Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Эгер сага мунафыктар келсе «биз күбөлүк беребиз: сен Аллахтын элчисисиң» дешет. Аллах билет, сен Өзүнүн элчиси экениңди. Аллах мунафыктардын анык жалганчылыгына күбөлүк берет.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар анттарын калканыч кылып (өздөрүнө кошуп башка адамдарды да) Аллахтын Жолунан тосушкан. Алардын иштери кандай жаман!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби, алар (оозунда) ыймандуу, (жүрөгүндө) каапыр болгону. Натыйжада жүрөктөрүнө мөөр басылып, (жакшылык менен жамандыкты) ажырата албай турган болуп калышты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга карасаң келбеттери сени кызыктырат. Эгер (жалганды кооздоп) сүйлөсө аларды угасың. Алар (дубалга) жөлөп коюлган (жансыз) жыгач сыяктуу. (Ар дайым далбасада жашаганы себептүү) ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар – душмандар, абайла алардан! Аллах кыйраткырлар, (чындыктан бурулуп) кайда бара жатышат!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга «(тооба кылып) келгиле, Аллахтын элчиси силердин күнөөңөрдү кечиришин Аллахдан сурайт» деп айтылганда, моюн толгоп кетишкен жана сен аларды текеберлик менен (адамдарды акыйкаттан) тосконун көрдүң.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен алар үчүн (Аллахтан) кечирим сурасаң да же сурабасаң да – айырмасы жок: Аллах эч качан кечирбейт! Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (өз кишилерине) «Аллахтын элчисинин айланасындагы адамдарга ихсан-көмөк көргөзбөгүлө, (ажеп эмес, Мухаммаддын айланасынан) тарап кетишсе» дешет. Асмандар менен жердин казыналары Аллахтын колунда го! Бирок, мунафыктар муну түшүнбөйт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (дагы) «Эгер Мединага кайтсак, улук адамдар селсаяктарды (шаардан) айдап чыгат» дешкен . Улуулук Аллахка, Анын элчисине жана ыйман келтиргендерге таандык. Бирок, мунафыктар муну билишпейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтиргендер! Мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерди Аллахты эскерүүдөн (ибадаттардан) алаксытып койбосун! Ким ушундай кылса, алар – зыян тарткандар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан гана силерден бирөөңөргө өлүм (сааты) келгенде «Оо, Раббим! Эгер мени бир аз мөөнөткө (жанымды албай) койо турсаң, садака кылып, жакшы адамдардан болоор элем!» деп (чыйпылыктап) калаардан мурда силерге Аллах берген ырыскылардан садака кылып калгыла.