caseriqКуранда маани боюнча издөө

As-Saff сүрөсү الصف

14 аят · Медина · түшүү тартиби 109

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтты. Ал – Кудуреттүү, Даанышман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, момундар! Эмне үчүн жасабаган ишиңерди сүйлөйсүңөр?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَبُرَ مَقْتًا عِندَ ٱللَّهِ أَن تَقُولُوا۟ مَا لَا تَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖасабаган ишиңерди сүйлөө Аллахтын алдында эң чоң күнөө![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلَّذِينَ يُقَٰتِلُونَ فِى سَبِيلِهِۦ صَفًّا كَأَنَّهُم بُنْيَٰنٌ مَّرْصُوصٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өзүнүн Жолунда тегиз курулган үйлөр сыяктуу сап-сап болуп согушкан пенделерин сүйөт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِۦ يَٰقَوْمِ لِمَ تُؤْذُونَنِى وَقَد تَّعْلَمُونَ أَنِّى رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيْكُمْ فَلَمَّا زَاغُوٓا۟ أَزَاغَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُمْ وَٱللَّهُ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلْفَٰسِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) эстегин, бир кезде Муса өзүнүн коомуна «Оо, коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Аллахтын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңер го!» деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Аллах дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ قَالَ عِيسَى ٱبْنُ مَرْيَمَ يَٰبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ إِنِّى رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيْكُم مُّصَدِّقًا لِّمَا بَيْنَ يَدَىَّ مِنَ ٱلتَّوْرَىٰةِ وَمُبَشِّرًۢا بِرَسُولٍ يَأْتِى مِنۢ بَعْدِى ٱسْمُهُۥٓ أَحْمَدُ فَلَمَّا جَآءَهُم بِٱلْبَيِّنَٰتِ قَالُوا۟ هَٰذَا سِحْرٌ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегин, (бир кезде) Марямдын уулу Иса (мындай) деди: «Оо, Исраил урпактары! Мен силерге Аллахтан жиберилген пайгамбар боломун. (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты(н өкүмдөрүн) тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон пайгамбар жөнүндө (алдын ала) сүйүнчү кабар айтамын".[1] Анан качан ал (Мухаммад) аларга анык далилдерди алып келгенде (ыйман келтирүүнүн ордуна) «бул анык сыйкыр го!» дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ ٱلْكَذِبَ وَهُوَ يُدْعَىٰٓ إِلَى ٱلْإِسْلَٰمِ وَٱللَّهُ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИсламга чакырылганда Аллахка жалаа жапкан адамдан залымыраак ким бар?! Аллах залым адамдарды туура жолго баштабайт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يُرِيدُونَ لِيُطْفِـُٔوا۟ نُورَ ٱللَّهِ بِأَفْوَٰهِهِمْ وَٱللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِۦ وَلَوْ كَرِهَ ٱلْكَٰفِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллах Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُوَ ٱلَّذِىٓ أَرْسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلْهُدَىٰ وَدِينِ ٱلْحَقِّ لِيُظْهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّينِ كُلِّهِۦ وَلَوْ كَرِهَ ٱلْمُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл Өзүнүн пайгамбарын туура жол жана Акыйкат Дин менен – ал динди бардык диндерден үстөм кылуу үчүн – жиберди.[1] Эгер мушриктер жаман көрсө да.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَىٰ تِجَٰرَةٍ تُنجِيكُم مِّنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген пенделер! Мен силерди жан ооруткан азаптан сактап калчу «соодага» баштайынбы?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

تُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتُجَٰهِدُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ بِأَمْوَٰلِكُمْ وَأَنفُسِكُمْ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَّكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал соода төмөндөгүчө:) Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер, Аллахтын Жолунда малыңар жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Ушул силер үчүн жакшы (соода) эгер билсеңер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَيُدْخِلْكُمْ جَنَّٰتٍ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ وَمَسَٰكِنَ طَيِّبَةً فِى جَنَّٰتِ عَدْنٍ ذَٰلِكَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондо Аллах) силердин күнөөңөрдү кечирип, түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге жана Адн (түбөлүктүүлүк) бейиштериндеги пакиза жашоо жайларына киргизет. Бул – Улуу Жеңиш!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأُخْرَىٰ تُحِبُّونَهَا نَصْرٌ مِّنَ ٱللَّهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы силер жакшы көргөн нерсени (да Аллах силерге белек кылат. Ал –) Аллахтын жардамы жана жакында келе турган жеңиш! (Оо, Мухаммад! Сен ушул жеңишти) ыймандууларга сүйүнчүлө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ كُونُوٓا۟ أَنصَارَ ٱللَّهِ كَمَا قَالَ عِيسَى ٱبْنُ مَرْيَمَ لِلْحَوَارِيِّـۧنَ مَنْ أَنصَارِىٓ إِلَى ٱللَّهِ قَالَ ٱلْحَوَارِيُّونَ نَحْنُ أَنصَارُ ٱللَّهِ فَـَٔامَنَت طَّآئِفَةٌ مِّنۢ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ وَكَفَرَت طَّآئِفَةٌ فَأَيَّدْنَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ عَلَىٰ عَدُوِّهِمْ فَأَصْبَحُوا۟ ظَٰهِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын (дининин) жардамчылары болгула! Ушул сыяктуу Марямдын уулу Иса дагы шакирттерине «Аллах Жолунда ким мага жардамчы болот?» дегенде, шакирттери «Биз – Аллахтын жардамчылары!» дешкен. Анан, Исраил урпактарынан бир тайпасы (Исанын динине) ыйман келтирип, дагы бир тайпалары каапыр болушту. Биз ыйман келтиргендерди душмандарынан кубаттуу кылдык эле, натыйжада алар жеңип чыгышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70