caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-An'aam сүрөсү, 128-аят

Мекке · түшүү тартиби 55 · 6:128

وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا يَٰمَعْشَرَ ٱلْجِنِّ قَدِ ٱسْتَكْثَرْتُم مِّنَ ٱلْإِنسِ وَقَالَ أَوْلِيَآؤُهُم مِّنَ ٱلْإِنسِ رَبَّنَا ٱسْتَمْتَعَ بَعْضُنَا بِبَعْضٍ وَبَلَغْنَآ أَجَلَنَا ٱلَّذِىٓ أَجَّلْتَ لَنَا قَالَ ٱلنَّارُ مَثْوَىٰكُمْ خَٰلِدِينَ فِيهَآ إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُ إِنَّ رَبَّكَ حَكِيمٌ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын баарын чогулта турган Күндө (Аллах) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабылган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар тозок! - дейт (Аллах). Анда түбөлүк каласыңар! Аллах каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.[1]
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70