وَهُوَ ٱلْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِهِۦ وَيُرْسِلُ عَلَيْكُمْ حَفَظَةً حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَكُمُ ٱلْمَوْتُ تَوَفَّتْهُ رُسُلُنَا وَهُمْ لَا يُفَرِّطُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл пенделеринин үстүнөн Өкүмдар.[1] Жана Ал силерге Өзүнүн “хафаза”[2] периштелерин жиберет. Качан силердин бирөөңөргө өлүм (убактысы) келгенде, Биздин (жан алгыч периштелерден турган) элчилерибиз өз убактысынан кечиктирбей анын жанын алышат.