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кыямат) Аларга капыстан келет. Ошондо алар аны кайтаруудан алсыз болуп, коркуудан селейип калышат. (Анда) аларга (тообо кылуу үчүн) мөөнөт берилбейт![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدِ ٱسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِّن قَبْلِكَ فَحَاقَ بِٱلَّذِينَ سَخِرُوا۟ مِنْهُم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад! Алардын шылдыңына чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ مَن يَكْلَؤُكُم بِٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ مِنَ ٱلرَّحْمَٰنِ بَلْ هُمْ عَن ذِكْرِ رَبِّهِم مُّعْرِضُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «(Эй, каапырлар) Силерди түндө же күндүзү (азап жиберчү болсо) Чексиз Ырайымдуудан ким коргой алат?! Тескерисинче, алар Раббилерин(ин азабын) эскерүүдөн жүз бурушту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَمْ لَهُمْ ءَالِهَةٌ تَمْنَعُهُم مِّن دُونِنَا لَا يَسْتَطِيعُونَ نَصْرَ أَنفُسِهِمْ وَلَا هُم مِّنَّا يُصْحَبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе Бизден бөлөк коргоочу кудайлары барбы?! Ал кудайлар (силерге эмес) өздөрүнө да жардам бере албайт. Жана Бизден да эч бир жардамга ээ боло алышпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ مَتَّعْنَا هَٰٓؤُلَآءِ وَءَابَآءَهُمْ حَتَّىٰ طَالَ عَلَيْهِمُ ٱلْعُمُرُ أَفَلَا يَرَوْنَ أَنَّا نَأْتِى ٱلْأَرْضَ نَنقُصُهَا مِنْ أَطْرَافِهَآ أَفَهُمُ ٱلْغَٰلِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок, аларды да, ата-бабаларын да өмүрү узун болгонго чейин Биз пайдалантуудабыз. Алар көрбөй жатабы, Биз жерди ар тараптан кыскартып жатабыз го?![1] Эмне, алар (Аллахтын тагдырына моюн сунбай), жеңүүчү болушат бекен?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنَّمَآ أُنذِرُكُم بِٱلْوَحْىِ وَلَا يَسْمَعُ ٱلصُّمُّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا مَا يُنذَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад), сен аларга: «Мен силерди вахий (Аллахтан келген кабар) менен эскертип жатамын. Бирок, дүлөй адамдар эскертилген чакырыкты укпайт» деп айткын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَئِن مَّسَّتْهُمْ نَفْحَةٌ مِّنْ عَذَابِ رَبِّكَ لَيَقُولُنَّ يَٰوَيْلَنَآ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларды Раббиңдин бир аз эле азабы кармаса; «Ох, өлдүк! Биз залимдерден болуп калдык!» – дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَضَعُ ٱلْمَوَٰزِينَ ٱلْقِسْطَ لِيَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ فَلَا تُظْلَمُ نَفْسٌ شَيْـًٔا وَإِن كَانَ مِثْقَالَ حَبَّةٍ مِّنْ خَرْدَلٍ أَتَيْنَا بِهَا وَكَفَىٰ بِنَا حَٰسِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Биз кыямат күн үчүн адилет таразаларды орнотобуз. Эч бир жан(га) зулумдук кылынбайт. (Сообунан кемитилбейт). Эгер (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَا مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ ٱلْفُرْقَانَ وَضِيَآءً وَذِكْرًا لِّلْمُتَّقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз Муса менен Харунга Фурканды (ак менен караны ажыратуучу Тооратты) такыба кишилер үчүн нур жана эскерме кылып бердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُم بِٱلْغَيْبِ وَهُم مِّنَ ٱلسَّاعَةِ مُشْفِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТакыбаалар ушундай кишилер: Кайыптагы Раббисинен коркушат. Жана алар Кыямат Күндөн титиреп турушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهَٰذَا ذِكْرٌ مُّبَارَكٌ أَنزَلْنَٰهُ أَفَأَنتُمْ لَهُۥ مُنكِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана бул (Куран) Биз түшүргөн Зикир жана Берекет. Силер аны четке кагасыңарбы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ ءَاتَيْنَآ إِبْرَٰهِيمَ رُشْدَهُۥ مِن قَبْلُ وَكُنَّا بِهِۦ عَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз буга чейин Ибрахимге туура жол бергенбиз. Жана аны(н абалын) Билүүчү болдук.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِذْ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوْمِهِۦ مَا هَٰذِهِ ٱلتَّمَاثِيلُ ٱلَّتِىٓ أَنتُمْ لَهَا عَٰكِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде ал атасына жана коомуна: «Силер табынып жаткан бул айкелдер(ден пайда) не?!» – деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ وَجَدْنَآ ءَابَآءَنَا لَهَا عَٰبِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ата-бабаларыбызды ошолорго сыйынган абалда тапканбыз» дешти алар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ لَقَدْ كُنتُمْ أَنتُمْ وَءَابَآؤُكُمْ فِى ضَلَٰلٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ибрахим) Айтты: «Силер да, ата-бабаңар да анык адашууда болгонсуңар!»[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ أَجِئْتَنَا بِٱلْحَقِّ أَمْ أَنتَ مِنَ ٱللَّٰعِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер) Айтышты: «Сен чын сүйлөп жатасыңбы же ойноп (тамаша) сүйлөп жатасыңбы?»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ بَل رَّبُّكُمْ رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ٱلَّذِى فَطَرَهُنَّ وَأَنَا۠ عَلَىٰ ذَٰلِكُم مِّنَ ٱلشَّٰهِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйтты: «Чынын айтам; Силердин Раббиңер асмандардын жана жердин Раббиси. Аларды жараткан. Буга мен өзүм күбөгө өтүүчүмүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَٱللَّهِ لَأَكِيدَنَّ أَصْنَٰمَكُم بَعْدَ أَن تُوَلُّوا۟ مُدْبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Аллахка ант ичип айтамын: «Мен силер (шаардан) кеткенде айкел-кудайыңардын амалын таап коёмун!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَجَعَلَهُمْ جُذَٰذًا إِلَّا كَبِيرًا لَّهُمْ لَعَلَّهُمْ إِلَيْهِ يَرْجِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан алардын эң чоңунан башка баарын талкалап чыкты, ошого кайтышсын деп. (Шаар эли майрамдан кайтып, ибадатканага киришип:)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ مَن فَعَلَ هَٰذَا بِـَٔالِهَتِنَآ إِنَّهُۥ لَمِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Биздин кудайларыбызга муну ким жасады?! Ал анык залымдардан экен!» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ سَمِعْنَا فَتًى يَذْكُرُهُمْ يُقَالُ لَهُۥٓ إِبْرَٰهِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кээ бирөөлөрү) айтышты: «Ибрахим деген жаш жигит кудайларыбызды (жамандык менен) тилге алып жүргөн».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ فَأْتُوا۟ بِهِۦ عَلَىٰٓ أَعْيُنِ ٱلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَشْهَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Чоңдору) Айтты: «Аны адамдардын көз алдына алып келгиле, (сазайын бергенибизди) көрүп коюшсун!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوٓا۟ ءَأَنتَ فَعَلْتَ هَٰذَا بِـَٔالِهَتِنَا يَٰٓإِبْرَٰهِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, Ибрахим! Биздин кудайларыбызга ушуну сен жасадыңбы?!» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ بَلْ فَعَلَهُۥ كَبِيرُهُمْ هَٰذَا فَسْـَٔلُوهُمْ إِن كَانُوا۟ يَنطِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Жок», – деди Ибрахим. Мына бул (балта кармап турган) чоңу жасады. Эгер сүйлөчү болсо сурап алгыла».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَرَجَعُوٓا۟ إِلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ فَقَالُوٓا۟ إِنَّكُمْ أَنتُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо алар (бир саамга) эстерине келе калып, (бири-бирине) «Чын эле силер өзүңөр залим экенсиңер» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ نُكِسُوا۟ عَلَىٰ رُءُوسِهِمْ لَقَدْ عَلِمْتَ مَا هَٰٓؤُلَآءِ يَنطِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин дагы баштары айланып, «Сен булардын сүйлөбөй тургандыгын билет болчусуң! (Бизди шылдың кылба)» – дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالَ أَفَتَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكُمْ شَيْـًٔا وَلَا يَضُرُّكُمْ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Аллахтан башка, өзүңөргө не зыян, не пайда келтире албаган кудайларга сыйынып жатасыңарбы? - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُفٍّ لَّكُمْ وَلِمَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерден дагы, Аллахтан башка сыйынган кудайыңардан дагы тажадым! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!» (деди Ибрахим). (Мушриктер Ибрахимдин далилдерине жооп бере албай, күч колдонууну каалашты жана):

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَالُوا۟ حَرِّقُوهُ وَٱنصُرُوٓا۟ ءَالِهَتَكُمْ إِن كُنتُمْ فَٰعِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Аны отко ыргыткыла! Кудайыңарга жардам бергиле! Эгер жасай алсаңар, ушундай жасагыла!» - дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْنَا يَٰنَارُ كُونِى بَرْدًا وَسَلَٰمًا عَلَىٰٓ إِبْرَٰهِيمَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз айттык: «Оо, от, Ибрахимге муздак жана саламаттык бол!».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَرَادُوا۟ بِهِۦ كَيْدًا فَجَعَلْنَٰهُمُ ٱلْأَخْسَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар муну менен (динге каршы) айлакерлик кылууну каалашты. Бирок, Биз аларды зыян тартуучу кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَجَّيْنَٰهُ وَلُوطًا إِلَى ٱلْأَرْضِ ٱلَّتِى بَٰرَكْنَا فِيهَا لِلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз аны (Ибрахим) менен Лут экөөсүн, ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге (Шам өлкөсүнө) куткарып (чыгарып) жибердик.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوَهَبْنَا لَهُۥٓ إِسْحَٰقَ وَيَعْقُوبَ نَافِلَةً وَكُلًّا جَعَلْنَا صَٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ага Исхакты жана (анын уулу) Якубду кошумча кылып бердик. Жана (Ибрахим, Исхак, Якубдун) баарын тең салих (жакшы) адамдардан кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلْنَٰهُمْ أَئِمَّةً يَهْدُونَ بِأَمْرِنَا وَأَوْحَيْنَآ إِلَيْهِمْ فِعْلَ ٱلْخَيْرَٰتِ وَإِقَامَ ٱلصَّلَوٰةِ وَإِيتَآءَ ٱلزَّكَوٰةِ وَكَانُوا۟ لَنَا عَٰبِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларды Өзүбүздүн гана ишибизге (динибизге) баштоочу имамдардан кылдык. Жана аларга жакшы иштерди жасоону, намаз окууну жана зекет берүүнү вахий кылдык. Алар Бизге (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылуучулардан болчу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلُوطًا ءَاتَيْنَٰهُ حُكْمًا وَعِلْمًا وَنَجَّيْنَٰهُ مِنَ ٱلْقَرْيَةِ ٱلَّتِى كَانَت تَّعْمَلُ ٱلْخَبَٰٓئِثَ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمَ سَوْءٍ فَٰسِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Лутка да өкүм (пайгамбарчылык) жана илим (шарият) бердик. Биз аны ыпластык (бачабаздык) иштерди жасаган шаардан чыгарып кеттик. Алар (шаар эли) жаман, бузук адамдар болгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَدْخَلْنَٰهُ فِى رَحْمَتِنَآ إِنَّهُۥ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аны Өз ырайымыбызга алдык. Чынында ал салих-жакшы адамдардан.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنُوحًا إِذْ نَادَىٰ مِن قَبْلُ فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ فَنَجَّيْنَٰهُ وَأَهْلَهُۥ مِنَ ٱلْكَرْبِ ٱلْعَظِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Нухту (эскер). Мурун ал (Бизге бийик добуш менен) дуба кылды эле, Биз аны кабыл алдык. Анан Биз аны менен үй-бүлөсүн улук кайгыдан (топон суудан) куткарып калдык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنَصَرْنَٰهُ مِنَ ٱلْقَوْمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَآ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ قَوْمَ سَوْءٍ فَأَغْرَقْنَٰهُمْ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ага аяттарыбызды «жалган» деген (каапыр) коомдон (алардын зыян келтирүүсүнөн) жардам бердик. Алар жаман адамдар болчу. Биз алардын бирин койбой (топон сууга) чөктүрдүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَدَاوُۥدَ وَسُلَيْمَٰنَ إِذْ يَحْكُمَانِ فِى ٱلْحَرْثِ إِذْ نَفَشَتْ فِيهِ غَنَمُ ٱلْقَوْمِ وَكُنَّا لِحُكْمِهِمْ شَٰهِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДауд менен Сулайманды (эстегин). Бир кезде ал экөөсү бир коомдун койлору (түндөсү каптап кирип) майкандап койгону жөнүндө өкүм кылышкан, Биз алардын өкүмүнө күбө болгонбуз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَفَهَّمْنَٰهَا سُلَيْمَٰنَ وَكُلًّا ءَاتَيْنَا حُكْمًا وَعِلْمًا وَسَخَّرْنَا مَعَ دَاوُۥدَ ٱلْجِبَالَ يُسَبِّحْنَ وَٱلطَّيْرَ وَكُنَّا فَٰعِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСулайманга бул чечимди түшүндүрдүк. Биз экөөнө тең (Дауд менен Сулайманга) өкүм жана илим бергенбиз. Даудга өзү менен кошо (Аллахка) тасбих айткан тоолорду жана куштарды моюн сундурдук.[1] (Ушуну) Биз жасадык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَعَلَّمْنَٰهُ صَنْعَةَ لَبُوسٍ لَّكُمْ لِتُحْصِنَكُم مِّنۢ بَأْسِكُمْ فَهَلْ أَنتُمْ شَٰكِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Даудга силерди сокку-зыяндан сактай турган (зоот) кийимдерди жасоону үйрөттүк. Эми шүгүр кылаарсыңар?![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلِسُلَيْمَٰنَ ٱلرِّيحَ عَاصِفَةً تَجْرِى بِأَمْرِهِۦٓ إِلَى ٱلْأَرْضِ ٱلَّتِى بَٰرَكْنَا فِيهَا وَكُنَّا بِكُلِّ شَىْءٍ عَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Сулайманга учкул шамалдарды моюн сундурдук. Алар анын буйругу менен, Биз берекеттүү кылган жерде[1] желип турат. Биз ар бир нерсени Билүүчүбүз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنَ ٱلشَّيَٰطِينِ مَن يَغُوصُونَ لَهُۥ وَيَعْمَلُونَ عَمَلًا دُونَ ذَٰلِكَ وَكُنَّا لَهُمْ حَٰفِظِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ал (Сулайман) үчүн суунун астында сүзүүчү жана мындан башка (инсан жасай албай турган) иштерди жасап бере турган жин-шайтандарды (моюн сундурдук). Аларды Биз Өзүбүз көзөмөлдөөчүбүз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَيُّوبَ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥٓ أَنِّى مَسَّنِىَ ٱلضُّرُّ وَأَنتَ أَرْحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Аюбду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян каптады! Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусусуң!» – деп, кайрылып дуба кылды.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ فَكَشَفْنَا مَا بِهِۦ مِن ضُرٍّ وَءَاتَيْنَٰهُ أَهْلَهُۥ وَمِثْلَهُم مَّعَهُمْ رَحْمَةً مِّنْ عِندِنَا وَذِكْرَىٰ لِلْعَٰبِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат иретинде жана (сабырдуу) ибадат кылуучуларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِسْمَٰعِيلَ وَإِدْرِيسَ وَذَا ٱلْكِفْلِ كُلٌّ مِّنَ ٱلصَّٰبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (оо, Мухаммад), Исмаил, Идрис, Зулкифлдерди да эстегин. Алардын баардыгы сабырдуулардан болгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَدْخَلْنَٰهُمْ فِى رَحْمَتِنَآ إِنَّهُم مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларды Өз ырайымыбызга алдык. Бардыгы салих-жакшы пенделерден.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَذَا ٱلنُّونِ إِذ ذَّهَبَ مُغَٰضِبًا فَظَنَّ أَن لَّن نَّقْدِرَ عَلَيْهِ فَنَادَىٰ فِى ٱلظُّلُمَٰتِ أَن لَّآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنتَ سُبْحَٰنَكَ إِنِّى كُنتُ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЗуннунду да эстегин.[1] Бир кезде ал ачууланып (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон.[2] Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка сыйынылуучу Зат жок. (Оо, Раббим!) Сен Аруу-Таза Кудайсың! Мен залимдерден болуп калдым!» – деп жалбарды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ وَنَجَّيْنَٰهُ مِنَ ٱلْغَمِّ وَكَذَٰلِكَ نُـۨجِى ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз ыймандуу адамдарды мына ушинтип куткарабыз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَزَكَرِيَّآ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥ رَبِّ لَا تَذَرْنِى فَرْدًا وَأَنتَ خَيْرُ ٱلْوَٰرِثِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Закарияны эсте: Ал Раббисине: «Оо, Раббим! Мени жалгыз (туяксыз) калтырба! Өзүң мурас алуучулардын (бардыгынын артында калуучулардын) эң жакшысысың!» деп дуба кылганда,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ وَوَهَبْنَا لَهُۥ يَحْيَىٰ وَأَصْلَحْنَا لَهُۥ زَوْجَهُۥٓ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ يُسَٰرِعُونَ فِى ٱلْخَيْرَٰتِ وَيَدْعُونَنَا رَغَبًا وَرَهَبًا وَكَانُوا۟ لَنَا خَٰشِعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз анын дубасын кабыл алып, ага Яхьяны белек кылганбыз жана төрөбөс аялын да айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّتِىٓ أَحْصَنَتْ فَرْجَهَا فَنَفَخْنَا فِيهَا مِن رُّوحِنَا وَجَعَلْنَٰهَا وَٱبْنَهَآ ءَايَةً لِّلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана абийирин сактаган кызды (Мариямды) да эстегин. Кийин Биз ага Өз Рухубуздан үйлөдүк. Аны жана анын уулун ааламдар үчүн (Өз Кудуретибизден) белги кылдык.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ هَٰذِهِۦٓ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَٰحِدَةً وَأَنَا۠ رَبُّكُمْ فَٱعْبُدُونِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, адамдар!) Силердин бул үммөтүңөр (диниңер) бир үммөт[1] жана Мен силердин Раббиңер боломун. Демек, Мага гана ибадат кылгыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَقَطَّعُوٓا۟ أَمْرَهُم بَيْنَهُمْ كُلٌّ إِلَيْنَا رَٰجِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирок, (кийин) адамдар иштерин (дин-ишенимдерин) бөлүп салды. (Кантсе да) Бардыгы Өзүбүзгө кайтышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَن يَعْمَلْ مِنَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَا كُفْرَانَ لِسَعْيِهِۦ وَإِنَّا لَهُۥ كَٰتِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим ыймандуу абалында жакшы (сооп) амалдарды жасаса, анын аракети текке кетпейт. Биз анын пайдасына жазып коюуучубуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَحَرَٰمٌ عَلَىٰ قَرْيَةٍ أَهْلَكْنَٰهَآ أَنَّهُمْ لَا يَرْجِعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (күнөөлөрү себептүү) кыргын салган шаарларга (кайра бул дүйнөгө келип жашоо) арам. Алар эч качан кайтышпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

حَتَّىٰٓ إِذَا فُتِحَتْ يَأْجُوجُ وَمَأْجُوجُ وَهُم مِّن كُلِّ حَدَبٍ يَنسِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТээ качан гана Яжуж-Маьжуж (тосмосу) ачылганда, алар (Яжуж-Маьжуж эли) ар кайсы дөбөдөн агылган бойдон келишет.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱقْتَرَبَ ٱلْوَعْدُ ٱلْحَقُّ فَإِذَا هِىَ شَٰخِصَةٌ أَبْصَٰرُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ يَٰوَيْلَنَا قَدْ كُنَّا فِى غَفْلَةٍ مِّنْ هَٰذَا بَلْ كُنَّا ظَٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАкыйкат убада (Кыямат) жакындап калды. Ал келгенде каапырлар көздөрү чанагынан чыгып: «Өлдүк эми! Биз бул нерседен бейкапар болчубуз! Жок, (бейкапар гана эмес) залымдардан (ишенбегендерден) болчубуз!» дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّكُمْ وَمَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ حَصَبُ جَهَنَّمَ أَنتُمْ لَهَا وَٰرِدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Каапырлар!) Силер жана силер сыйынган Аллахтан башка «кудайыңар» тозокко отун болосуңар! Силер (сөзсүз) ага киресиңер!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَوْ كَانَ هَٰٓؤُلَآءِ ءَالِهَةً مَّا وَرَدُوهَا وَكُلٌّ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар (чыныгы) кудайлар болсо, тозокко келбейт болчу. Эми алардын (жалган кудайлардын) баары тозокто түбөлүк калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَهُمْ فِيهَا زَفِيرٌ وَهُمْ فِيهَا لَا يَسْمَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнда (тозокто) алар (азаптан) онтоп, кыйкырышат. Анда алар (өз кыйкырыгынан бөлөк) эч нерсе угушпайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ سَبَقَتْ لَهُم مِّنَّا ٱلْحُسْنَىٰٓ أُو۟لَٰٓئِكَ عَنْهَا مُبْعَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар үчүн мурдатан Биз тараптан (Тагдыр Китебине) жакшылык жазылган адамдар[1] тозоктон алыста болушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يَسْمَعُونَ حَسِيسَهَا وَهُمْ فِى مَا ٱشْتَهَتْ أَنفُسُهُمْ خَٰلِدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (жана бейиштеги алардан башка адамдар) тозоктун шыбырын да угушпайт. Жана алар көңүлдөрү күсөгөн жыргалчылыктардын ичинде түбөлүк калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يَحْزُنُهُمُ ٱلْفَزَعُ ٱلْأَكْبَرُ وَتَتَلَقَّىٰهُمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ هَٰذَا يَوْمُكُمُ ٱلَّذِى كُنتُمْ تُوعَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларды улуу коркунуч кайгыга салбайт. Периштелер утурлап (тосуп) чыгып: «Бул силерге убада кылынган күнүңөр» (дешет).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ نَطْوِى ٱلسَّمَآءَ كَطَىِّ ٱلسِّجِلِّ لِلْكُتُبِ كَمَا بَدَأْنَآ أَوَّلَ خَلْقٍ نُّعِيدُهُۥ وَعْدًا عَلَيْنَآ إِنَّا كُنَّا فَٰعِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ошол күнү Биз асманды кат жазылган китепти жапкан сыяктуу жаап койобуз. (Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ كَتَبْنَا فِى ٱلزَّبُورِ مِنۢ بَعْدِ ٱلذِّكْرِ أَنَّ ٱلْأَرْضَ يَرِثُهَا عِبَادِىَ ٱلصَّٰلِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Зикирден (Лавхул Махфуздан) кийин Забур китебинде да «Жерди[1] Менин салих (ыймандуу) пенделерим мурас кылып алышат» деп жазып койгонбуз:

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ فِى هَٰذَا لَبَلَٰغًا لِّقَوْمٍ عَٰبِدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, мында (Куранда) ибадат кылган адамдар үчүн жеткиликтүү насаат бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَرْسَلْنَٰكَ إِلَّا رَحْمَةً لِّلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым (болушуң) үчүн жибердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنَّمَا يُوحَىٰٓ إِلَىَّ أَنَّمَآ إِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَٰحِدٌ فَهَلْ أَنتُم مُّسْلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Мага (Аллах тарабынан): «Силердин илах-кудайыңар жалгыз Илах. Силер (ошол илахка) моюн сунасыңарбы?!» (деп айтуу) вахий кылынды».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِن تَوَلَّوْا۟ فَقُلْ ءَاذَنتُكُمْ عَلَىٰ سَوَآءٍ وَإِنْ أَدْرِىٓ أَقَرِيبٌ أَم بَعِيدٌ مَّا تُوعَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер баш тартышса, айт: «Мен силерге тегиз угуздум. Бирок, мен силерге убада кылынган нерсе (кыямат азабы) алыс же жакын экенин билбеймин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّهُۥ يَعْلَمُ ٱلْجَهْرَ مِنَ ٱلْقَوْلِ وَيَعْلَمُ مَا تَكْتُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте Ал (Аллах) сөздөрдөн жарыя айтылгандарын да, ичиңерге жашырганыңарды да билет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِنْ أَدْرِى لَعَلَّهُۥ فِتْنَةٌ لَّكُمْ وَمَتَٰعٌ إِلَىٰ حِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, Мушриктер! Силерге азап-жаза келбей турушу) балким силер үчүн сыноодур же убактысы келгенге чейин (кенен берилген) пайдалануудур, мен муну билбеймин».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَٰلَ رَبِّ ٱحْكُم بِٱلْحَقِّ وَرَبُّنَا ٱلرَّحْمَٰنُ ٱلْمُسْتَعَانُ عَلَىٰ مَا تَصِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, Раббим Өзүң акыйкат менен өкүм кыл! (Эй, мушриктер!) Биздин Раббибиз, силер сыпаттаган (ширк) нерселерден коргоо сурала турган Чексиз Ырайымдуу Зат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70