caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Bayyina сүрөсү البينة

8 аят · Медина · түшүү тартиби 100

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ لَمْ يَكُنِ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَٰبِ وَٱلْمُشْرِكِينَ مُنفَكِّينَ حَتَّىٰ تَأْتِيَهُمُ ٱلْبَيِّنَةُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКитеп ээлеринен (яхудилер жана христиандардан) жана мушриктерден болгон каапырлар аларга Анык Чындык келмейинче (адашуучулугунан) ажырай алышпады.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

رَسُولٌ مِّنَ ٱللَّهِ يَتْلُوا۟ صُحُفًا مُّطَهَّرَةً

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анык Чындык – ал) таза барактарды (Куранды) окуп берген Аллахтын элчиси.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فِيهَا كُتُبٌ قَيِّمَةٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл барактарда акыйкатты баяндаган жазуулар бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا تَفَرَّقَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ إِلَّا مِنۢ بَعْدِ مَا جَآءَتْهُمُ ٱلْبَيِّنَةُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКитеп берилген элдер (яхудилер менен христиандар) аларга “Анык Чындык” келгенден кийин гана бөлүнүп кетишти.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أُمِرُوٓا۟ إِلَّا لِيَعْبُدُوا۟ ٱللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ حُنَفَآءَ وَيُقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤْتُوا۟ ٱلزَّكَوٰةَ وَذَٰلِكَ دِينُ ٱلْقَيِّمَةِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, намаз окууга, зекет берүүгө буюрулушкан эле жана дал ушул гана Туура Дин!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَٰبِ وَٱلْمُشْرِكِينَ فِى نَارِ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أُو۟لَٰٓئِكَ هُمْ شَرُّ ٱلْبَرِيَّةِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКитеп элдери жана мушриктерден болгон каапырлар тозок отунун ичинде! Ал жерде түбөлүк калышат! Алар (чындыкты билип туруп жүз бурганы себептүү) жаратылгандардын эң жаманы!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَعَمِلُوا۟ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أُو۟لَٰٓئِكَ هُمْ خَيْرُ ٱلْبَرِيَّةِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар... алар – жаратылгандардын эң жакшысы.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

جَزَآؤُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّٰتُ عَدْنٍ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًا رَّضِىَ ٱللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا۟ عَنْهُ ذَٰلِكَ لِمَنْ خَشِىَ رَبَّهُۥ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббисинин алдында алардын сыйлыктары – анда дайым жашоочу бейиштер! Алардын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүк калышат. (Мунун себеби) алардан Аллах ыраазы болду, алар Аллахтан ыраазы болушту. Бул (сыйлыктар) Раббисинен корккон адамдар үчүн!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70