وَهُوَ ٱلَّذِى يَتَوَفَّىٰكُم بِٱلَّيْلِ وَيَعْلَمُ مَا جَرَحْتُم بِٱلنَّهَارِ ثُمَّ يَبْعَثُكُمْ فِيهِ لِيُقْضَىٰٓ أَجَلٌ مُّسَمًّى ثُمَّ إِلَيْهِ مَرْجِعُكُمْ ثُمَّ يُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл түндөсү силерди (уктатуу менен) жаныңарды алат. Күн бою эмне кылып жүргөнүңөрдү да билет. Кийин белгиленген мөөнөт (өмүр) толук болуусу үчүн Ал силерди күндүзү кайра тирилтет . Кийин (өмүр толук бүткөндө) кайтып барууңар - Өзүнө. Андан соң (Кыяматта) Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн кабарын берет.