وَهَٰذَا كِتَٰبٌ أَنزَلْنَٰهُ مُبَارَكٌ مُّصَدِّقُ ٱلَّذِى بَيْنَ يَدَيْهِ وَلِتُنذِرَ أُمَّ ٱلْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا وَٱلَّذِينَ يُؤْمِنُونَ بِٱلْـَٔاخِرَةِ يُؤْمِنُونَ بِهِۦ وَهُمْ عَلَىٰ صَلَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сага түшүргөн бул Китеп Ыйык-берекелүү. Өзүнөн мурунку китептерди тастыктоочу жана шаарлардын энеси (Мекке) менен анын тегерегинде[1] жашаган адамдарга насаат-эскертүүчү болуп (түшкөн). Акыретке ыйман келтирген адамдар, ага да ыйман келтиришет жана алар намаздарын сакташат (убактысында окушат).