Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал – Падыша, Таза-Пакиза, Кудуреттүү жана Даанышман!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл уммий адамдар[1] арасына өздөрүнүн ичинен (тандап алган) пайгамбарды жиберди. Ошол (пайгамбар) аларга Аллахтын аяттарын тилават кылат, аларды (ширк жана башка күнөөлөрдөн) тазартат жана Китеп менен Сүннөттү таалим берет. Алар мындан мурда анык адашууда болушкан.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТооратты (колдорунда) көтөргөнү менен, кийин аны(н өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара) көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллах залым коомду туура жолго баштабайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Айткын: «Оо, яхудилер! Эгер силер «Бардык адамдар эмес, мына биз гана Аллахтын сүйгөн пенделерибиз» деп ойлосоңор, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоңор».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «силер качып (коркуп) жүргөн өлүмгө албетте жолугасыңар. Кийин, көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге жасаган ишиңердин кабарын билдирет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллахты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, намаз бүткөндө Аллахтын ырыскыларын издеп, жер бетине жайылгыла жана Аллахты көп эстегиле. (Ошондо) жеңишке (бейишке) жетээрсиңер!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (кээ бир мусулмандар) сооданы жана оюн-тамашаны көргөндө ошого чуркап кетишти. Сени болсо, (мечиттин минбарында) турганың бойдон калтырышты. Сен айткын: «Аллахтын алдындагы сооп соодадан жана оюн-тамашадан жакшы. Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү.[1]