caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-An'aam сүрөсү الأنعام

165 аят · Мекке · түшүү тартиби 55

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ ٱلْحَمْدُ لِلَّهِ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ وَجَعَلَ ٱلظُّلُمَٰتِ وَٱلنُّورَ ثُمَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ بِرَبِّهِمْ يَعْدِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандарды жана жерди жаратып, нур менен караңгылыктарды бар кылган Аллахка мактоолор![1] Кийин, Раббисине каапыр болгон адамдар Ага башкаларды тең (шерик) кылып жатышат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُوَ ٱلَّذِى خَلَقَكُم مِّن طِينٍ ثُمَّ قَضَىٰٓ أَجَلًا وَأَجَلٌ مُّسَمًّى عِندَهُۥ ثُمَّ أَنتُمْ تَمْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (оболу) силерди ылайдан жаратты. Кийин (ушул дүйнөдө жашооңор үчүн, “өмүр” деген) мөөнөттү белгиледи. Анын алдында (дагы бир) белгиленген мөөнөт (Акырет жашоосу) бар. Ушундан кийин (о, каапырлар) силер дагы эле (Кыяматтан) шектенип жатасыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱللَّهُ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَفِى ٱلْأَرْضِ يَعْلَمُ سِرَّكُمْ وَجَهْرَكُمْ وَيَعْلَمُ مَا تَكْسِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл, Асмандарда да, Жерде да (жалгыз) Аллах. Ал силердин (бардык) жашыруун жана ашкере ишиңерди билет. Дегеле, бардык жасаган ишиңерди билип турат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا تَأْتِيهِم مِّنْ ءَايَةٍ مِّنْ ءَايَٰتِ رَبِّهِمْ إِلَّا كَانُوا۟ عَنْهَا مُعْرِضِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (каапырларга) Раббисинин (чындыкты анык көргөзгөн) аяттарынын бири келээр замат (аны угуп, ой жүгүртүп көрүүнүн ордуна) дароо андан жүз буруп кетишти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَقَدْ كَذَّبُوا۟ بِٱلْحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمْ فَسَوْفَ يَأْتِيهِمْ أَنۢبَٰٓؤُا۟ مَا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар өздөрүнө келген кезде акыйкатты[1] жалганга чыгарышты (жана шылдыңдашты). Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин кабары келет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ يَرَوْا۟ كَمْ أَهْلَكْنَا مِن قَبْلِهِم مِّن قَرْنٍ مَّكَّنَّٰهُمْ فِى ٱلْأَرْضِ مَا لَمْ نُمَكِّن لَّكُمْ وَأَرْسَلْنَا ٱلسَّمَآءَ عَلَيْهِم مِّدْرَارًا وَجَعَلْنَا ٱلْأَنْهَٰرَ تَجْرِى مِن تَحْتِهِمْ فَأَهْلَكْنَٰهُم بِذُنُوبِهِمْ وَأَنشَأْنَا مِنۢ بَعْدِهِمْ قَرْنًا ءَاخَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар көрүшпөйбү: Биз алардан мурда нечендеген (каапыр) муундарды жок кылганбыз. (О, каапырлар!) Биз силерге бербеген жердеги орундарды аларга берген элек, (үстүнөн) жамгырды берекелүү жаадырып, астынан дарыяларды агызып койгон элек. Анан Биз аларды күнөөлөрү үчүн (апаат-кырсыктар менен) кыйратып, артынан башка муунду алып келдик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ نَزَّلْنَا عَلَيْكَ كِتَٰبًا فِى قِرْطَاسٍ فَلَمَسُوهُ بِأَيْدِيهِمْ لَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِنْ هَٰذَآ إِلَّا سِحْرٌ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Эгер Биз сага кагазга жазылган китепти (бүтүн бойдон) түшүрсөк жана аны өз колдору менен кармап көрүшсө да, каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкыр” – деп айтышмак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ لَوْلَآ أُنزِلَ عَلَيْهِ مَلَكٌ وَلَوْ أَنزَلْنَا مَلَكًا لَّقُضِىَ ٱلْأَمْرُ ثُمَّ لَا يُنظَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар: “Ага (Мухаммадга жардам берүүчү) бир периште түшсө болбойт беле?” - дешет. Эгер биз периште түшүрчү болсок (жана алар аны өз көздөрү менен көргөндөн кийин деле ишенишпесе) анда, ошол замат иш бүтмөк. Аларга мөөнөт берилмек эмес.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ جَعَلْنَٰهُ مَلَكًا لَّجَعَلْنَٰهُ رَجُلًا وَلَلَبَسْنَا عَلَيْهِم مَّا يَلْبِسُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз аны (пайгамбарды) периште кылсак деле, эркек (кейпинде) кылмакпыз жана аларга өздөрү тумандаткан нерсени (андан бетер) тумандатмакпыз.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدِ ٱسْتُهْزِئَ بِرُسُلٍ مِّن قَبْلِكَ فَحَاقَ بِٱلَّذِينَ سَخِرُوا۟ مِنْهُم مَّا كَانُوا۟ بِهِۦ يَسْتَهْزِءُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад! Алардын шылдыңына чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ سِيرُوا۟ فِى ٱلْأَرْضِ ثُمَّ ٱنظُرُوا۟ كَيْفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلْمُكَذِّبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (О, Мухаммад: “Эгер ишенбесеңер) жер бетин кезип, (пайгамбарларды) “жалганчы” – деген адамдардын акыбети (тагдыры) эмне менен бүткөнүн көрүп койгула!”

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُل لِّمَن مَّا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ قُل لِّلَّهِ كَتَبَ عَلَىٰ نَفْسِهِ ٱلرَّحْمَةَ لَيَجْمَعَنَّكُمْ إِلَىٰ يَوْمِ ٱلْقِيَٰمَةِ لَا رَيْبَ فِيهِ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: “Асмандардагы жана жердеги нерселер кимдики?” Айткын: “Аллахка таандык!” Аллах Өзүнө Мээримдүүлүк - ырайымды жазып койгон. Аллах силерди шек-күмөнү жок Кыямат Күнүнө чогултат. (Оңолбой) өздөрүнө зыян кылгандар... Алар ыйман келтиришпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَهُۥ مَا سَكَنَ فِى ٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүндүзү жана түнү жашагандардын баары Аллахтын мүлкү. Ал (бардык добушту) Угуучу, (бардык кылмышты) Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَغَيْرَ ٱللَّهِ أَتَّخِذُ وَلِيًّا فَاطِرِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَهُوَ يُطْعِمُ وَلَا يُطْعَمُ قُلْ إِنِّىٓ أُمِرْتُ أَنْ أَكُونَ أَوَّلَ مَنْ أَسْلَمَ وَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Аллахтан башканы жардамчы кылмак белем?! Ал асмандар жана Жердин Жаратуучусу. Ал Өзү тамакка муктаж болбой, (бардык жан-жаныбарды) тамактандырат”. Айткын: “Мен (Аллахтын жалгыз Өзүнө) моюн сунгандардын эң алдыңкысы болууга буюрулдум” (Жана мага) “Эч качан мушриктерден болбогун!” (деп айтылды).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنِّىٓ أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّى عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Эгер мен (ширк келтирүү менен) Раббиме күнөөкөр болсом, Улук Күндүн азабынан коркомун”.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّن يُصْرَفْ عَنْهُ يَوْمَئِذٍ فَقَدْ رَحِمَهُۥ وَذَٰلِكَ ٱلْفَوْزُ ٱلْمُبِينُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол Күндө кимден азап четтетилген болсо, демек ага Аллах ырайым кылыптыр жана бул – анык жеңиш!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن يَمْسَسْكَ ٱللَّهُ بِضُرٍّ فَلَا كَاشِفَ لَهُۥٓ إِلَّا هُوَ وَإِن يَمْسَسْكَ بِخَيْرٍ فَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгерде Аллах сени (кембагалдык, оору, кайгы ж.б.у.с.) зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. Ал эми, эгер бир жакшылык менен кармаса. Ал ар бир нерсеге Кудуреттүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِۦ وَهُوَ ٱلْحَكِيمُ ٱلْخَبِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл пенделердин үстүнөн өкүмүн жүргүзүүчү жана ал - Даанышман, (бардыгынан) Кабардар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَىُّ شَىْءٍ أَكْبَرُ شَهَٰدَةً قُلِ ٱللَّهُ شَهِيدٌۢ بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ وَأُوحِىَ إِلَىَّ هَٰذَا ٱلْقُرْءَانُ لِأُنذِرَكُم بِهِۦ وَمَنۢ بَلَغَ أَئِنَّكُمْ لَتَشْهَدُونَ أَنَّ مَعَ ٱللَّهِ ءَالِهَةً أُخْرَىٰ قُل لَّآ أَشْهَدُ قُلْ إِنَّمَا هُوَ إِلَٰهٌ وَٰحِدٌ وَإِنَّنِى بَرِىٓءٌ مِّمَّا تُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “(Менин чынчылдыгыма) эң чоң күбө кайсы?” Айт: “Аллах! Ал мени менен силердин араңарда Күбө жана мага бул Куран аян-кабар түрүндө берилди, силерди жана ал (Куран) жеткен баардык адамдарды эскертүүм үчүн». (О, аян-кабардан жүз бургандар!) Силер: “Аллах менен бирге башка кудайлар бар” - деп күбөлүк бересиңерби?!” Айткын: “Мен (андай) күбөлүк бербеймин!” Айткын: “Албетте Ал - жалгыз (сыйынууга татыктуу) Кудай! А, мен болсо, силердин ширк амалыңардан тазамын!”[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَٰهُمُ ٱلْكِتَٰبَ يَعْرِفُونَهُۥ كَمَا يَعْرِفُونَ أَبْنَآءَهُمُ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз китеп берген адамдар (өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала кабар берилгени себептүү) аны (Мухаммадды) өздөрүнүн балдарын тааныгандай таанышат. Алар өздөрүнө зыян кылышты. Эми алар ыйманга келишпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِـَٔايَٰتِهِۦٓ إِنَّهُۥ لَا يُفْلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭч ким (“Аллахтын баласы же шериги бар” деп) Аллахка жалаа жапкан, Анын аяттарын жалганга чыгарган адамдан өткөн залым эмес! Албетте, (андай) залымдар (тозоктон) кутулбайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ نَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا ثُمَّ نَقُولُ لِلَّذِينَ أَشْرَكُوٓا۟ أَيْنَ شُرَكَآؤُكُمُ ٱلَّذِينَ كُنتُمْ تَزْعُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ошол (Кыямат) Күндө алардын баарын чогултуп, мушриктерге: “(Аллахтын шериктери) деп эсептеген кудайыңар кана?” - дейбиз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ لَمْ تَكُن فِتْنَتُهُمْ إِلَّآ أَن قَالُوا۟ وَٱللَّهِ رَبِّنَا مَا كُنَّا مُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин алардын кыянат жооптору: “О, Раббибиз! Аллахка ант, биз мушрик эмес болчубуз” - деген сөздөр гана болот.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱنظُرْ كَيْفَ كَذَبُوا۟ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ وَضَلَّ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКарачы, өздөрүнө кандай жалгандарды ойлоп тапканын жана (ойлорунан) чыгарган «кудайларынын» алардан жок болуп калганын.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْهُم مَّن يَسْتَمِعُ إِلَيْكَ وَجَعَلْنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ أَكِنَّةً أَن يَفْقَهُوهُ وَفِىٓ ءَاذَانِهِمْ وَقْرًا وَإِن يَرَوْا۟ كُلَّ ءَايَةٍ لَّا يُؤْمِنُوا۟ بِهَا حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءُوكَ يُجَٰدِلُونَكَ يَقُولُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ إِنْ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلْأَوَّلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан (мушриктерден) кээ бирөөлөрү (Куран окуганыңда) сени (карөзгөйлүк менен) угушат. Бирок, Биз алардын жүрөктөрүн - Куранды түшүнбөсүн үчүн - көшөгөлөп, кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгер алар бардык моожизаларды көрсө да ишенишпейт. Жадагалса, сенин алдыңа талашып-тартышып келишкен кезде, каапырлар: “Бул (Куран) абалкылардын жомоктору” - дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُمْ يَنْهَوْنَ عَنْهُ وَيَنْـَٔوْنَ عَنْهُ وَإِن يُهْلِكُونَ إِلَّآ أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар андан (башкаларды да) кайтарышат, өздөрү да алысташат. Бирок, (бул кылыгы менен) өздөрүн гана кыйроого түрткөндөрүн билбей калышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذْ وُقِفُوا۟ عَلَى ٱلنَّارِ فَقَالُوا۟ يَٰلَيْتَنَا نُرَدُّ وَلَا نُكَذِّبَ بِـَٔايَٰتِ رَبِّنَا وَنَكُونَ مِنَ ٱلْمُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Аларды тозоктун үстүнө (тике) тургузуп койгондо: “Аттиң, (дүйнөгө) дагы бир жолу кайтарылсак, Раббибиздин аяттарын жалган дебей, момундардан болуп жашасак кана?!”- дегендерин көргөнүңдө...

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ بَدَا لَهُم مَّا كَانُوا۟ يُخْفُونَ مِن قَبْلُ وَلَوْ رُدُّوا۟ لَعَادُوا۟ لِمَا نُهُوا۟ عَنْهُ وَإِنَّهُمْ لَكَٰذِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндай эмес! Аларга мурда ичине каткан нерселери айкын болуп калган(дан улам ушинтип жатышат). Эгер (дүйнөгө) кайтарылса деле, тайманбастан (шариятта) тыйылган (арам) иштерди кылышмак. Анткени, алар - анык жалганчылар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوٓا۟ إِنْ هِىَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар: “Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Биз кайрадан тирилбейбиз” - дешти.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذْ وُقِفُوا۟ عَلَىٰ رَبِّهِمْ قَالَ أَلَيْسَ هَٰذَا بِٱلْحَقِّ قَالُوا۟ بَلَىٰ وَرَبِّنَا قَالَ فَذُوقُوا۟ ٱلْعَذَابَ بِمَا كُنتُمْ تَكْفُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Раббисинин алдына тургузулуп (Аллах): “Бул (кайра тирилүү) чындык эмес бекен?!”- деп сураганда, алардын: “Ооба, оо, Рабби! Чындык экен” - дегендерин жана (Аллах аларга): “Каапыр болгонуңар себептүү, эми азаптын даамын таткыла!” - дегенин сен бир көрсөң эле...

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَدْ خَسِرَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِلِقَآءِ ٱللَّهِ حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَتْهُمُ ٱلسَّاعَةُ بَغْتَةً قَالُوا۟ يَٰحَسْرَتَنَا عَلَىٰ مَا فَرَّطْنَا فِيهَا وَهُمْ يَحْمِلُونَ أَوْزَارَهُمْ عَلَىٰ ظُهُورِهِمْ أَلَا سَآءَ مَا يَزِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка жолугууну “жалган” деген адамдар зыян тартышты! (Анткени,) Качан аларга (Кыямат) капысынан келип калганда, күнөөлөрүн жонуна көтөргөн абалдарында: “О-о-х! Дүйнө жашоосун (пайдасыз) өткөрүп жибергенибиз үчүн бизге кайгы! деп калышты. Алардын көтөргөн күнөөлөрү кандай жаман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَآ إِلَّا لَعِبٌ وَلَهْوٌ وَلَلدَّارُ ٱلْـَٔاخِرَةُ خَيْرٌ لِّلَّذِينَ يَتَّقُونَ أَفَلَا تَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДүйнө жашоосу (тез өтүп кетүүчү) оюн-тамаша гана.Такыба кишилер үчүн Акырет жашоосу жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَدْ نَعْلَمُ إِنَّهُۥ لَيَحْزُنُكَ ٱلَّذِى يَقُولُونَ فَإِنَّهُمْ لَا يُكَذِّبُونَكَ وَلَٰكِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ يَجْحَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Алардын сөздөрү сени капа кылганын көрүп турабыз. Алар сени гана “жалганчы” дешкен жок. Бирок залымдар Аллахтын аяттарын дагы четке кагып жатышат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِّن قَبْلِكَ فَصَبَرُوا۟ عَلَىٰ مَا كُذِّبُوا۟ وَأُوذُوا۟ حَتَّىٰٓ أَتَىٰهُمْ نَصْرُنَا وَلَا مُبَدِّلَ لِكَلِمَٰتِ ٱللَّهِ وَلَقَدْ جَآءَكَ مِن نَّبَإِى۟ ٱلْمُرْسَلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенден мурунку пайгамбарларга деле “жалганчы” деген жалаа жабылган жана алар бул жалаа-залымдыктарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Аллахтын (Курандагы) сөздөрүн эч ким башкасына алмаштыра албайт. Сага мурдагы пайгамбарлардын кабары келди го.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن كَانَ كَبُرَ عَلَيْكَ إِعْرَاضُهُمْ فَإِنِ ٱسْتَطَعْتَ أَن تَبْتَغِىَ نَفَقًا فِى ٱلْأَرْضِ أَوْ سُلَّمًا فِى ٱلسَّمَآءِ فَتَأْتِيَهُم بِـَٔايَةٍ وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَمَعَهُمْ عَلَى ٱلْهُدَىٰ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلْجَٰهِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алардын (акыйкаттан) бурулуп кетүүсү сага оор болсо, (аларды ээрчитип алууга кызыксаң) колуңан келсе, жерге (түшчү) жарака, асманга (чыкчу) шаты издеп, аларга (ишендире турган) бир моожиза таап бер! Эгер Аллах кааласа, Өзү аларды туура жолго чогултуп алмак! Сен илими тайкылардан болбогун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا يَسْتَجِيبُ ٱلَّذِينَ يَسْمَعُونَ وَٱلْمَوْتَىٰ يَبْعَثُهُمُ ٱللَّهُ ثُمَّ إِلَيْهِ يُرْجَعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад, чакырыгыңа) уга турган адамдар гана жооп беришет. Ал эми, (жүрөгү) өлүктөр болсо, (бул дүйнөдө динди кабыл албайт) Аллах аларды кайра тирилтет. Анан Өзүнө кайтарылышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ لَوْلَا نُزِّلَ عَلَيْهِ ءَايَةٌ مِّن رَّبِّهِۦ قُلْ إِنَّ ٱللَّهَ قَادِرٌ عَلَىٰٓ أَن يُنَزِّلَ ءَايَةً وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ لَا يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (мушриктер): “Ага (Мухаммадга) Раббисинен бир далил-моожиза түшсө экен” - дешет. Айткын: “Аллах (силер тилегендей) далилди түшүрүүгө да Кудуреттүү”. Бирок, алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا مِن دَآبَّةٍ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا طَٰٓئِرٍ يَطِيرُ بِجَنَاحَيْهِ إِلَّآ أُمَمٌ أَمْثَالُكُم مَّا فَرَّطْنَا فِى ٱلْكِتَٰبِ مِن شَىْءٍ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمْ يُحْشَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖерде жүргөн - сойлогондун жана эки канаты менен асманда учкандын баары силер сыяктуу эле үммөт. Биз Китепте[1] (тагдырын жазбастан) эч нерсени калтырып койгон эмеспиз. Кийин (адамдардын бардыгы) Раббисине чогултулат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا صُمٌّ وَبُكْمٌ فِى ٱلظُّلُمَٰتِ مَن يَشَإِ ٱللَّهُ يُضْلِلْهُ وَمَن يَشَأْ يَجْعَلْهُ عَلَىٰ صِرَٰطٍ مُّسْتَقِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиздин аяттарыбызды жалган дегендер (наадандык) караңгылыгында калган сокурлар жана дүлөйлөр. (Алар акыйкатты көрө да, уга да алышпайт) Аллах Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаган пендесин туура жолго салат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَرَءَيْتَكُمْ إِنْ أَتَىٰكُمْ عَذَابُ ٱللَّهِ أَوْ أَتَتْكُمُ ٱلسَّاعَةُ أَغَيْرَ ٱللَّهِ تَدْعُونَ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктерге) айткын: “Эгер чынчыл болсоңор айткылачы, силерге Аллахтын азабы же Кыямат келип калса, Аллахтан башкага (жардам сурап) дуба кыласыңарбы?!”

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَلْ إِيَّاهُ تَدْعُونَ فَيَكْشِفُ مَا تَدْعُونَ إِلَيْهِ إِن شَآءَ وَتَنسَوْنَ مَا تُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Ага гана дуба кыласыңар! Ал эгер кааласа силер дуба кылып сураган нерседен (азаптан) арылтат. Ал эми, Аллахка шерик кылган “кудайыңарды” (башыңарга азап түшкөндө) унутуп койосуңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ أَرْسَلْنَآ إِلَىٰٓ أُمَمٍ مِّن قَبْلِكَ فَأَخَذْنَٰهُم بِٱلْبَأْسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ لَعَلَّهُمْ يَتَضَرَّعُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз (о, Мухаммад!) сенден мурунку элдерге да пайгамбарларды жибергенбиз. (Бирок, пайгамбарларды «жалганчы» дешкенден) кийин аларды тообо кылып, баш ийүүлөрү үчүн балээ - зыяндар менен кармадык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَوْلَآ إِذْ جَآءَهُم بَأْسُنَا تَضَرَّعُوا۟ وَلَٰكِن قَسَتْ قُلُوبُهُمْ وَزَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيْطَٰنُ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга биздин балээ - зыяныбыз келгенде тообо кылышса болмок! Бирок, жүрөктөрү таш болуп калган жана шайтан аларга (күнөө иштерин) кооздоп көргөзгөн!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا نَسُوا۟ مَا ذُكِّرُوا۟ بِهِۦ فَتَحْنَا عَلَيْهِمْ أَبْوَٰبَ كُلِّ شَىْءٍ حَتَّىٰٓ إِذَا فَرِحُوا۟ بِمَآ أُوتُوٓا۟ أَخَذْنَٰهُم بَغْتَةً فَإِذَا هُم مُّبْلِسُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, өздөрүнө эскертилген нерселерди (балээ-зыяндарды) унутуп (шайтанга жетеленип) калышканда, Биз аларга бардык нерселердин эшигин ачык койдук.[1] Өздөрүнө берилген нерселер менен сүйүнүп турганда, капыстан, (күтпөгөн балээ менен) кармап койдук эле, дароо үмүтсүз абалда калышты.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَقُطِعَ دَابِرُ ٱلْقَوْمِ ٱلَّذِينَ ظَلَمُوا۟ وَٱلْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМына ушинтип, залым адамдардын “куйругу кесилди” (тукум курут кылынды). Ааламдардын Раббиси - Аллахка мактоолор болсун!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَرَءَيْتُمْ إِنْ أَخَذَ ٱللَّهُ سَمْعَكُمْ وَأَبْصَٰرَكُمْ وَخَتَمَ عَلَىٰ قُلُوبِكُم مَّنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ ٱللَّهِ يَأْتِيكُم بِهِ ٱنظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ ٱلْـَٔايَٰتِ ثُمَّ هُمْ يَصْدِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (о, Мухаммад): “Кандай дейсиңер, эгер Аллах силердин көзүңөрдү, кулагыңарды алып жана жүрөгүңөргө мөөр басып койсо, аларды Аллахтан башка кайсы “кудай” кайтарып бере алат?!” Биз далилдерди кандай тизмектеп келтиргенибизди жана (ушуга да көзү ачылбай) кийин бурулуп кетишкенин көрүп ал.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَرَءَيْتَكُمْ إِنْ أَتَىٰكُمْ عَذَابُ ٱللَّهِ بَغْتَةً أَوْ جَهْرَةً هَلْ يُهْلَكُ إِلَّا ٱلْقَوْمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “(Оо, мушриктер), айткылачы, эгер силерге Аллахтын азабы капыстан же ачык эле келсе, залым (мушрик) адамдардан башка ким кыйратылат?!”

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا نُرْسِلُ ٱلْمُرْسَلِينَ إِلَّا مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ فَمَنْ ءَامَنَ وَأَصْلَحَ فَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз пайгамбарларды (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып жиберебиз. Эми, ким ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, аларга коркунуч да, кайгы-капа да жок.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا يَمَسُّهُمُ ٱلْعَذَابُ بِمَا كَانُوا۟ يَفْسُقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар, жасаган бузук иштери үчүн азапка салынат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُل لَّآ أَقُولُ لَكُمْ عِندِى خَزَآئِنُ ٱللَّهِ وَلَآ أَعْلَمُ ٱلْغَيْبَ وَلَآ أَقُولُ لَكُمْ إِنِّى مَلَكٌ إِنْ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَىَّ قُلْ هَلْ يَسْتَوِى ٱلْأَعْمَىٰ وَٱلْبَصِيرُ أَفَلَا تَتَفَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллахтын казыналары бар” дебеймин.[1] Дагы мен кайыпты да билбеймин, жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. Айткын: “Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы?!”

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنذِرْ بِهِ ٱلَّذِينَ يَخَافُونَ أَن يُحْشَرُوٓا۟ إِلَىٰ رَبِّهِمْ لَيْسَ لَهُم مِّن دُونِهِۦ وَلِىٌّ وَلَا شَفِيعٌ لَّعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен Раббисине чогулуудан корко турган адамдарды аны (Куран) менен эскерткин. Аларга Андан башка дос-башчы да, шапаатчы да жок. Такыба болушса кана!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَطْرُدِ ٱلَّذِينَ يَدْعُونَ رَبَّهُم بِٱلْغَدَوٰةِ وَٱلْعَشِىِّ يُرِيدُونَ وَجْهَهُۥ مَا عَلَيْكَ مِنْ حِسَابِهِم مِّن شَىْءٍ وَمَا مِنْ حِسَابِكَ عَلَيْهِم مِّن شَىْءٍ فَتَطْرُدَهُمْ فَتَكُونَ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭртели-кеч Раббисине, Анын Жүзүн (ыраазылыгын) каалап дуба кылган кишилерди (алдыңдан) кетирбегин! Алардын эсебинен сага эч нерсе жок. Сенин эсебиңден аларга эч нерсе жок. Аларды кетирип, залым адамдардан болбогун![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ فَتَنَّا بَعْضَهُم بِبَعْضٍ لِّيَقُولُوٓا۟ أَهَٰٓؤُلَآءِ مَنَّ ٱللَّهُ عَلَيْهِم مِّنۢ بَيْنِنَآ أَلَيْسَ ٱللَّهُ بِأَعْلَمَ بِٱلشَّٰكِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov“Биздин арабыздагы Аллах жакшылык бергендер - ушуларбы?!” деп, (текеберленип) сурагандары үчүн Биз аларды (бай-кедей кылып) бири-бири менен сынадык. Шүгүр кылгандарды Аллах көбүрөөк Билүүчү эмеспи?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا جَآءَكَ ٱلَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِـَٔايَٰتِنَا فَقُلْ سَلَٰمٌ عَلَيْكُمْ كَتَبَ رَبُّكُمْ عَلَىٰ نَفْسِهِ ٱلرَّحْمَةَ أَنَّهُۥ مَنْ عَمِلَ مِنكُمْ سُوٓءًۢا بِجَهَٰلَةٍ ثُمَّ تَابَ مِنۢ بَعْدِهِۦ وَأَصْلَحَ فَأَنَّهُۥ غَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сага, Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдар келсе, аларга: “Силерге салам! Раббиңер Өзүнө ырайымдуулукту жазды. Араңардан кимде-ким билбестен күнөө иш жасап, кийин тообо кылып, жакшы иштерди жасаса, албетте, Ал (Аллах) Кечиримдүү, Ырайымдуу” - деп айткын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ ٱلْـَٔايَٰتِ وَلِتَسْتَبِينَ سَبِيلُ ٱلْمُجْرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз, кылмышкер адамдардын жолу айкын болуусу (жана силер ал жолдон сак болууңар) үчүн Өзүбүздүн аяттарды мына ушинтип толук баяндайбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنِّى نُهِيتُ أَنْ أَعْبُدَ ٱلَّذِينَ تَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ قُل لَّآ أَتَّبِعُ أَهْوَآءَكُمْ قَدْ ضَلَلْتُ إِذًا وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلْمُهْتَدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Мен, Аллахтан башка силер жалбарып, дуба кыла турган нерселерге (буттарга) ибадат кылуудан кайтарылдым”, Айткын: “Мен силердин каалооңорду ээрчибеймин. Анда мен адашып, туура жолду тапкандардан болбой калам”.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنِّى عَلَىٰ بَيِّنَةٍ مِّن رَّبِّى وَكَذَّبْتُم بِهِۦ مَا عِندِى مَا تَسْتَعْجِلُونَ بِهِۦٓ إِنِ ٱلْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ يَقُصُّ ٱلْحَقَّ وَهُوَ خَيْرُ ٱلْفَٰصِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “(О, мушриктер), мен Раббим тарабынан берилген анык далилдердин үстүндөмүн. Силер болсо, аны “жалган” деп жатасыңар. Силер шаштырып жаткан нерсе (азап) менин алдымда эмес. Өкүм Аллахтын Өзүнө гана тиешелүү. Ал акыйкатты сүйлөйт. Ал эң жакшы ажырым кылуучу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُل لَّوْ أَنَّ عِندِى مَا تَسْتَعْجِلُونَ بِهِۦ لَقُضِىَ ٱلْأَمْرُ بَيْنِى وَبَيْنَكُمْ وَٱللَّهُ أَعْلَمُ بِٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Эгер силер шаштырган нерсе (азап) менде болгондо, мени менен силердин араңардагы “иш” эчак эле бүтмөк. Аллах залым адамдарды Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَعِندَهُۥ مَفَاتِحُ ٱلْغَيْبِ لَا يَعْلَمُهَآ إِلَّا هُوَ وَيَعْلَمُ مَا فِى ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ وَمَا تَسْقُطُ مِن وَرَقَةٍ إِلَّا يَعْلَمُهَا وَلَا حَبَّةٍ فِى ظُلُمَٰتِ ٱلْأَرْضِ وَلَا رَطْبٍ وَلَا يَابِسٍ إِلَّا فِى كِتَٰبٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКайыптын ачкычтары (илими) Анын гана алдында. Аны бир Өзүнөн башка эч ким билбейт. Ал (Аллах) кургактагы, деңиздеги бардык нерселерди билет. Жадагалса, бир жалбырак үзүлүп түшчү болсо – аны да билет. Кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун, (бардыгынын кабары) Анык Китепте (Лавхул Махфузда) бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِى يَتَوَفَّىٰكُم بِٱلَّيْلِ وَيَعْلَمُ مَا جَرَحْتُم بِٱلنَّهَارِ ثُمَّ يَبْعَثُكُمْ فِيهِ لِيُقْضَىٰٓ أَجَلٌ مُّسَمًّى ثُمَّ إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ ثُمَّ يُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл түндөсү силерди (уктатуу менен) жаныңарды алат. Күн бою эмне кылып жүргөнүңөрдү да билет. Кийин белгиленген мөөнөт (өмүр) толук болуусу үчүн Ал силерди күндүзү кайра тирилтет . Кийин (өмүр толук бүткөндө) кайтып барууңар - Өзүнө. Андан соң (Кыяматта) Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн кабарын берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِۦ وَيُرْسِلُ عَلَيْكُمْ حَفَظَةً حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَكُمُ ٱلْمَوْتُ تَوَفَّتْهُ رُسُلُنَا وَهُمْ لَا يُفَرِّطُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл пенделеринин үстүнөн Өкүмдар.[1] Жана Ал силерге Өзүнүн “хафаза”[2] периштелерин жиберет. Качан силердин бирөөңөргө өлүм (убактысы) келгенде, Биздин (жан алгыч периштелерден турган) элчилерибиз өз убактысынан кечиктирбей анын жанын алышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ رُدُّوٓا۟ إِلَى ٱللَّهِ مَوْلَىٰهُمُ ٱلْحَقِّ أَلَا لَهُ ٱلْحُكْمُ وَهُوَ أَسْرَعُ ٱلْحَٰسِبِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин алар (өлгөн пенделер) чыныгы кожоюндары – Аллахка кайтарылышат. Уккула! Өкүм Өзүнө гана таандык! Ал өтө тез эсептешүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ مَن يُنَجِّيكُم مِّن ظُلُمَٰتِ ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ تَدْعُونَهُۥ تَضَرُّعًا وَخُفْيَةً لَّئِنْ أَنجَىٰنَا مِنْ هَٰذِهِۦ لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّٰكِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктерге): “Кургактагы жана деңиздеги апааттарда жалбарып жана ичиңерден: “Эгер ушунан куткарса, сөзсүз шүгүр (ибадат) кылуучулардан боломун” - деп кимге дуба кыласыңар жана силерди (ошол балээден) ким куткарат?” - деп айткын.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلِ ٱللَّهُ يُنَجِّيكُم مِّنْهَا وَمِن كُلِّ كَرْبٍ ثُمَّ أَنتُمْ تُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Силерди ал апааттардан жана башка бардык кайгылардан Аллах гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайларды”) шерик кыла бересиңер”.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ هُوَ ٱلْقَادِرُ عَلَىٰٓ أَن يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عَذَابًا مِّن فَوْقِكُمْ أَوْ مِن تَحْتِ أَرْجُلِكُمْ أَوْ يَلْبِسَكُمْ شِيَعًا وَيُذِيقَ بَعْضَكُم بَأْسَ بَعْضٍ ٱنظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ ٱلْـَٔايَٰتِ لَعَلَّهُمْ يَفْقَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!”[1] (Оо, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَّبَ بِهِۦ قَوْمُكَ وَهُوَ ٱلْحَقُّ قُل لَّسْتُ عَلَيْكُم بِوَكِيلٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенин (Меккедеги) коомуң аны (Куранды) “жалган” - деди. Чынында, ал - акыйкат. Аларга: “Мен силерге кароолчу эмесмин - деп айт.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِّكُلِّ نَبَإٍ مُّسْتَقَرٌّ وَسَوْفَ تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАр бир кабардын өз убактысы бар. Тез арада анын чындык экенин билип аласыңар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا رَأَيْتَ ٱلَّذِينَ يَخُوضُونَ فِىٓ ءَايَٰتِنَا فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ حَتَّىٰ يَخُوضُوا۟ فِى حَدِيثٍ غَيْرِهِۦ وَإِمَّا يُنسِيَنَّكَ ٱلشَّيْطَٰنُ فَلَا تَقْعُدْ بَعْدَ ٱلذِّكْرَىٰ مَعَ ٱلْقَوْمِ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңен чыгып алар менен отурган болсоң) эстегениңден кийин залым коомдор менен отурба!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا عَلَى ٱلَّذِينَ يَتَّقُونَ مِنْ حِسَابِهِم مِّن شَىْءٍ وَلَٰكِن ذِكْرَىٰ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТакыба (Аллахтан корккон) кишилердин мойнунда алардын (мушриктердин) эсебинен эч нерсе жок. Бирок, акыл-насаат айтуу гана бар. Мүмкүн алар дагы такыба болуп калышаар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَذَرِ ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُوا۟ دِينَهُمْ لَعِبًا وَلَهْوًا وَغَرَّتْهُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا وَذَكِّرْ بِهِۦٓ أَن تُبْسَلَ نَفْسٌۢ بِمَا كَسَبَتْ لَيْسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلِىٌّ وَلَا شَفِيعٌ وَإِن تَعْدِلْ كُلَّ عَدْلٍ لَّا يُؤْخَذْ مِنْهَآ أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ أُبْسِلُوا۟ بِمَا كَسَبُوا۟ لَهُمْ شَرَابٌ مِّنْ حَمِيمٍ وَعَذَابٌ أَلِيمٌۢ بِمَا كَانُوا۟ يَكْفُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДиндерин оюн-тамашага айлантып, дүйнө жашоосуна алданып калган адамдардан оолак бол! Аларга Куран менен (төмөнкүлөрдү) эскерт: Ар бир жан өзүнүн гана кылган иши менен өлүмгө барат. (Ошондо) ага Аллахтан башка эч бир дос, эч бир колдоочу болбойт жана (эгер күнөөсүнүн кечирилүүсү үчүн) ар кандай (баалуу) нерсени берсе да, анысы кабыл кылынбайт. Алар өз кылмыштары менен өлүмгө (тозокко) жолуктурулат. Аларга каапыр болгондору үчүн(тозокто) кайнак суу менен жан ооруткан азап бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَنَدْعُوا۟ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُنَا وَلَا يَضُرُّنَا وَنُرَدُّ عَلَىٰٓ أَعْقَابِنَا بَعْدَ إِذْ هَدَىٰنَا ٱللَّهُ كَٱلَّذِى ٱسْتَهْوَتْهُ ٱلشَّيَٰطِينُ فِى ٱلْأَرْضِ حَيْرَانَ لَهُۥٓ أَصْحَٰبٌ يَدْعُونَهُۥٓ إِلَى ٱلْهُدَى ٱئْتِنَا قُلْ إِنَّ هُدَى ٱللَّهِ هُوَ ٱلْهُدَىٰ وَأُمِرْنَا لِنُسْلِمَ لِرَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: (“О, мушриктер), биз (силерге окшоп) Аллахтан башка, пайда, да, зыян да жеткире албай турган нерселерге дуба кылмак белек?! Жана да, жер бетиндеги, (бир жагынан) шайтандар азгырып, (экинчи жагынан) өзүнүн достору “кел” деп, туура жолго чакырып турганда (орто жолдо) эмне кылаарын билбей калган адам сыяктуу, Аллах туура жолго баштап койгон соң, дагы артыбызга кайтмак белек?!” Айткын: “Туура жол - бул Аллахтын жолу жана биз ааламдардын Раббисине моюн сунууга буюрулганбыз”.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنْ أَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَٱتَّقُوهُ وَهُوَ ٱلَّذِىٓ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Дагы биз) “Намазды толук окугула жана Аллахка такыба болгула” (деп буюрулганбыз). Ал – баарыңар чогулуп бара турган Аллах.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ وَيَوْمَ يَقُولُ كُن فَيَكُونُ قَوْلُهُ ٱلْحَقُّ وَلَهُ ٱلْمُلْكُ يَوْمَ يُنفَخُ فِى ٱلصُّورِ عَٰلِمُ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ وَهُوَ ٱلْحَكِيمُ ٱلْخَبِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл - асмандар менен жерди акыйкат менен жараткан Аллах. Ал “бол!” деген күндө болуп (жаралып) калат. Анын Сөзү - чындык! «Сур» (деген чоор) тартылган күнү бүт падышалык Ага гана таандык болот. Ал көрүнгөндү да, көмүскөнү да Билүүчү! Ал – Даанышман, Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ قَالَ إِبْرَٰهِيمُ لِأَبِيهِ ءَازَرَ أَتَتَّخِذُ أَصْنَامًا ءَالِهَةً إِنِّىٓ أَرَىٰكَ وَقَوْمَكَ فِى ضَلَٰلٍ مُّبِينٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегин: Ибрахим атасы Аазарга: “(Ушул пайдасы да, зыяны да жок) таштарды ибадат кылууга татыктуу кудайлар деп эсептейсизби? Мен сизди жана коомуңузду анык адашууда деп ойлоймун” - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ نُرِىٓ إِبْرَٰهِيمَ مَلَكُوتَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَلِيَكُونَ مِنَ ٱلْمُوقِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле, Биз Ибрахим анык ишенүүчүлөрдөн болуусу үчүн асмандардагы жана жердеги мүлктөрдү көрсөттүк.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا جَنَّ عَلَيْهِ ٱلَّيْلُ رَءَا كَوْكَبًا قَالَ هَٰذَا رَبِّى فَلَمَّآ أَفَلَ قَالَ لَآ أُحِبُّ ٱلْـَٔافِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАны түн (караңгылыгы) ороп алганда (чырактай) жылдызды көрүп: “Бул - менин Раббим” деди. Ал эми, жылдыз көрүнбөй калганда “Жоголуп кетүүчүлөрдү сүйбөймүн” деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا رَءَا ٱلْقَمَرَ بَازِغًا قَالَ هَٰذَا رَبِّى فَلَمَّآ أَفَلَ قَالَ لَئِن لَّمْ يَهْدِنِى رَبِّى لَأَكُونَنَّ مِنَ ٱلْقَوْمِ ٱلضَّآلِّينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, (жаркырап) чыгып келген Айды көрө калып: “Мына, менин Раббим!” - деди. Кийин, Ай дагы жоголуп кеткенде “Эгер Раббим мени туура жолго баштабаса, адашуучулардан болуп каламын!” - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَلَمَّا رَءَا ٱلشَّمْسَ بَازِغَةً قَالَ هَٰذَا رَبِّى هَٰذَآ أَكْبَرُ فَلَمَّآ أَفَلَتْ قَالَ يَٰقَوْمِ إِنِّى بَرِىٓءٌ مِّمَّا تُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң, (нур чачып) чыккан Күндү көрүп, «Раббим – ушул! Ушул эң чоңу!» деди. Анан Күн дагы батып кеткенде: (Асман-Жер мүлктөрүнүн Кудай эместигине анык ишенип, жалгыз Рабби - Аллах экенинен шек санабай) “О, элим! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан (бардык) нерселерден тазамын! - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنِّى وَجَّهْتُ وَجْهِىَ لِلَّذِى فَطَرَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ حَنِيفًا وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМен адашуудан акыйкатка кайтып, асмандарды жана жерди жараткан чыныгы Кудайга (Аллахка) жүзүмдү бурдум жана (эч качан) мушриктерден болбоймун” - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَحَآجَّهُۥ قَوْمُهُۥ قَالَ أَتُحَٰٓجُّوٓنِّى فِى ٱللَّهِ وَقَدْ هَدَىٰنِ وَلَآ أَخَافُ مَا تُشْرِكُونَ بِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَشَآءَ رَبِّى شَيْـًٔا وَسِعَ رَبِّى كُلَّ شَىْءٍ عِلْمًا أَفَلَا تَتَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАга (каршы) эли каяша айта баштаганда, ал: “Мени менен Аллах тууралуу тартышып жатасыңарбы?! Ал мени туура жолго баштады! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан “кудайыңардан” коркпоймун! (Алар эч кандай пайда-зыян тийгизе албайт) Бир гана, Раббим каалаган нерсе болот. Менин Раббим бардык нерсени Өз илими менен ороп алган. (Ушулар жөнүндө) ойлонсоңор болбойбу?!” - деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَيْفَ أَخَافُ مَآ أَشْرَكْتُمْ وَلَا تَخَافُونَ أَنَّكُمْ أَشْرَكْتُم بِٱللَّهِ مَا لَمْ يُنَزِّلْ بِهِۦ عَلَيْكُمْ سُلْطَٰنًا فَأَىُّ ٱلْفَرِيقَيْنِ أَحَقُّ بِٱلْأَمْنِ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер (анын кудай экенине Аллах) эч бир далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылуудан коркпосоңор, мен силер (Аллахка) шерик кылган “кудайлардан” коркуп калмак белем?! Эгер билсеңер, айткылачы, кайсыл тарап бейпилдикке көбүрөөк акылуу (силерби же менби)?

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَلَمْ يَلْبِسُوٓا۟ إِيمَٰنَهُم بِظُلْمٍ أُو۟لَٰٓئِكَ لَهُمُ ٱلْأَمْنُ وَهُم مُّهْتَدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жалгыз Раббиге) ыйман келтирип, ыймандарына зулумдук (ширк) аралаштырбаган адамдарга гана тынчтык-амандык болот жана ошолор - туура жолго түшкөндөр!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتِلْكَ حُجَّتُنَآ ءَاتَيْنَٰهَآ إِبْرَٰهِيمَ عَلَىٰ قَوْمِهِۦ نَرْفَعُ دَرَجَٰتٍ مَّن نَّشَآءُ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушрик болгон) коомунан жогору (келүү үчүн) Биз Ибрахимге берген далилдер – ушулар. Биз каалаган пендебиздин даражасын көтөрөбүз. Акыйкатта, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَوَهَبْنَا لَهُۥٓ إِسْحَٰقَ وَيَعْقُوبَ كُلًّا هَدَيْنَا وَنُوحًا هَدَيْنَا مِن قَبْلُ وَمِن ذُرِّيَّتِهِۦ دَاوُۥدَ وَسُلَيْمَٰنَ وَأَيُّوبَ وَيُوسُفَ وَمُوسَىٰ وَهَٰرُونَ وَكَذَٰلِكَ نَجْزِى ٱلْمُحْسِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз ага (Ибрахимге) Исхак менен (анын уулу) Яькубду[1] тартууладык. Биз ал экөөнү тең туура жолго баштаганбыз жана (алардан) мурун Биз Нухту туура жолго багыттадык. Дагы анын урпактарынан Даудду, Сулайманды, Айюбду, Юсуфту, Мусаны жана Харунду (туура жолго багыттаганбыз). Жакшылык кылуучу адамдарды Биз ушинтип сыйлайбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَزَكَرِيَّا وَيَحْيَىٰ وَعِيسَىٰ وَإِلْيَاسَ كُلٌّ مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле Закария, Яхия, Иса, Илясты (дагы туура жолго баштадык) бардыгы салих (жакшы, такыба) адамдардан эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِسْمَٰعِيلَ وَٱلْيَسَعَ وَيُونُسَ وَلُوطًا وَكُلًّا فَضَّلْنَا عَلَى ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле Исмаил, Ал-Ясаь, Юнус, Лутту да (туура жолго багыттадык) жана баарын ааламдардан абзел-артыкча кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنْ ءَابَآئِهِمْ وَذُرِّيَّٰتِهِمْ وَإِخْوَٰنِهِمْ وَٱجْتَبَيْنَٰهُمْ وَهَدَيْنَٰهُمْ إِلَىٰ صِرَٰطٍ مُّسْتَقِيمٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын аталарын, урпактарын жана ага-инилерин да (башка элдердин арасынан) тандап алып, туура жолго баштадык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ هُدَى ٱللَّهِ يَهْدِى بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦ وَلَوْ أَشْرَكُوا۟ لَحَبِطَ عَنْهُم مَّا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшул - Аллахтын туура жолу. Пенделеринин арасынан Өзү каалаганын ушул жолго баштайт. Эгер алар Аллахка шерик кошчу болсо, (ким болгонуна карабай) кылган (жакшы) иштеринин баары текке кетет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَٰهُمُ ٱلْكِتَٰبَ وَٱلْحُكْمَ وَٱلنُّبُوَّةَ فَإِن يَكْفُرْ بِهَا هَٰٓؤُلَآءِ فَقَدْ وَكَّلْنَا بِهَا قَوْمًا لَّيْسُوا۟ بِهَا بِكَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшолор – Биз аларга Китепти, өкүмдү жана пайгамбарлыкты берген адамдар. Эгер алар (мушриктер аяттарга) каапыр болушса, Биз аны каапыр болбой турган башка адамдарга тапшырабыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أُو۟لَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ هَدَى ٱللَّهُ فَبِهُدَىٰهُمُ ٱقْتَدِهْ قُل لَّآ أَسْـَٔلُكُمْ عَلَيْهِ أَجْرًا إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرَىٰ لِلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшолор (жогоруда айтылгандар) Аллах туура жолго баштаган пайгамбарлар. (О, Мухаммад!) Сен ошолордун гана жолуна ээрчигин. (Коомуңа Аллахтын сөздөрүн окуп берип:) “Мен бул үчүн силерден акы сурабаймын. Бул ааламдар үчүн эскертүү” дегин.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا قَدَرُوا۟ ٱللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِۦٓ إِذْ قَالُوا۟ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ عَلَىٰ بَشَرٍ مِّن شَىْءٍ قُلْ مَنْ أَنزَلَ ٱلْكِتَٰبَ ٱلَّذِى جَآءَ بِهِۦ مُوسَىٰ نُورًا وَهُدًى لِّلنَّاسِ تَجْعَلُونَهُۥ قَرَاطِيسَ تُبْدُونَهَا وَتُخْفُونَ كَثِيرًا وَعُلِّمْتُم مَّا لَمْ تَعْلَمُوٓا۟ أَنتُمْ وَلَآ ءَابَآؤُكُمْ قُلِ ٱللَّهُ ثُمَّ ذَرْهُمْ فِى خَوْضِهِمْ يَلْعَبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (Мекке мушриктери менен жөөттөр) Аллахка туура баа бере албай, бир кезде: “Аллах адамзатка эч нерсе түшүргөн жок” - дешти. Айткын: “Муса адамдарга туура жол, Нур болуусу үчүн алып келген, силер аны кагаздарга жазып алып, кээ бирин гана (элге) ашкере көргөзүп, көп бөлүгүн жашырып койгон жана силер да, ата-бабаңар да билбеген нерселерди силерге үйрөткөн Китепти (Тооратты) ким түшүрдү эле?!” Айткын: “Аллах (түшүргөн)!” Кийин аларды адашуусунда тереңдеп, ойноп-күлгөн абалында таштап кой!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهَٰذَا كِتَٰبٌ أَنزَلْنَٰهُ مُبَارَكٌ مُّصَدِّقُ ٱلَّذِى بَيْنَ يَدَيْهِ وَلِتُنذِرَ أُمَّ ٱلْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا وَٱلَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ يُؤْمِنُونَ بِهِۦ وَهُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сага түшүргөн бул Китеп Ыйык-берекелүү. Өзүнөн мурунку китептерди тастыктоочу жана шаарлардын энеси (Мекке) менен анын тегерегинде[1] жашаган адамдарга насаат-эскертүүчү болуп (түшкөн). Акыретке ыйман келтирген адамдар, ага да ыйман келтиришет жана алар намаздарын сакташат (убактысында окушат).

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا أَوْ قَالَ أُوحِىَ إِلَىَّ وَلَمْ يُوحَ إِلَيْهِ شَىْءٌ وَمَن قَالَ سَأُنزِلُ مِثْلَ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ وَلَوْ تَرَىٰٓ إِذِ ٱلظَّٰلِمُونَ فِى غَمَرَٰتِ ٱلْمَوْتِ وَٱلْمَلَٰٓئِكَةُ بَاسِطُوٓا۟ أَيْدِيهِمْ أَخْرِجُوٓا۟ أَنفُسَكُمُ ٱلْيَوْمَ تُجْزَوْنَ عَذَابَ ٱلْهُونِ بِمَا كُنتُمْ تَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ غَيْرَ ٱلْحَقِّ وَكُنتُمْ عَنْ ءَايَٰتِهِۦ تَسْتَكْبِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүнө эч кандай аян-кабар келбесе деле, Аллах жөнүндө жалганды ойлоп таап: “Мага Аллахтан аян-кабар келди” жана “Мен деле Аллах түшүргөн сыяктуу Дин-Шарият түшүрө (түзө) аламын” деген адамдардан өткөн залым барбы?! Сен ошол залымдардын өлүм алдында жаткан учурун жана периштелер аларга колун созуп : “Жаныңарды чыгаргыла! Бүгүн силер Аллахтын аяттарынан текеберлене жүз үйрүп, Аллахтын атына жалган-жалааларды айтканыңар себептүү кордук азабы менен жазаланасыңар” дегенин бир көрсөң...

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَقَدْ جِئْتُمُونَا فُرَٰدَىٰ كَمَا خَلَقْنَٰكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَتَرَكْتُم مَّا خَوَّلْنَٰكُمْ وَرَآءَ ظُهُورِكُمْ وَمَا نَرَىٰ مَعَكُمْ شُفَعَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ زَعَمْتُمْ أَنَّهُمْ فِيكُمْ شُرَكَٰٓؤُا۟ لَقَد تَّقَطَّعَ بَيْنَكُمْ وَضَلَّ عَنكُم مَّا كُنتُمْ تَزْعُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБизге, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, өзүңөр жалгыз келдиңер го. Биз берген (байлык, бийлик, дос, жардамчы ж.б.у.с.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллахтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды дагы көрбөй жатабыз?! Араңар үзүлдү, силер (пайда деп) ойлогон нерсеңер жок болду!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱللَّهَ فَالِقُ ٱلْحَبِّ وَٱلنَّوَىٰ يُخْرِجُ ٱلْحَىَّ مِنَ ٱلْمَيِّتِ وَمُخْرِجُ ٱلْمَيِّتِ مِنَ ٱلْحَىِّ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах данды да, данекти да жаруучу![1] Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат![2] (Ал) ушундай Аллах! Дагы (Ага ибадат кылбай) кайда кетип баратасыңар?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَالِقُ ٱلْإِصْبَاحِ وَجَعَلَ ٱلَّيْلَ سَكَنًا وَٱلشَّمْسَ وَٱلْقَمَرَ حُسْبَانًا ذَٰلِكَ تَقْدِيرُ ٱلْعَزِيزِ ٱلْعَلِيمِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал түндү) жарып таңды чыгаруучу жана Ал түндү башпаанек, Күн менен Айды эсеп (убакытты билдирип туруучу нерселерден) кылды. Бул – Кудуретүү, Билүүчү Аллахтын тагдыры.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِى جَعَلَ لَكُمُ ٱلنُّجُومَ لِتَهْتَدُوا۟ بِهَا فِى ظُلُمَٰتِ ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ قَدْ فَصَّلْنَا ٱلْـَٔايَٰتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл жылдыздарды силер, аны менен деңиздердин жана кургактыктын караңгылыгында жол табууңар үчүн жараткан. Биз (Өз кудуретибизге далил болгон) белгилерди, билген адамдар үчүн (ушинтип) толук баян кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنشَأَكُم مِّن نَّفْسٍ وَٰحِدَةٍ فَمُسْتَقَرٌّ وَمُسْتَوْدَعٌ قَدْ فَصَّلْنَا ٱلْـَٔايَٰتِ لِقَوْمٍ يَفْقَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силердин жаратылууңарды бир гана жандан (Адам-Атадан) баштаган. (Бардык адамдар) түбөлүк жайда жана убактылуу орундарда (болушат).[1] Түшүнгөн адамдар үчүн Биз далилдерди толук баян кылдык.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَأَخْرَجْنَا بِهِۦ نَبَاتَ كُلِّ شَىْءٍ فَأَخْرَجْنَا مِنْهُ خَضِرًا نُّخْرِجُ مِنْهُ حَبًّا مُّتَرَاكِبًا وَمِنَ ٱلنَّخْلِ مِن طَلْعِهَا قِنْوَانٌ دَانِيَةٌ وَجَنَّٰتٍ مِّنْ أَعْنَابٍ وَٱلزَّيْتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُشْتَبِهًا وَغَيْرَ مُتَشَٰبِهٍ ٱنظُرُوٓا۟ إِلَىٰ ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثْمَرَ وَيَنْعِهِۦٓ إِنَّ فِى ذَٰلِكُمْ لَـَٔايَٰتٍ لِّقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл асмандан (адамдар, айбандар жана өсүмдүктөр күткөн) сууну түшүрдү. Кийин Биз ал (суу) менен түрдүү өнүп-өскөн нерселерди чыгардык. Алардан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо, тизилген дандарды (машактарды) чыгарабыз. (Ошондой эле) курмадан - анын муун-бутактарынан (терип алуучулар үчүн) ийилген кош шиңгилдер (чыгарылат). (Биз) жүзүм бактары менен бирге зайтундан, анардан бири-бирине окшогон жана окшобогондорун чыгарабыз. (О, адамдар!) Силер алардын ар биринин түйгөн жана бышып жетилген мөмөлөрүнө карагыла. Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) далилдер бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلُوا۟ لِلَّهِ شُرَكَآءَ ٱلْجِنَّ وَخَلَقَهُمْ وَخَرَقُوا۟ لَهُۥ بَنِينَ وَبَنَٰتٍۭ بِغَيْرِ عِلْمٍ سُبْحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يَصِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер) Аллахга жиндерди шерик кылышты. Чынында, бардыгын Аллах жараткан. Дагы алар илимсиздик менен Анын (Аллахтын) уул - кыздары бар деп жалаа жабышты. Аллах, алар сыпаттагандан Таза жана Бийик.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

بَدِيعُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ أَنَّىٰ يَكُونُ لَهُۥ وَلَدٌ وَلَمْ تَكُن لَّهُۥ صَٰحِبَةٌ وَخَلَقَ كُلَّ شَىْءٍ وَهُوَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал) Асмандарды жана жерди жоктон бар кылган. Анын аялы жок болсо, баласы кайдан болсун?! Ал бардыгын Өзү жараткан жана Ал бардык нерселерди Билүүчү.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمْ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ خَٰلِقُ كُلِّ شَىْءٍ فَٱعْبُدُوهُ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ وَكِيلٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшул Аллах - силердин Раббиңер![1] Ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок, Анын Өзү бар. Ал ар бир нерсенин жаратуучусу. Эми, Ага гана ибадат кылгыла! Ал бардык нерселердин Башкаруучусу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا تُدْرِكُهُ ٱلْأَبْصَٰرُ وَهُوَ يُدْرِكُ ٱلْأَبْصَٰرَ وَهُوَ ٱللَّطِيفُ ٱلْخَبِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөздөр аны камтый албайт. Ал көздөрдү камтыйт.[1] Ал – Латиф[2] (жана) Кабардар

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَدْ جَآءَكُم بَصَآئِرُ مِن رَّبِّكُمْ فَمَنْ أَبْصَرَ فَلِنَفْسِهِۦ وَمَنْ عَمِىَ فَعَلَيْهَا وَمَآ أَنَا۠ عَلَيْكُم بِحَفِيظٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад, адамдарга айт:) «Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди. Ким аларды көрсө - өзүнө пайда. Ким сокур болуп алса - өзүнө зыян! Мен силердин үстүңөрдө кароол эмесмин».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ نُصَرِّفُ ٱلْـَٔايَٰتِ وَلِيَقُولُوا۟ دَرَسْتَ وَلِنُبَيِّنَهُۥ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, (о, Мухаммад, сага каапырлар “Куранды бирөөлөрдөн) үйрөнгөнсүң” деп айтуулары үчүн жана аны билген (түшүнгөн) адамдарга баян кылып беришибиз үчүн аяттарыбызды ар түрдүү таризде тизмектеп бердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱتَّبِعْ مَآ أُوحِىَ إِلَيْكَ مِن رَّبِّكَ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ وَأَعْرِضْ عَنِ ٱلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүңө Раббиң тарабынан аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчигин. Ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок, жалгыз Ал гана бар. Сен мушриктерден жүз бур!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَآ أَشْرَكُوا۟ وَمَا جَعَلْنَٰكَ عَلَيْهِمْ حَفِيظًا وَمَآ أَنتَ عَلَيْهِم بِوَكِيلٍ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах каалаганда, алар ширк келтиришпейт эле.[1] Биз сени аларга кароолчу кылбадык жана сен аларга өкүл (жоопкер) да эмессиң.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَسُبُّوا۟ ٱلَّذِينَ يَدْعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ فَيَسُبُّوا۟ ٱللَّهَ عَدْوًۢا بِغَيْرِ عِلْمٍ كَذَٰلِكَ زَيَّنَّا لِكُلِّ أُمَّةٍ عَمَلَهُمْ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِم مَّرْجِعُهُمْ فَيُنَبِّئُهُم بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, ыймандуулар!) Аллахтан башкага дуба (ибадат) кылгандарды(н “кудайларын”) акаарат кылбагыла. Антсеңер, алар дагы душмандык кылып, илимсиздик менен Аллахты сөгүшөт. Биз бардык элдерге өз амалдарын кооз көргөзүп койдук. Кийин, бардыгынын кайтаар жери – Раббисине. Анан Ал (бардыгына бул дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَقْسَمُوا۟ بِٱللَّهِ جَهْدَ أَيْمَٰنِهِمْ لَئِن جَآءَتْهُمْ ءَايَةٌ لَّيُؤْمِنُنَّ بِهَا قُلْ إِنَّمَا ٱلْـَٔايَٰتُ عِندَ ٱللَّهِ وَمَا يُشْعِرُكُمْ أَنَّهَآ إِذَا جَآءَتْ لَا يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер) эгер аларга бир мужиза келсе, ага сөзсүз ыйман келтирүүлөрү жөнүндө жан үрөп Аллахтын аты менен ант ичишет. Айткын: “Мужизалар Аллахтын алдында”. Силерге эмне билдирди?! Чынында, мужиза келсе да алар ыйман келтиришпейт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَنُقَلِّبُ أَفْـِٔدَتَهُمْ وَأَبْصَٰرَهُمْ كَمَا لَمْ يُؤْمِنُوا۟ بِهِۦٓ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَنَذَرُهُمْ فِى طُغْيَٰنِهِمْ يَعْمَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аларга) биринчи ирет (сунушталганда) ыйманга келбегендери сыяктуу Биз алардын көздөрүн жана жүрөктөрүн оодарып койобуз жана аларды адашуучулугунда тентиген абалда таштап коёбуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْ أَنَّنَا نَزَّلْنَآ إِلَيْهِمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةَ وَكَلَّمَهُمُ ٱلْمَوْتَىٰ وَحَشَرْنَا عَلَيْهِمْ كُلَّ شَىْءٍ قُبُلًا مَّا كَانُوا۟ لِيُؤْمِنُوٓا۟ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَهُمْ يَجْهَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер биз аларга (пайгамбарга жолуккан) периштелерди түшүрсөк да, эгер аларга (Мухаммад алып келген нерсенин чындыгын) өлүктөр (тирилип) айтып берсе да, (мужизанын) баарын аларга тобу менен алып келсек да ыйман келтиришпейт. Аллах кааласа гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көпчүлүгү наадан адамдар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا لِكُلِّ نَبِىٍّ عَدُوًّا شَيَٰطِينَ ٱلْإِنسِ وَٱلْجِنِّ يُوحِى بَعْضُهُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ زُخْرُفَ ٱلْقَوْلِ غُرُورًا وَلَوْ شَآءَ رَبُّكَ مَا فَعَلُوهُ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле, Биз ар бир пайгамбарга адам жана жинден болгон шайтандарды душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бир-бирине (жалган) бал сөздөрдү шыбырашышат. Эгер, Раббиң кааласа андай кылмак эмес. Эми, аларды жалгандан чыгарган жалаалары менен (бирге) таштап сал,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلِتَصْغَىٰٓ إِلَيْهِ أَفْـِٔدَةُ ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ وَلِيَرْضَوْهُ وَلِيَقْتَرِفُوا۟ مَا هُم مُّقْتَرِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл сөздөргө Акыретке ыйман келтирбеген адамдардын жүрөктөрү муюп, ыраазы болуп, билген (арам) иштерин жасап жүрө берүүсү үчүн!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَفَغَيْرَ ٱللَّهِ أَبْتَغِى حَكَمًا وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنزَلَ إِلَيْكُمُ ٱلْكِتَٰبَ مُفَصَّلًا وَٱلَّذِينَ ءَاتَيْنَٰهُمُ ٱلْكِتَٰبَ يَعْلَمُونَ أَنَّهُۥ مُنَزَّلٌ مِّن رَّبِّكَ بِٱلْحَقِّ فَلَا تَكُونَنَّ مِنَ ٱلْمُمْتَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Айткын): «Аллахтан башканы өкүмдар кылып алайынбы?! Ал силерге Китепти, (бардык адал-арамды) толук (баяндоочу) кылып түшүрдү». Биз Китеп берген элдер (яхудилер менен христиандар) Курандын Раббиң тарабынан Акыйкат менен түшүрүлгөнүн билишет. (Сен буга) шектенүүчүлөрдөн болбо!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَتَمَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ صِدْقًا وَعَدْلًا لَّا مُبَدِّلَ لِكَلِمَٰتِهِۦ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلْعَلِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиңдин Сөздөрү бардык чындык – адилетти (баяндап) бүтүргөн. Анын Сөздөрүн өзгөртүүчү жок. Ал – Угуучу, Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِن تُطِعْ أَكْثَرَ مَن فِى ٱلْأَرْضِ يُضِلُّوكَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنْ هُمْ إِلَّا يَخْرُصُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллахтын жолунан адаштырып салышат. (Анткени,) Алар күмөнгө гана ээрчишет жана жалгандарды ойлоп табышат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ مَن يَضِلُّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُهْتَدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, сенин Раббиң, Өзүнө алып барчу жолдон адашып кеткендерди эң жакшы билет жана туура жол тапкандарды да эң жакшы билет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكُلُوا۟ مِمَّا ذُكِرَ ٱسْمُ ٱللَّهِ عَلَيْهِ إِن كُنتُم بِـَٔايَٰتِهِۦ مُؤْمِنِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, ыймандуулар!) Эгер Аллахтын аяттарына ыйман келтирген болсоңор, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден гана жегиле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَا لَكُمْ أَلَّا تَأْكُلُوا۟ مِمَّا ذُكِرَ ٱسْمُ ٱللَّهِ عَلَيْهِ وَقَدْ فَصَّلَ لَكُم مَّا حَرَّمَ عَلَيْكُمْ إِلَّا مَا ٱضْطُرِرْتُمْ إِلَيْهِ وَإِنَّ كَثِيرًا لَّيُضِلُّونَ بِأَهْوَآئِهِم بِغَيْرِ عِلْمٍ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِٱلْمُعْتَدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге эмне болду, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден жебей жатасыңар?! Аллах силерге арам болгон нерселерди толук баяндап берди го! Бир гана аргасыз калганыңарда (жан сактоо үчүн жесеңер – уруксат). Албетте, көпчүлүк адамдар билбестиктен улам, өз каалоолорун ээрчип, адашып кетишүүдө. Раббиң чектен чыгуучуларды жакшы билет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَذَرُوا۟ ظَٰهِرَ ٱلْإِثْمِ وَبَاطِنَهُۥٓ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكْسِبُونَ ٱلْإِثْمَ سَيُجْزَوْنَ بِمَا كَانُوا۟ يَقْتَرِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКүнөөлөрдүн көрүнгөнүн да, көмүскөсүн да таштагыла! (Кандай болбосун) күнөө иш жасаган адамдар кылмыштарына жараша жакында жазаларын алышат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَأْكُلُوا۟ مِمَّا لَمْ يُذْكَرِ ٱسْمُ ٱللَّهِ عَلَيْهِ وَإِنَّهُۥ لَفِسْقٌ وَإِنَّ ٱلشَّيَٰطِينَ لَيُوحُونَ إِلَىٰٓ أَوْلِيَآئِهِمْ لِيُجَٰدِلُوكُمْ وَإِنْ أَطَعْتُمُوهُمْ إِنَّكُمْ لَمُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени,) Ал – анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوَمَن كَانَ مَيْتًا فَأَحْيَيْنَٰهُ وَجَعَلْنَا لَهُۥ نُورًا يَمْشِى بِهِۦ فِى ٱلنَّاسِ كَمَن مَّثَلُهُۥ فِى ٱلظُّلُمَٰتِ لَيْسَ بِخَارِجٍ مِّنْهَا كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلْكَٰفِرِينَ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖаны жок кезде Биз ага жан берип, адамдар арасында аны менен (жолун жарытып) жүрө турган нурду колуна карматып койгон адам караңгылыктан чыкпай жүргөн адамга окшомок беле?[1] Ушул сыяктуу, каапырларга өздөрүнүн жасап жаткан иштери (шайтандар тарабынан) кооз көргөзүлүп коюлган.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَا فِى كُلِّ قَرْيَةٍ أَكَٰبِرَ مُجْرِمِيهَا لِيَمْكُرُوا۟ فِيهَا وَمَا يَمْكُرُونَ إِلَّا بِأَنفُسِهِمْ وَمَا يَشْعُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, Биз ар бир айыл-шаарга, ошол жерде (динге каршы) айла-амал кылуусу үчүн, күнөөкөр чоңдорун койдук. Алар амалкөйлүк кылышат, бирок сезбеген абалда өздөрүн-өздөрү алдашат.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذَا جَآءَتْهُمْ ءَايَةٌ قَالُوا۟ لَن نُّؤْمِنَ حَتَّىٰ نُؤْتَىٰ مِثْلَ مَآ أُوتِىَ رُسُلُ ٱللَّهِ ٱللَّهُ أَعْلَمُ حَيْثُ يَجْعَلُ رِسَالَتَهُۥ سَيُصِيبُ ٱلَّذِينَ أَجْرَمُوا۟ صَغَارٌ عِندَ ٱللَّهِ وَعَذَابٌ شَدِيدٌۢ بِمَا كَانُوا۟ يَمْكُرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга (Ислам чындыгына) далил келчү болсо (текеберленишип): “Аллахтын пайгамбарларына берилген нерсе (пайгамбарлык) бизге да берилмейинче ыйман келтирбейбиз” - дешет. Аллах Өз пайгамбарлыгын кимге берүүнү жакшы билет. Күнөөкөр адамдар болсо, Аллахтын алдында, (динге каршы) айлакерликтери үчүн кор кылуучу, катуу азапка дуушар болушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَن يُرِدِ ٱللَّهُ أَن يَهْدِيَهُۥ يَشْرَحْ صَدْرَهُۥ لِلْإِسْلَٰمِ وَمَن يُرِدْ أَن يُضِلَّهُۥ يَجْعَلْ صَدْرَهُۥ ضَيِّقًا حَرَجًا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِى ٱلسَّمَآءِ كَذَٰلِكَ يَجْعَلُ ٱللَّهُ ٱلرِّجْسَ عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах кимди туура жолго баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга ачып койот. Ал эми, кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу тар кылып койот. Аллах ыйман келтирбегендерди мына ушинтип жазалайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهَٰذَا صِرَٰطُ رَبِّكَ مُسْتَقِيمًا قَدْ فَصَّلْنَا ٱلْـَٔايَٰتِ لِقَوْمٍ يَذَّكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМына ушул (айтылгандар) Раббиңдин туура жолу. Биз (Аллахты) эстеген адамдар үчүн аяттарды толук баяндап бердик.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَهُمْ دَارُ ٱلسَّلَٰمِ عِندَ رَبِّهِمْ وَهُوَ وَلِيُّهُم بِمَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол (Аллахты эстеген) адамдарга Раббисинин алдында тынчтык үйү (бейиш) бар. Жасаган (жакшы) иштери үчүн (бейиште) аларга Аллах камкордук кылат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا يَٰمَعْشَرَ ٱلْجِنِّ قَدِ ٱسْتَكْثَرْتُم مِّنَ ٱلْإِنسِ وَقَالَ أَوْلِيَآؤُهُم مِّنَ ٱلْإِنسِ رَبَّنَا ٱسْتَمْتَعَ بَعْضُنَا بِبَعْضٍ وَبَلَغْنَآ أَجَلَنَا ٱلَّذِىٓ أَجَّلْتَ لَنَا قَالَ ٱلنَّارُ مَثْوَىٰكُمْ خَٰلِدِينَ فِيهَآ إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын баарын чогулта турган Күндө (Аллах) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабылган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар тозок! - дейт (Аллах). Анда түбөлүк каласыңар! Аллах каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ نُوَلِّى بَعْضَ ٱلظَّٰلِمِينَ بَعْضًۢا بِمَا كَانُوا۟ يَكْسِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, биз, жасаган кылмыштары(нын окшоштугу)на карап, залымдарды бири-бирине дос-башчы кылып койобуз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰمَعْشَرَ ٱلْجِنِّ وَٱلْإِنسِ أَلَمْ يَأْتِكُمْ رُسُلٌ مِّنكُمْ يَقُصُّونَ عَلَيْكُمْ ءَايَٰتِى وَيُنذِرُونَكُمْ لِقَآءَ يَوْمِكُمْ هَٰذَا قَالُوا۟ شَهِدْنَا عَلَىٰٓ أَنفُسِنَا وَغَرَّتْهُمُ ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا وَشَهِدُوا۟ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ أَنَّهُمْ كَانُوا۟ كَٰفِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, жиндер жана инсандардын (каапыр) жамааты! Силерге өзүңөрдүн араңардан (Биздин) элчилер келип, Менин аяттарымды окуп берип, ушул күнүңөрдөгү жолугушуу жөнүндө силерди эскертпеди беле?! Алар: “Өзүбүзгө каршы күбө болдук!” дешет. Аларды дүйнө жашоосу(нун арам кооздуктары) алдап койгон эле. Мына эми, өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбө болушту.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ أَن لَّمْ يَكُن رَّبُّكَ مُهْلِكَ ٱلْقُرَىٰ بِظُلْمٍ وَأَهْلُهَا غَٰفِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби: Сенин Раббиң эч бир шаарды, элдерин эскертпей туруп, адилетсиздик менен азапка дуушар кылбайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلِكُلٍّ دَرَجَٰتٌ مِّمَّا عَمِلُوا۟ وَمَا رَبُّكَ بِغَٰفِلٍ عَمَّا يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАр бир адамга өзүнүн иштерине жараша даражалар бар. Сенин Раббиң алардын (пенделердин) иштеринен бейкапар эмес.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَرَبُّكَ ٱلْغَنِىُّ ذُو ٱلرَّحْمَةِ إِن يَشَأْ يُذْهِبْكُمْ وَيَسْتَخْلِفْ مِنۢ بَعْدِكُم مَّا يَشَآءُ كَمَآ أَنشَأَكُم مِّن ذُرِّيَّةِ قَوْمٍ ءَاخَرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСенин Раббиң Ырайымдуу, Беймуктаж. Эгер Аллах кааласа силерди башка коомдун тукумунан (алардын ордуна) өндүрүп чыгарганы сыяктуу, силерди да кетирип, артыңардан Өзү каалаган (башка) коомду алып келип койот.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ مَا تُوعَدُونَ لَـَٔاتٍ وَمَآ أَنتُم بِمُعْجِزِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге убада кылынган нерсе (Кыямат) албетте келет жана силер Аллахты алсыз кыла албайсыңар! (Ал белгилеген жазадан качып кете албайсыңар.)

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ يَٰقَوْمِ ٱعْمَلُوا۟ عَلَىٰ مَكَانَتِكُمْ إِنِّى عَامِلٌ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ مَن تَكُونُ لَهُۥ عَٰقِبَةُ ٱلدَّارِ إِنَّهُۥ لَا يُفْلِحُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: “Эй, коомум! Ушул турушуңарда (билген) ишиңерди жасай бергиле. Мен да (Аллахтын буйруктарын) аткара берем. Кийин, Акырет үйүндөгү (жакшы) акыбет кимдин пайдасына болушун жакында билип аласыңар. Чынында, залымдар жеңишке жетпейт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَجَعَلُوا۟ لِلَّهِ مِمَّا ذَرَأَ مِنَ ٱلْحَرْثِ وَٱلْأَنْعَٰمِ نَصِيبًا فَقَالُوا۟ هَٰذَا لِلَّهِ بِزَعْمِهِمْ وَهَٰذَا لِشُرَكَآئِنَا فَمَا كَانَ لِشُرَكَآئِهِمْ فَلَا يَصِلُ إِلَى ٱللَّهِ وَمَا كَانَ لِلَّهِ فَهُوَ يَصِلُ إِلَىٰ شُرَكَآئِهِمْ سَآءَ مَا يَحْكُمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер) Аллах жараткан эгиндерден жана мал-жандыктардан Аллахка үлүш ажыратып, күмөндөрү боюнча: “Бул – Аллахка, мунусу (Аллахтан башка) кудайларыбызга” - дешти. “Кудайларына” ажыратылган нерселер Аллахка (ажыратылган үлүшкө) кошулбай, ал эми, Аллахка ажыратылган нерселер “кудайларына” (ажыратылган үлүшкө) кошула берет. (Бул) өкүмдөрү кандай жаман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَكَذَٰلِكَ زَيَّنَ لِكَثِيرٍ مِّنَ ٱلْمُشْرِكِينَ قَتْلَ أَوْلَٰدِهِمْ شُرَكَآؤُهُمْ لِيُرْدُوهُمْ وَلِيَلْبِسُوا۟ عَلَيْهِمْ دِينَهُمْ وَلَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَا فَعَلُوهُ فَذَرْهُمْ وَمَا يَفْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле, көпчүлүк мушриктерге (уруу башчыларынан жана шайтандардан болгон) “кудайлары” аларды жок кылуу жана диндерин башаламан (түшүнүксүз) кылып таштоо үчүн өз (ымыркай) балдарын өлтүрүүнү кооздоп көргөздү. Жана эгер, Аллах каалаганда (бул иштерин) жасашпайт болчу. (О, Мухаммад), аларды өздөрү ойлоп чыгарган жөрөлгөлөрү менен жөн кой![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ هَٰذِهِۦٓ أَنْعَٰمٌ وَحَرْثٌ حِجْرٌ لَّا يَطْعَمُهَآ إِلَّا مَن نَّشَآءُ بِزَعْمِهِمْ وَأَنْعَٰمٌ حُرِّمَتْ ظُهُورُهَا وَأَنْعَٰمٌ لَّا يَذْكُرُونَ ٱسْمَ ٱللَّهِ عَلَيْهَا ٱفْتِرَآءً عَلَيْهِ سَيَجْزِيهِم بِمَا كَانُوا۟ يَفْتَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы алар (Аллахка жалаа жаап): “Мына бул жандыктар менен эгиндер - арам. Аларды биз каалагандан башка адамдар жебейт. Жана (мына бул) жаныбарлардын үстү(нө жүк жүктөө жана минүү) - арам. Ал эми (мына бул) жаныбарларга (аларды мууздап жатканда) Аллахтын атын айтууга болбойт” - дешти. (Бул сөздөрү) Аллахка жалаа! Аллах аларга жакында жалаа жапкандарына жараша жаза берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَقَالُوا۟ مَا فِى بُطُونِ هَٰذِهِ ٱلْأَنْعَٰمِ خَالِصَةٌ لِّذُكُورِنَا وَمُحَرَّمٌ عَلَىٰٓ أَزْوَٰجِنَا وَإِن يَكُن مَّيْتَةً فَهُمْ فِيهِ شُرَكَآءُ سَيَجْزِيهِمْ وَصْفَهُمْ إِنَّهُۥ حَكِيمٌ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovДагы алар: “Мына бул жаныбарлардын курсагындагы (баласы) эркектерибизге - адал, аялдарыбызга - арам. Эгер өлүк (туулган) болсо, анда аял-эркеги шерик болушат (экөө тең жей берет)” - дешти. Аллах аларды (Өзү адал кылганды “арам” деп, арам кылганын “адал” деп) сыпаттагандары үчүн жакын арада жазалайт. Ал Даанышман, Билүүчү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَدْ خَسِرَ ٱلَّذِينَ قَتَلُوٓا۟ أَوْلَٰدَهُمْ سَفَهًۢا بِغَيْرِ عِلْمٍ وَحَرَّمُوا۟ مَا رَزَقَهُمُ ٱللَّهُ ٱفْتِرَآءً عَلَى ٱللَّهِ قَدْ ضَلُّوا۟ وَمَا كَانُوا۟ مُهْتَدِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИлимисиздик жана кем акылдык менен балдарын өлтүрүп, өздөрүнө Аллах ырыскы кылып берген нерселерди Аллахка жалаа жабуу менен арамга чыгаргандар (өздөрүнө) зыян кылышты. Алар таптакыр адашып кетишти жана туура жолго түшүүчүлөрдөн болушпады.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنشَأَ جَنَّٰتٍ مَّعْرُوشَٰتٍ وَغَيْرَ مَعْرُوشَٰتٍ وَٱلنَّخْلَ وَٱلزَّرْعَ مُخْتَلِفًا أُكُلُهُۥ وَٱلزَّيْتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُتَشَٰبِهًا وَغَيْرَ مُتَشَٰبِهٍ كُلُوا۟ مِن ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثْمَرَ وَءَاتُوا۟ حَقَّهُۥ يَوْمَ حَصَادِهِۦ وَلَا تُسْرِفُوٓا۟ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلْمُسْرِفِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (силер үчүн, сөңгөктөргө) көтөрүлө турган жана көтөрүлбөй турган бактарды, курма жана ар түркүн мөмөлүү эгиндерди (бутак-жалбырагы) бири-бирине окшогон, (мөмөсү менен даамы) окшошпогон зайтун-анарларды өндүрдү. Мөмөлөгөн кезде андан жегиле жана түшүм жыйнаган күнү акысын (үшүрүн) бергиле жана ысырап кылбагыла! Ал ысырапкерлерди сүйбөйт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنَ ٱلْأَنْعَٰمِ حَمُولَةً وَفَرْشًا كُلُوا۟ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ وَلَا تَتَّبِعُوا۟ خُطُوَٰتِ ٱلشَّيْطَٰنِ إِنَّهُۥ لَكُمْ عَدُوٌّ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖандыктардан жүк ташыгандарын жана (мууздоо үчүн) жаткырыла тургандарын (жаратты). Аллах силерге ырыскы катары берген нерселерден жегиле. Шайтандын изинен ээрчип кетпегиле! Ал силерге анык душман.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثَمَٰنِيَةَ أَزْوَٰجٍ مِّنَ ٱلضَّأْنِ ٱثْنَيْنِ وَمِنَ ٱلْمَعْزِ ٱثْنَيْنِ قُلْ ءَآلذَّكَرَيْنِ حَرَّمَ أَمِ ٱلْأُنثَيَيْنِ أَمَّا ٱشْتَمَلَتْ عَلَيْهِ أَرْحَامُ ٱلْأُنثَيَيْنِ نَبِّـُٔونِى بِعِلْمٍ إِن كُنتُمْ صَٰدِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Малдан) сегиз эркек-ургаачыны (жаратты): койдон экөө, эчкиден экөө. Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылдыбы же эки ургаачысынбы. Же болбосо эки ургаачынын (ургаачы кой менен ургаачы эчкинин) курсагындагы балдарынбы? Эгер чынчыл болсоңор, мага илим менен (түшүндүрүп) айткылачы?!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمِنَ ٱلْإِبِلِ ٱثْنَيْنِ وَمِنَ ٱلْبَقَرِ ٱثْنَيْنِ قُلْ ءَآلذَّكَرَيْنِ حَرَّمَ أَمِ ٱلْأُنثَيَيْنِ أَمَّا ٱشْتَمَلَتْ عَلَيْهِ أَرْحَامُ ٱلْأُنثَيَيْنِ أَمْ كُنتُمْ شُهَدَآءَ إِذْ وَصَّىٰكُمُ ٱللَّهُ بِهَٰذَا فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ ٱفْتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبًا لِّيُضِلَّ ٱلنَّاسَ بِغَيْرِ عِلْمٍ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТөөдөн экини (эркек-ургаачысын) жана уйдан экини (жаратты). Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылды беле, же эки ургаачысынбы? Же болбосо, (бир төө, бир уйдан турган) эки ургаачынын жатынындагы нерсениби?! Же, Аллах силерге ушуну осуят кылганына күбө болдуңар беле?! Эч нерсени билбей туруп, адамдарды адаштыруу үчүн Аллахтын атынан жалган айткан адамдан залымыраак ким бар?! Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُل لَّآ أَجِدُ فِى مَآ أُوحِىَ إِلَىَّ مُحَرَّمًا عَلَىٰ طَاعِمٍ يَطْعَمُهُۥٓ إِلَّآ أَن يَكُونَ مَيْتَةً أَوْ دَمًا مَّسْفُوحًا أَوْ لَحْمَ خِنزِيرٍ فَإِنَّهُۥ رِجْسٌ أَوْ فِسْقًا أُهِلَّ لِغَيْرِ ٱللَّهِ بِهِۦ فَمَنِ ٱضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَإِنَّ رَبَّكَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Мага (Аллах тарабынан) аян-кабар кылынган нерселердин арасынан тамактануучулар үчүн (силер айткан) арам нерсени таппай турам. Бир гана тарп, төгүлгөн кан, же доңуздун эти болсо - ал ыпылас, арам! Же фасыктык менен Аллахтан башкага арнап союлган болсо (бул дагы арам)». Ал эми, ким (ошол арамдан башка жегилик таппай) аргасыздыктан, араанын агытпай, (өзөктү жалгаганга чейинки) чектен чыкпай (жесе), албетте, сенин Раббиң Кечиримдүү, Ырайымдуу.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَعَلَى ٱلَّذِينَ هَادُوا۟ حَرَّمْنَا كُلَّ ذِى ظُفُرٍ وَمِنَ ٱلْبَقَرِ وَٱلْغَنَمِ حَرَّمْنَا عَلَيْهِمْ شُحُومَهُمَآ إِلَّا مَا حَمَلَتْ ظُهُورُهُمَآ أَوِ ٱلْحَوَايَآ أَوْ مَا ٱخْتَلَطَ بِعَظْمٍ ذَٰلِكَ جَزَيْنَٰهُم بِبَغْيِهِمْ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана, биз яхудилерге бардык (ай) туяктууларды арам кылган элек. Ал эми, уй-койлордон болсо, аларга жонундагы, ичегилериндеги (чарбы) майларынан жана сөөккө аралашкан (чучук) майларынан башка майларын арам кылган болчубуз. Бул алардын зулум кылганы үчүн биздин жазабыз. Жана чынында, биз - Акыйкатчылбыз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَإِن كَذَّبُوكَ فَقُل رَّبُّكُمْ ذُو رَحْمَةٍ وَٰسِعَةٍ وَلَا يُرَدُّ بَأْسُهُۥ عَنِ ٱلْقَوْمِ ٱلْمُجْرِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сени (яхудилер) “жалганчы” дешсе, айткын: “Раббиңердин ырайымы кенен. (Бирок, билип койгула:) Анын азабы кылмышкер коомдон кайтарылбайт!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

سَيَقُولُ ٱلَّذِينَ أَشْرَكُوا۟ لَوْ شَآءَ ٱللَّهُ مَآ أَشْرَكْنَا وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمْنَا مِن شَىْءٍ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ حَتَّىٰ ذَاقُوا۟ بَأْسَنَا قُلْ هَلْ عِندَكُم مِّنْ عِلْمٍ فَتُخْرِجُوهُ لَنَآ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنْ أَنتُمْ إِلَّا تَخْرُصُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМушриктер сага: “Эгер Аллах каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет.[1] Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ فَلِلَّهِ ٱلْحُجَّةُ ٱلْبَٰلِغَةُ فَلَوْ شَآءَ لَهَدَىٰكُمْ أَجْمَعِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Айкын далилдер Аллахтын Өзүндө. Эгер кааласа, бардыгыңарды туура жолго салат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ هَلُمَّ شُهَدَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ يَشْهَدُونَ أَنَّ ٱللَّهَ حَرَّمَ هَٰذَا فَإِن شَهِدُوا۟ فَلَا تَشْهَدْ مَعَهُمْ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَآءَ ٱلَّذِينَ كَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَا وَٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ وَهُم بِرَبِّهِمْ يَعْدِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “(Эгер сөзүңөр чын болсо) Аллах ушуларды арам кылганына күбөңөрдү алып келгиле. Эгер күбөлүк беришсе, сен аларга кошулуп күбөлүк бербе жана Акыретке ыйман келтирбей, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардын каалоолоруна ээрчибе! Алар Раббисине (башка “кудайларды”) тең кылышат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ تَعَالَوْا۟ أَتْلُ مَا حَرَّمَ رَبُّكُمْ عَلَيْكُمْ أَلَّا تُشْرِكُوا۟ بِهِۦ شَيْـًٔا وَبِٱلْوَٰلِدَيْنِ إِحْسَٰنًا وَلَا تَقْتُلُوٓا۟ أَوْلَٰدَكُم مِّنْ إِمْلَٰقٍ نَّحْنُ نَرْزُقُكُمْ وَإِيَّاهُمْ وَلَا تَقْرَبُوا۟ ٱلْفَوَٰحِشَ مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَمَا بَطَنَ وَلَا تَقْتُلُوا۟ ٱلنَّفْسَ ٱلَّتِى حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلْحَقِّ ذَٰلِكُمْ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “келгиле, мен силерге Раббиңер арам кылган нерселерди (Курандан) окуп берейин: «Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге жакшылык кылгыла! Кедейликтен коркуп өз балаңарды өлтүрбөгүлө! Силерге да, аларга да Өзүбүз ырыскы беребиз. Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындашпагыла! (Шарият белгилеген) акы(ңар) болбой туруп, Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жанды өлтүрбөгүлө! Акылыңарды иштетээрсиңер деп, ушул нерселерди (Аллах) силерге буюрду».

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَقْرَبُوا۟ مَالَ ٱلْيَتِيمِ إِلَّا بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ حَتَّىٰ يَبْلُغَ أَشُدَّهُۥ وَأَوْفُوا۟ ٱلْكَيْلَ وَٱلْمِيزَانَ بِٱلْقِسْطِ لَا نُكَلِّفُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا وَإِذَا قُلْتُمْ فَٱعْدِلُوا۟ وَلَوْ كَانَ ذَا قُرْبَىٰ وَبِعَهْدِ ٱللَّهِ أَوْفُوا۟ ذَٰلِكُمْ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖетимдердин малына алар эрезеге жеткенге чейин жакындабагыла! Жакшы (ниет жана) жолдор менен болсо мейли. Өлчөөнү жана таразаны адилеттүүлүк менен толуктагыла! Биз эч бир жанды кудуретинен ашыкча жумушка буюрбайбыз. Эгер сүйлөсөңөр (ал сөз өкүм болобу, же башкабы) тууган уругуңар болсо да (жан тартпай) адилеттүү болгула! Аллахка (“моюн сунабыз” деп) берген убадаңарды аткаргыла! Ушулар силерге Аллахтын буйруктары, (акыбетти) эске алышыңар үчүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَأَنَّ هَٰذَا صِرَٰطِى مُسْتَقِيمًا فَٱتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا۟ ٱلسُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِۦ ذَٰلِكُمْ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул - Менин туура жолум! Ушуга гана ээрчигиле! (Буга каршы келген башка) жолдорго ээрчибегиле, силерди Анын жолунан адаштырып койот! Такыба болоорсуңар деп, (Аллах) силерге ушуларды буюрду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ثُمَّ ءَاتَيْنَا مُوسَى ٱلْكِتَٰبَ تَمَامًا عَلَى ٱلَّذِىٓ أَحْسَنَ وَتَفْصِيلًا لِّكُلِّ شَىْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً لَّعَلَّهُم بِلِقَآءِ رَبِّهِمْ يُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (бир кездерде) Биз жакшылык кылгандарга (нээмат) кемчиликсиз болуусу, бардык нерселерге Баяндама болуусу жана Ырайым-Туура Жол болуусу үчүн Мусага китепти (Торатты) бердик. Раббисине жолугууга ыйман келтиришсе ажеп эмес!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهَٰذَا كِتَٰبٌ أَنزَلْنَٰهُ مُبَارَكٌ فَٱتَّبِعُوهُ وَٱتَّقُوا۟ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сага бул Китепти (Куранды) куттуу кылып түшүрдүк. Ушуга ээрчигиле жана (Аллахтан) корккула! Ырайымына арзып калсаңар, ажеп эмес!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَن تَقُولُوٓا۟ إِنَّمَآ أُنزِلَ ٱلْكِتَٰبُ عَلَىٰ طَآئِفَتَيْنِ مِن قَبْلِنَا وَإِن كُنَّا عَن دِرَاسَتِهِمْ لَغَٰفِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер: “Бизден мурунку эки тайпага (яхудилер менен христиандарга) китеп түшкөн. Биз болсо, алардын сабактарын билбейбиз” дебешиңер үчүн,

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَوْ تَقُولُوا۟ لَوْ أَنَّآ أُنزِلَ عَلَيْنَا ٱلْكِتَٰبُ لَكُنَّآ أَهْدَىٰ مِنْهُمْ فَقَدْ جَآءَكُم بَيِّنَةٌ مِّن رَّبِّكُمْ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّن كَذَّبَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَصَدَفَ عَنْهَا سَنَجْزِى ٱلَّذِينَ يَصْدِفُونَ عَنْ ءَايَٰتِنَا سُوٓءَ ٱلْعَذَابِ بِمَا كَانُوا۟ يَصْدِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovже болбосо, “Эгер бизге да китеп түшсө, сөзсүз аларга караганда туура жол табуучураак болмокпуз” деп айта албашыңар үчүн силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер, туура жол жана Ырайым (болгон Куран) келди. Эми, Аллахтын аяттарын “жалган” деп, андан баш тарткан адамдан залымыраак ким бар?! Биз жакында аяттарыбыздан жүз бурган адамдарды баш тарткандыгы үчүн жаман азап менен азаптайбыз!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هَلْ يَنظُرُونَ إِلَّآ أَن تَأْتِيَهُمُ ٱلْمَلَٰٓئِكَةُ أَوْ يَأْتِىَ رَبُّكَ أَوْ يَأْتِىَ بَعْضُ ءَايَٰتِ رَبِّكَ يَوْمَ يَأْتِى بَعْضُ ءَايَٰتِ رَبِّكَ لَا يَنفَعُ نَفْسًا إِيمَٰنُهَا لَمْ تَكُنْ ءَامَنَتْ مِن قَبْلُ أَوْ كَسَبَتْ فِىٓ إِيمَٰنِهَا خَيْرًا قُلِ ٱنتَظِرُوٓا۟ إِنَّا مُنتَظِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар эми эч нерсени күтүшпөйт. Бир гана өздөрүнө (өлүм) периштелери келүүсүн, же Раббиңдин келүүсүн же болбосо Раббиңдин кээ бир белгилери келүүсүн күтүшөт. Раббиңдин кээ бир белгилери келген күндө, эч бир жанга ыйманы пайда бербейт, эгер мурда эле ыйман келтирбеген же ыйманында бир жакшылык кылбаган болсо. Айткын: “Силер да күткүлө, биз дагы күтүүчүбүз”.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ فَرَّقُوا۟ دِينَهُمْ وَكَانُوا۟ شِيَعًا لَّسْتَ مِنْهُمْ فِى شَىْءٍ إِنَّمَآ أَمْرُهُمْ إِلَى ٱللَّهِ ثُمَّ يُنَبِّئُهُم بِمَا كَانُوا۟ يَفْعَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Диндерин бөлүп алып, өзүнчө топ болуп кеткен адамдар... Сен эч бир нерседе алардан эмессиң (алар дагы сенден эмес). Алардын иштери Аллахка (кайтарылат) жана Ал аларга кылган иштеринин кабарын берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَن جَآءَ بِٱلْحَسَنَةِ فَلَهُۥ عَشْرُ أَمْثَالِهَا وَمَن جَآءَ بِٱلسَّيِّئَةِ فَلَا يُجْزَىٰٓ إِلَّا مِثْلَهَا وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет. Ал эми, ким бир жамандык алып келсе, ошол жамандыгына барабар (бир) гана жаза берилет. Аларга эч зулумдук кылынбайт.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنَّنِى هَدَىٰنِى رَبِّىٓ إِلَىٰ صِرَٰطٍ مُّسْتَقِيمٍ دِينًا قِيَمًا مِّلَّةَ إِبْرَٰهِيمَ حَنِيفًا وَمَا كَانَ مِنَ ٱلْمُشْرِكِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Чынында,, Раббим мени туура жолго, түз динге – Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ إِنَّ صَلَاتِى وَنُسُكِى وَمَحْيَاىَ وَمَمَاتِى لِلَّهِ رَبِّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси – Аллах үчүн!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا شَرِيكَ لَهُۥ وَبِذَٰلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا۠ أَوَّلُ ٱلْمُسْلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قُلْ أَغَيْرَ ٱللَّهِ أَبْغِى رَبًّا وَهُوَ رَبُّ كُلِّ شَىْءٍ وَلَا تَكْسِبُ كُلُّ نَفْسٍ إِلَّا عَلَيْهَا وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُم مَّرْجِعُكُمْ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ فِيهِ تَخْتَلِفُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Аллахтан башка Рабби издейинби?! Ал бардык нерселердин Раббиси го! Ар бир жандын жасаган жамандыгы, өзүнүн гана зыянына! Эч ким башка бирөөнүн (күнөө) жүгүн көтөрбөйт![1] Кийин баарыңардын кайтууңар - Аллахка! Анан Ал силерге (дин ишинде) өз ара талашканыңардын кабарын берет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَهُوَ ٱلَّذِى جَعَلَكُمْ خَلَٰٓئِفَ ٱلْأَرْضِ وَرَفَعَ بَعْضَكُمْ فَوْقَ بَعْضٍ دَرَجَٰتٍ لِّيَبْلُوَكُمْ فِى مَآ ءَاتَىٰكُمْ إِنَّ رَبَّكَ سَرِيعُ ٱلْعِقَابِ وَإِنَّهُۥ لَغَفُورٌ رَّحِيمٌۢ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силерди жер бетинде (бири-бириңерге) орунбасар кылган жана Өзү берген нерселерде силерди сыноо үчүн кээ бирөөңөрдү кээ бирөөңөрдөн бир нече даража жогору кылган (Аллах). Чынында, сенин Раббиң тез эсептешүүчү! Ал чынында Кечиримдүү, Ырайымдуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70