Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлиф, Лам, Раа.[1] Булар - Китеп аяттары. Жана (оо, Мухаммад), сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсе (Куран) Акыйкат. Бирок, (буга) көпчүлүк адамдар ишенишпейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силер көрүп турган асмандарды тирөөчсүз көтөрдү. Андан кийин Арштан бийик болду.[1] Жана Күн менен Айды (пенделердин пайдаларына) моюн сундурду. Алардын ар бири (Кудуреттүү Кудайдын башкаруусу менен) белгиленген убакытка (Кыяматка) чейин (мейкиидикте сүзүп) жүрө берет. (Аллах) иштерди башкарат. Раббиңерге жолугууну анык-айкын билип алууңар үчүн аят-далилдерди анык, толук көргөзүп берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Ал жерди(н бетин) жайык кылып ага тоолорду, дарыяларды жаратты. Жер бетине ар түрдүү мөмөлөрдөн эки түгөй жаратты.[1] (Жана) Ал күндүздү түн менен ороп койот. Албетте, ушуларда пикирин иштеткен адамдар үчүн (Аллахтын даанышмандыгына жана кудуретинде) далилдер бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана жер бетинде бири-бирине жакын айдоо жерлер, жүзүм бактар, эгиндер жана бутактуу-бутаксыз курмалар бар. (Алар) бир (топуракта өсүп, бир түрдүү) суу менен сугарылат. Жегенде Биз алардын кээ бирин башкаларынан артыгыраак кылып койобуз. Чынында, бул нерселерде акылын иштеткен адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (ушунча далилдерден кийин деле ыйман келтирбегендердин жоругун) «таң калычтуу» десең, ыймансыздардын «биз топурак болуп калгандан кийин кайрадан жаратылабызбы» деген сөздөрү (андан бетер) таң калычтуу. Алар Раббилерине каапыр болгон адамдар! Алардын мойнунда (ыйманына тоскоол болгон, дүйнө) кишендер(и) бар. (Ошондуктан,) алар тозок ээлери жана анда түбөлүк калышат!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар сени жакшылыктан мурун жамандыкка (азапка) шаштырышат.[1] Аларга чейин деле (ушундай) окуялар өткөн. Албетте, сенин Раббиң адамдар өз зулумдук-каапырчылыктарынын үстүндө болсо да, алар үчүн кечирим Ээси. Чынында, Раббиңдин азабы катуу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) «Ага (Мухаммадга) бир (сезилген-көрүнгөн) моожиза келсе...» дешет. Чынында сен (тозоктон) эскертүүчүсүң. Жана ар бир коомдун туура жолго баштоочусу бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах ар бир ургаачынын боюна көтөргөнүн жана жатындар (мөөнөтүнө жеткирбей, өлүк же тирүү абалда) «таштап койгон» жана мөөнөтүнөн өткөрүп төрөгөн нерселерди (да) билет. Ар бир нерсе Анын алдында эсептелүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин араңардан сөздү сыр туткан менен ашкере сүйлөгөн, түндөсү жашынып жаткан менен күндүзү ашкере жүргөн адам (Аллахтын алдында) бирдей (белгилүү).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (адам) үчүн алдынан, аркасынан күзөтүүчүлөр (периштелер) бар. Алар Аллахтын буйругу менен аны коргоп-сактап жүрүшөт. Чынында, Аллах эч бир коомду(н жашоосун) качан алар өздөрүндөгү нерсени (ишенимди) өзгөртмөйүнчө өзгөрпөйт. Эгер Аллах бир коомго жамандыкты кааласа, аны эч ким кайтара албайт. Адамдар үчүн Аллахтан башка Өкүмдар жок.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) Силерге чагылганды (анын зыян келтирүүсүнөн) корккон жана (пайдасынан) үмүт кылган абалыңарда көргөзөт жана (жамгыры менен) оор болгон булуттарды жаратат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга күркүрөк дагы тасбих (мактоо) айтат жана периштелер да Ага корккондору себептүү тасбих айтышат. Ал (сыгылган булуттардын арасынан) чагылган жиберип, Аллах жөнүндө талашып турган кезинде аны менен Өзү каалаган адамдарды урат. Ал - Кудурети күчтүү Зат!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧыныгы дуба (ибадаттар) Өзүнө гана ылайык! Дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлары» аларды(н дубаларын) укпайт. Алар оозуна жетиши үчүн сууга алакан созуп, бирок суу ага жетпей турган кишиге окшойт.[1] Каапырлардын дубасы (ар дайым) адашуучулукта!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандарда жана, жерде болгондун бардыгы кааласа да, каалабаса да Аллахка сажда кылышат.[1] Эрте менен жана кечинде Аллахка алардын (бардык нерсенин) көлөкөлөрү да (ийилип) сажда кылышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «Асмандар жана жердин Раббиси (жаратуучусу) ким?» Айткын: «Аллах!» Айт: «Өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган Аллахтан башкаларды дос-башчы тутуп алдыңарбы?» Айт: «Сокур менен көрүүчү, караңгылык менен нур тең боло алабы?» Же болбосо алар Аллахка (башка «кудайларды») шерик кылышып, (булар деле) Аллах жараткандай жарата алат» (деп ойлоштубу?) Анан (өз сөздөрүнө өздөрү ишене албай) жаратылыш аларга күмөндүү болуп калдыбы?» Айт: «Бардык нерселердин жаратуучусу Аллах! Ал Жалгыз, бардыгын Жеңүчүү!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) асмандан суу түшүрдү. Жылгаларда көлөмүнө карап суулар акты. Сел үстүнө калдайган (бирок, ичи көндөй) көбүктөрдү көтөрдү. (Адамдар) зыйнат-буюм жасоо үчүн от жагып эрите турган нерселерден да ошондой көбүк чыгат.[1] Аллах Акыйкат менен адашууга мына ушинтип мисал келтирет. Көбүк кургап-кургап жок болот. Адамдарга пайдалуу (асыл) нерселер болсо жер бетинде калат. Аллах мына ушинтип мисал келтирет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дин-ыйманды кабыл алып) Раббисине жооп берген адамдар үчүн (эки дүйнөдө) жакшылык бар. Ал эми, Ага жооп бербегендер эгер жер бетиндеги байлыктын эки эсесин өзү(нүн күнөөлөрү) үчүн тапшырса да (кабыл алынбайт)! Алар үчүн эң жаман эсептешүү бар! Алардын орду - тозок! Кандай жаман орун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сага Раббиңден келген нерсенин акыйкат экенин билген адам (аны түшүнбөгөн) сокур кишилерге окшойбу?! Чынында (Аллахты) акылдуу кишилер гана эскеришет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар (акылын иштеткендер) Аллах улаганга буюрган мамилелерди улашат жана (эгер улабай койсо) Раббисинен жана жаман эсепке туш болуп калуудан коркушат.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана алар Раббисинин Жүзү(н Кыяматта көрүү) үчүн (диндеги машакаттарга) сабыр кылышат жана, намаз(дарын толук) окушат, Биз ырыскы кылып берген нерселерден билдирип же билдирбей - садака кылышат жана жамандыкка жакшылык менен жооп кайтарышат. Ошолор үчүн Акыретте даңазалуу акыбет-натыйжа.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Адн» бейиштери бар. Бейиштерге алар аталары, жуп-түгөйлөгү жана урпактарынан турган салих-жакшы адамдар менен бирге киришет. (Анан) аларга ар кайсы эшиктерден периштелер кирип:
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, (Аллах менен) убадалашкандан кийин Аллахтын убадаларына кыянат кылгандар, Аллах буюруган тууганчылык байланышты үзгөндөр жана жер бетинде бузукулук кылгандарга каргыш болсун! Жана аларга жаман орун - (тозок) болсун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өзү каалаган пендесине ырыскыны кенен, (каалаганына) тар кылып койот. Ал эми, (каапырлар, Аллах кенен ырыскы берип койсо) дүйнө жашоосу менеи сүйүнүп (Акыретти ойлобой) жүрө беришет. Дүйнө жашоосу Акыреттин алдында (арзыбаган) пайдадан башка эмес!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар: «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көрүнгөн, билинген) керемет келсе (ыйман келтирмекпиз)!» дешет. Сен айткын: «Аллах каалаган пендесин адаштырып, Өзүнө умтулган адамдарды Өзүнө багыттап койот.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жүрөктөрү менен) ыйман келтирип, (дене мүчөлөрү менен) жакшы амал кылган адамдарга «Тууба»[1] жана сулуу-сонун орундар бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМына ошентип, (оо, Мухаммад) Биз сени мурунку үммөттөрдүн артынан келген (акыркы) үммөткө, Рахманга (Аллахка) каапыр болуп турган кездеринде, аларга Биз аян кылган нерсени (Куранды) окуп берүүң үчүн пайгамбар кылын жибердик. Айткын: «Ал менин Раббим! Эч бир ибадатка татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү бар! Мен (бардык иштеримде) Анын Өзүнө жөлөнүп, (бардык муктаждыктарымда) Өзүнө гана кайрыламын!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер ушул (Куран) себептүү тоолор ордунан жылдырылып, жер талкаланып, өлүктөр сүйлөтүп жиберилсе да (болмок. Бирок, Аллах таала пайгамбарын колдоо үчүн мындай, үрөй учурган кереметтерди жибербей, акыл калчап, пикир менен кабыл алына турган маңыздуу аяттарды жиберди. Себеби:) бардык иш Аллахтын колунда. Эгер Аллах кааласа, адамдардын бардыгын туура жолго салып койо алаарын ыймандуу адамдар билишпейби?! Каапырлар (каапырчылыгын) токтотподу. (Ошондуктан,) аларга жасаган күнөөлөрү себептүү азаптар түшүүдө. Же болбосо, журттарына жакын жерлерге түшүүдө. Аллахтын убадасы (азабы) келди го! Чынында, Аллах убадасына кыянат кылбайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенден мурдакы пайгамбарлар деле (каапырлар тарабынан) келекеленген. Мен каапыр адамдарга мөөнөт берген болчумун. (Эсине келбегенден) кийин аларды (кыйноочу азап менен) азаптап койдум. Ал кандай гана (катуу) азап!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАр бир жандын, жасаган ишинин үстүндө (көзөмөлдөп) Туруучу ким?! Аллахка (башка «кудайларды») шерик кылышты. Айткын: «(Анда ошол «кудайлардын») атын атап бергиле же болбосо (өзүңөрчө) жер бетиндеги (Анын) билбегенин Ага билгизип коймокчусуңарбы?! Же бул (айтканыңар) үстүртөн эле (айтылган, далилсиз) сөзбү!» Жок! Каапырларга айлакерликтери кооздолуп көргөзүлдү жана алар (акыйкат) жолдон тосулуп коюлду! Аллах кимди адаштырса, аны эч ким туура жолго сала албайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга дүйнө жашоосунда азап бар. Бирок, Акырет азабы катуураак! Аларды Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТакыба кишилерге убада кылынган бейиштин мисалы: астынан дарыялар агат. Мөмөсү менен көлөкөсү түгөнгүс. Булар такыбалар барчу жер. Каапырлардын барчу жери - тозок.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Китеп берген адамдар(дын ынсаптуулары) сага түшүрүлгөн нерсе (Куран) себептүү сүйүнүшөт.[1] Ал эми, кээ бир (каапыр) тайпалар анын (Курандын) бир бөлүгүнө ишенишпейт. Айткын: «Мен Аллахка эч бир нерсени шерик кылбай сыйынууга буюрулдум. Анын Өзүнө чакырамын жана Өзүнө кайтамын!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшинтип (о, Мухаммад), Биз сага араб тилиндеги өкүмдү түшүрдүк. Эгер өзүңө келген илимден соң алардын (каапырлардын) каалоолоруна эрчип кетсең, (анда) сага Аллах тарабынан эч бир дос-жардамчы, эч бир сактоочу болбойт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сенден мурда пайгамбарларды жиберип, аларга аял, бала-чака бергенбиз.[1] Эч бир пайгамбар Аллахтын уруксаты болмоюнча (өз каалоосу менен) моожиза келтире албайт. (Бардыгы Аллахтын колунда. Качан кааласа ошондо берет) Ар бир мөөнөт үчүп жазылган (убактысы) бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах (өкүмдөрдөн) каалаганын жок кылат, каалаган нерсесин бекемдеп койот. (Анткени,) Китептин Энеси Анын алдында.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) Эгер аларга (каапырларга) убада кылган нерсебизди (азапты) сага көрсөтсөк да же (көрсөткөнгө чейин) жаныңды алсак да (сага баары бир). Анткени, сенин милдетиң - жеткирүү. Биздин милдетибиз - эсептешүү.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Динге каршы болгондор) көрбөй жатышабы, Биз (алардын) жерге келип, ар тарабынан кыскартып жатабыз. Аллах (ушинтип) өкүм кылат. Анын өкүмүн кечиктирүүчү жок! Ал тез эсептешүүчү![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан мурунку каапырлар дагы (динге каршы) айлакерлик кылышкан. Бирок, бардык айлакерлик Аллахтын колунда.[1] Ал ар бир жан эмне кылганын билип турат. Каапырлар Акырет Үйү кимдин пайдасына болушун жакында билип алышат!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр болгон адамдар: «Сен пайгамбар эмессиң» дешет. Айткын: «Мени менен силердин араңарда күбөлүк кылууга Аллах менен Китеп илими бар адамдар жетиштүү».[1]