Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны көргөн күнүңөрдө ар бир эмизүүчү өз баласын унутуп калат, ар бир кош бойлуу жаныбар боюндагысын түшүрүп салат. Сен (ал күндө) адамдарды нес-мас абалында көрөсүң. Чынында, алар мас эмес. Бирок, Аллахтын азабы катуу![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдардын арасындагы кээ бирөөлөрү илими жок болсо да Аллах жөнүндө талаша берет жана ар кайсы бейбаш шайтанга ээрчип кете берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга (шайтандын тагдырына): «Ким ушуну дос тутса (ээрчисе) аны адаштырып, тозок азабына баштап барат» – деп жазылып коюлган.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, адамдар! Эгер кайра тирилүүдөн шектенүүдө болсоңор, (өзүңөрдүн абалкы жаратылганыңарды ойлогула): Биз силерди(н атаңар Адамды эң оболу) топурактан жараттык. Андан соң тамчы «суудан», андан соң коюу кандан, андан соң бүткөн-бүтпөгөн бир тиштем эттен (жараттык). Силерге (акырындык менен толуктука жете турган жаратылууңарды) баян кылып берүү үчүн. Жана (андан соң) Өзүбүз каалаган түйүлдүктү белгиленген (төрөлүүчү) мөөнөткө чейин жатындарга жайгаштырабыз. Кийин силерди ымыркай-бөбөк абалда (жатындардан жарык дүйнөгө) чыгарабыз. Кийин эрезеге жеткениңерге чейин (тарбиялайбыз). Силерден кимдир бирөөлөр (балалык чагында же жаштыгында эле) өлүп калат. Дагы башка бирөөлөр билгенден соң билбей турган болуп калышы үчүн эң төмөн өмүргө (карылык жашына) жеткирилет. Сен жерди какшыган (эч нерсе өстүрбөгөн өлүк) абалда көрөсүң. Анан Биз ага (асмандан) суу түшүрөөр замат бир сезгенип алып, көөп чыгат жана ар түрдүү сулуу-көркөм өсүмдүктөрдү өстүрө баштайт».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдардын арасындагы бирөөлөр, Аллах жөнүндө («Ал тирилте албайт» деп) талаша берет. Же илими жок, же туура жолго баштоочусу (акылы) жок, же болбосо (колунда) Нурдуу Китеби жок!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМоюн толгогон (текеберленген, кежирленген) абалда (талашышат, адамдарды) Аллахтын жолунан адаштырып жиберүү үчүн. Ал адамга дүйнөдө шерменделик бар. Кыяматта болсо, ага күйдүрүүчү азапты таттырабыз!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдардын арасынан дагы бирөөлөр Аллахка бир беткейлик менен (же адат үчүн же мансап үчүн, же мусулмандардан коркуп) ибадат кылат. Эгер ага (ибадаты себептүү) бир жакшылык жетсе, аны менен көңүлү жайдары болуп калат. Ал эми бир (оор) сыноо жетсе (динден) жүз буруп кетет. (Мындай адамдар) дүйнө-акыретте зыян тартып калышат. Бул чынында анык зыян тартуу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллахка ыклас менен ыйман келтирбеген адам) Аллахтан башка пайда да, зыян да бере албай турган «кудайларга» дуба кылышат. Бул абдан катуу адашуу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар пайдадан (алыс) зыянга жакын «кудайларга» дуба кылышат.[1] (Ал «кудайлар») Кандай жаман башчы, кандай жаман дос!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өзүнө (ыклас менен) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган ыймандууларды албетте, түбүнөн дарыялар аккан бейиш бактарына киргизет. Чынында, Аллах каалаган нерсесин жасайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКимде-ким Аллах ага (пайгамбарына) дүйнө-акыретте жардам бере албайт деп ойлосо, бир себеп менен асманга көтөрүлсүн дагы кийин, (Аллахтын жардамын) кесип таштасын (эгер колунан келсе).[1] Анан карасын: өзүнүн бул айла-амалдары анын көралбастыгын кетире алар бекен.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аны (Куранды) мына ушинтип анык аяттар түрүндө түшүрдүк. Аллах (аны менен) Өзү каалаган адамдарды туура жолго баштайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Аллах Кыямат Күнү ыйман келтиргендер менен яхудилердин, сабиилердин,[1] христиандардын, отпарастардын жана мушриктердин арасында (кимиси акыйкатты кармаганын) ажырым кылат. Аллах ар бир нерсеге Күбө.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Карачы, Аллахка жер-асмандагылардын бары: Күн, Ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана көп адамдар сажда кылышууда. Дагы көпчүлүктөрүнө болсо азап аларга татыктуу (адилет жаза) болду. Аллах кимди кор кылып койсо, аны эч ким урматтуу кыла албайт. Аллах каалаган нерсесин жасайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМына бул эки каршылаш тарап (каапырлар менен ыймандуулар) Раббилери жөнүндө талашып-тартышып калышты.[1] Эми каапыр болгондор үчүн (Кыяматта) жалындаган оттон кийим даярдалып, баштарынан кайнаган суу куюлат![2] (Бул суунун ысыктык даражасы ушунчалык:)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ыйман келтирип, жакшы амал жасаган адамдарды Аллах (таала) түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Алар ал жерде алтын билериктер жана берметтер менен жасанышат жана ал жердеги кийимдери жибектен болот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мунун себеби) алар (дүйнө жашоосунда) сөздүн эң таттуусуна («Лаа-илааха-иллал-лах» келмесине) жана мактоого арзыгандын (Аллахтын) жолуна багытталган эле.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр болгондорго, Аллахтын жолунан жана Аль-Харам мечитинен (ыймандууларды) тоскондорго – Биз ал мечитти бардык адамдарга: жергиликтүүсүнө да, четтен келгенине да тең кылып койгон элек – жана ким анын ичинде акыйкаттан бурулуп, зулумдук (күнөө) кылууну кааласа, ага Биз жан ооруткан азапты таттырабыз.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегин, Биз (бир кезде) Ибрахимге (Ыйык) Үйдүн ордун даярдап-белгилеп берип, (баласы Исмаил экөө аны тургузуп бүткөндө, мындай деген элек): «Мага (ибадатта) эч нерсени шерик кылбайсың. Менин Үйүмдү тооп кылуучулар (намазда) туруучулар, ийилип рукуу кылуучулар жана сажда кылуучулар үчүн таза кылгының.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдарды ажы кылууга чакыр! Сага алар жөө басып, тапталган[1] улоолор менен келишсин. Алар сага ар кайсы алыс өлкөлөрдөн келишсин!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана) Өздөрүнө (ажыдан тийе турган диний-дүйнөлүк) пайдаларга күбө болушсун. Анан белгилүү күндөрдө (Аллах) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (курмандыкка чалуунун) үстүндө Аллахтын ысымын эскеришсин. Анан андан (курмандыктын этинен) өзүңөр да жегиле, кедей-бечараларды да тамактандыргыла.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан кийин алар (ажылар) кирлерин кетиришсин.[1] Жана (ажы, умра, курмандыктан турган) назирлерин (өздөрүнө милдет кылып алган ажы ибадаттарын) толук аткарып, Эски Үйдү (Каабаны) таваф[2] кылышсын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшулар (силерге баяндап берген шарият өкүмдөрүнүн кээ бирөөлөрү) Ким Аллахтын шарият-өкүмүн урматтаса (аткарса) – бул иши Раббисинин алдында өзүнө жакшы. Жана силерге (Куранда) окуп (санап) бериле тургандардан башка бардык төрт буттуу айбандар адал кылынды. Эми айкел-буттардан турган ыпластыктан жана жалган сөздөн алыс болгула!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка шерик келтирбей, ханиф (жеке Аллахка сыйына турган) абалда (ибадат кылгыла). Ким Аллахка шерик келтирген болсо, ал асмандан кулап түшкөн[1] жана аны (жырткыч) куш тытып же болбосо шамал алыстарга учуруп кеткен сыяктуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшундай. Ал эми, ким Аллахтын белгилерин[1] (курмандык үчүн белек иретинде алынган айбандарды) аздектесе – бул жүрөктөрдүн такыбаалуулугунан.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер үчүн аларда (белек-айбандарда) белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу бар.[1] Кийин аларды (союу) адал болгон жай – Эски Үйдүн (Каабанын)[2] айланасы.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (мурдагы) бардык үммөттөргө, (Аллах) ырыскы кылып берген чарба айбандарын (мууздоонун) үстүндө Аллахтын ысымын айтуулары үчүн курмандык чалууга буюрганбыз. Демек, кудайыңар бир гана илах (Аллах). Эми, (Анын Өзүнө гана) моюн сунгула. (Оо, Мухаммад), сен (Аллахка) берилгендерге (бейишти) сүйүнчүлө!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар ( Аллахка берилген мусулмандар) качан Аллахтын ысымы эскерилгенде (урмат жана коркуунун күчтүүлүгүнөн) жүрөктөрү титирейт. (Алар) Өздөрүнө жеткен нерселерге сабыр кылуучулар, намазды толук окуучулар жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден жакшы жолдорго сарпташкан адамдар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ажы мезгилинде союла турган төө, уй сыяктуу) чоң денелүү чарба айбандарын да силер үчүн Аллахтын белгилеринен кылдык. Анда силер үчүн жакшылык бар. Анан ал жандыкка тик турган абалында эле (бутуна тушоо салып коюп) Аллахтын ысымын айта бергиле.[1] Эми, качан жамбашы менен кулаганда (жиликтеп) андан өзүңөр да жегиле, сураган-сурабаган кедейлерге да жедиргиле. Биз силерге аны (чоң келбеттүү жаныбарды) мына ушинтип моюн сундуруп бердик. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка анын (курмандыгыңардын) эти да, каны да жетпейт. Бирок, силерден болгон такыбалык жетет. Силерди хидаятка баштаганы үчүн Аллахты улуктап («Бисмилаахи Аллаху Акбар» деп) такбир айтууңар үчүн Ал силерге ошол чоң жандыктарды моюн сундуруп берди. Жакшылык кылуучуларга (бейиштен) куш кабар бер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар тарабынан) чабуулга туш болгон (ыймандуу) адамдарга, зулумдук көргөндөрү себептүү (душмандарына каршы согушууга) уруксат берилди. Албетте, Аллах аларга жардам берүүгө кудуреттүү![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (мусулмандар) өз мекендеринен акыйкатсыздык менен, бир гана «Раббим – Аллах» деген сөздөрү үчүн гана (куулуп) чыгарылган эле. Эгер Аллахтын кээ бир (залим) адамдарды башка бирөөлөрү(нүн күчү) менен тыйып туруусу болбогондо, ибадатканалар, чиркөөлөр, синагогалар жана анда Аллахтын ысымы көп эскериле турган мечиттер талкаланып кетмек.[1] Өзүнө (динине) жардам бергендерге Аллах да жардам (жеңиш) берет. Албетте, Аллах Кубаттуу, Кудуреттүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад) эгер (каапырлар) сени «жалганчы» деген болсо, (ызааланба). Алардан мурда Нух коому, Аад менен Самуд (элдери да пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМадиян (шаарынын) ээлери дагы (пайгамбарларына «жалганчы» деп доомат кылышкан) Мусаны деле жалганчыга чыгарышкан. Анан Мен каапырларга (бир аз) мөөнөт бердим. (Эми «бизге ажал келбейт экен» деп бейкапар болушканда) Аларды (азап менен) кармадым. Эми, Менин азаптоом кандай болгон(ун бир көрсөң эле!)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) жер жүзүн кыдырып көрүшпөйбү?! Ошондо аларга сергек жүрөктөр же болбосо, угар кулактар болмок эле! Чынында, көздөр сокур эмес, көкүрөктөгү жүрөктөр сокур болду.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы нечендеген шаарларды(н элдерин) алар залым болсо да, мөөнөтүн узартып койдум. Кийин (көп жашап, көп күнөө кылып, көбүрөөк азапка ылайык болгондо) гана кыйраттым. Кайтып келүү – Өзүмө!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылган адамдар үчүн (Аллах тарабынан) кечирим жана улук ырыскы (бейиш) бар!».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин аяттарыбызды(н айланасында ар түрдүү сөз козутуп) алардын күч-таасирин азайтууга (бири-биринен озуп) алектенип жаткандар, дал ошолор тозок ээлери!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенден мурда бир элчи же пайгамбар жиберген болсок, ал качан гана (китептен бир аят) окучу болсо, анын кыраатына шайтан (китепте жок сөздөрдү) кошкон(го аракеттенген). Анан Аллах шайтан кошкон нерселерди өчүрүп, Өз аяттарын бекемдеген. Аллах Билүүчү, Даанышман.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovШайтан кошкон нерселер(ди Аллах) жүрөгүндө илдет-ооруусу бар (мунафык) адамдар менен жүрөгү катып калган (мушрик) адамдарды сыноо үчүн жасайт. Албетте, залым (каапыр) адамдар (акыйкаттан алыс болгон) түгөнгүс талаш-тартышта калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИлимдүү адамдар, анын (Курандын) Раббиңден келген (өзгөргүс) Акыйкат экенин билиши жана жүрөктөрү ага муюп, ыйман келтириши үчүн (Аллах ушул сыноону жасады) Аллах ыйман келтирген адамдарды туура жолго баштоочу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар, өздөрүнө Саат (Кыямат) капыстан келип калганга чейин же Кыямат күндүн азабы келгенге чейин Курандан шектене беришет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл Күнү (бардык) мүлк Аллахтын колунда. Ал алардын арасында өкүм кылат. Анан, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар жыргалчылык бейиштеринде болушат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын жолунда (үй-мүлкүн, аялдарын, бала-чакасын, мекенин таштап) хижрат кылган, кийин (Аллах жолундагы согуштарда) өлтүрүлгөн же өлгөн адамдарга Аллах эң сонун ырыскыларды берет.[1] Албетте, Аллах эң мыкты ырыскы берүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад! Сага баян кылып берген бейишке кире турган мухажирлердин абалы) ушундай. Жана да, кимде-ким (бирөөгө) өзүнө зыян жеткирилгендей зыян жеткирсе, кийин ага (ошол бирөө тарабынан) зулумдук кылынчу болсо, Аллах ага жардам берет. Чынында Аллах өтө Кечиримдүү, Айкөл.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнткени, Аллах – Акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган. Чынында Аллах эң Бийик, эң Улук!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрбөйсүңбү, Аллах асмандан суу түшүргөндө, жер жап-жашыл болуп калганын? Чынында, Аллах өтө Мээримдүү, (бардык нерседен) Кабардар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандардагы жана Жердегилердин бардыгы Анын мүлкү. Аллах бир Өзү гана Беймуктаж, (жана ысым-сыпаттары менен) Макталган.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрбөйсүңбү, (оо, Мухаммад), Аллах силер үчүн жердеги нерселерди жана деңизде Өз буйругу менен жүрө турган кемени моюн сундуруп койду. Ал асманды (андагы жылдыздарды) жерге кулап кетүүсүнөн кармап турат. Өзүнүн уруксаты болгондо гана (алар жерге кулап түшүшү мүмкүн). Аллах адамдарга өтө Ырайымдуу, Боорукер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силерге өмүр-жашоо берип, кийин өлтүргөн, анан (Акыретте) дагы тирилте турган Кудай. Аныгында инсан жеткен шүкүрсүз!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (өткөндөгү) ар бир үммөткө дин ибадаттарын парыз кылганбыз. Алар аны аткарышкан. (Оо, Мухаммад, мушриктерге айткын) өкүмдө сен менен талашышпасын![1] Жана Раббиңе дуба кыл. Сен эч шексиз, туура жол үстүндөсүң.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.[1] Бул Аллахка жеңил.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер) Аллахтан башка, Аллах (анын кудай экенине) далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү да эч нерсе билбеген нерселерге ибадат кылышат. Залимдерге (Аллах тарабынан) жардамчы жок![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга Биздин анык, далилдүү аяттарыбыз окулчу болсо, каапырлардын жүздөрүнөн четке кагууну байкайсың. Өздөрүнө Биздин аяттарыбызды окуп берген адамды мычкып (муунтуп) таштагыдай болушат. Сен аларга айт: «Мен силерге мындан да жаманыраак нерсени айтайынбы? Ал – тозок! Аллах аны каапыр болгондорго убада кылган. Ал не деген жаман орун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭй, (мушрик) адамдар! (Мындай) салыштыруу келтирилди, угуп койгула: Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан «кудайлар» бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер ага (аны жаратууга) чогулушса да. Жана эгер чымын алардан бир нерсени тартып (жеп) алса, аны андан куткара алышпайт. (Ошентип, кайтарып алууга камынган) кудайлар да алсыз, тартып алган чымын да алсыз. (Чымындан да алсыз кудайларга кантип сыйынасыңар?!)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла. (Себеби) Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерди оор, кыйынчылыктуу кылган жок.[1] (Силерге буюрулган дин) атаңар Ибрахимдин дини. Ал (Аллах) силерди мындан мурда (түшкөн китептерде) жана мында (Куранда) да «мусулмандар» деп атады, пайгамбар силерге күбө болушу үчүн, силер (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн.[2] Эми, намазды толук окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар - Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла! Ал не деген жакшы Кожоюн жана кандай жакшы Жардамчы!