Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах сенин өткөндөгү жана келерки (бардык) күнөөлөрүңдү кечирип, жакшылыгын толук-кемчилдиксиз берип, туура жолго башташы үчүн
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМомун эркектерди жана момун аялдарды (сыноодон өткөргөндөн соң) түбүнөн дарыялар агып турган жана анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизүү үчүн. Жана алардын күнөөлөрүн өчүрүш үчүн. Бул нерсе Аллахтын алдында чоң жеңиш!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Аллах жөнүндө жаман ойлогон[1] мунаафык эркектерди, мунаафык аялдарды, мушрик эркектерди жана мушрик аялдарды (Дүйнө-Акыретте) азаптоо үчүн. Алардын (мушриктердин өз) башына балээ түштү. Аллах аларга каарын төгүп, наалат айтты жана тозокту даярдап койду. Ал кандай жаман орун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Биз сени (Аллахтын жалгыз кудай экенине) күбө болуучу, (бейиштен) куш кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү пайгамбар кылып жибердик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана силер Аллахка, Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн жана Аны эртели-кеч аруулап турушуңар үчүн (силерге пайгамбар жибердик).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСага ант берген адамдар, чынында Аллахка ант беришти. Аллахтын Колу[1] алардын колунун үстүндө. Эми, кимде-ким убадасын бузса – ал өзүнүн зыянына бузганы. Жана кимде-ким Аллахка берген убадасын аткарса – ага Аллах тез аранын ичинде улук сооп берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакында сага (согуштан) калып калган бедуиндер «Бизди мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөбүз бошотпой койду. Эми биз үчүн (Аллахтан) кечирим сура» - дешет. Алар жүрөгүндө жок нерсени тили менен айтышууда. Аларга айткын: «Эгер Аллах силерге бир зыян жеткирүүнү кааласа Аллахтан ким сактап калат? Же болбосо, (Аллах) силерге бир пайда (келишин) кааласа (аны ким токтото алат)?» Жок! Аллах силердин (бардык) ишиңерден кабардар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Силер, Пайгамбар менен момундар эч качан үй-бүлөлөрүнө кайтып келбейт деп ойлогон элеңер. Силердин жүрөгүңөргө ушул нерсе (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана (натыйжада Аллахка да) жаман күмөн кылып, өлө турган коом болуп калган элеңер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандардын жана жердин мүлк-падышалыгы Аллахка таандык. Ал каалаган пендесин кечирет жана каалаган пендесин азапка салат. Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер олжолор[1] үчүн, аны алып келгени баратканыңарда (согуштан) калып калган адамдар: «Бизди да ээрчитип алгылачы?» – дешет. Алар Аллахтын Сөзүн өзгөртүүнү каалашат.[2] Айткын: «Бизге ээрчибегиле! Аллах мурун да ушундай деген». Анда алар «Жок, силер бизден кызганып жатасыңар» – дешет. Жок! (Андай эмес) алар (Шариятты) өтө аз түшүнүшөт.[3]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Согуштан) калып калган бедуиндерге айт: «Силер жакынкы мезгилдерде өтө кубаттуу элдерге каршы чакырыласыңар. Алар менен согушасыңар же болбосо алар (согушсуз) Исламды кабыл алышат. Эгер (ошондо чакырууга) моюн сунсаңар, Аллах силерге эң сонун сыйлыктарды берет. Ал эми, мурун качканыңар сыяктуу качып жөнөсөңөр, катуу азап менен азаптайт!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСокурга күнөө жок, чолокко да күнөө жок. Оорулуу адамга да күнөө жок.[1] Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, (Аллах) аны, түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизет. Ал эми, ким тескери басып кетсе, ага катуу азап берет!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Худайбиядагы) дарактын түбүндө сага ант (кол) берген кезде, Аллах момундардан ыраазы болду. Алардын жүрөгүндөгү (изги) ниеттерин билди жана аларга тынчтык-бейпилдик түшүрүп, жакынкы жеңиш (Хайбарды каратып алуу) менен сыйлады.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силерге (келечекте) ала турган (дагы) көп олжолорду убада кылды. Анан силер үчүн мына бул (Хайбардагы) олжону тездетип берди жана (ушул олжолор) момундар үчүн (Аллахтын Кудуретинен) белги болушу үчүн жана силерди туура жолго баштоосу үчүн (душман) адамдардын колун силерден тосуп койду.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана башка (олжолор да бар). Силер аларга (азырынча) ээ боло албайсыңар. Аллах аларды (Өз илими менен) ороп (билип) турат. Аллах ар бир нерсеге Кудуреттүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (Худайбияда) каапырлар силерге согуш ачса да, өздөрү артка качып жөнөшмөк. Анан (эч бир) дос-жардамчы таппай калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (Аллах) Меккенин (чекарасынын) ичинде, силерди алардан үстөм кылып койсо да, силердин колуңарды алардан, алардын колун силерден тыйып койду.[1] Аллах жасаган ишиңерди Көрүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар каапыр болгон, силерди «Аль-Харам» мечитинен тоскон жана туткундалган белек-курмандык жаныбарларды да союлчу жайына жетип барышынан тоскон адамдар. Эгерде (Мекке мушриктеринин арасында) силер тааныбаган момун эркектер, момун аялдар бар болбогондо, аларды тааныбай басып кирсеңер (жана өлтүрүп койсоңор) алар себептүү силерге күнөө жетип калбаганда (Аллах Меккеге күч менен киришиңерге уруксат бермек. Бирок,) Аллах каалаган (момун) пенделерин Өз ырайымынын астына калкалашы үчүн (согушка уруксат бербеди). Эгер (Меккедеги ыймандуулар өзүнчө) бөлүнүп турса, алардан (Мекке элинен) каапыр болгондорун (силердин колуңар менен) катуу азаптаган болоор элек.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, каапырлар жүрөктөрүнө жахилия кызуу кандуулугун салганда, Аллах Өз пайгамбарына жана момундарга бейпилдигин түшүрдү жана аларга такыба келмесин (бекем) кармоого буюрду. Алар бул сөзгө акысы көбүрөөк жана ылайыгыраак болчу. Аллах ар бир нерсени Билүүчү![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өз пайгамбарынын чын түшүн оңунан келтирди.[1] (Оо, момундар!) Силер Аллах кааласа, албетте тынчтык-бейпилдик менен, чачыңарды кырдырткан жана кыскарттырган абалда, эч коркпой «Аль-Харам» мечитине киресиңер. (Аллах) силер билбеген нерсени билди жана (азырынча силерге) андан (Меккеге кирүүдөн) башка жакын жеңишти (Хайбарды багынтууну) берди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Ал Өз пайгамбарын туура жол жана Акыйкат Дин менен, аны бардык диндерден жогору кылуу үчүн жиберди. Аллах жетиштүү Күбө!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМухаммад – Аллахтын элчиси! Аны менен бирге (сахаба) болгон кишилер каапырларга катуу-өктөм, бири-бирине боорукер! Сен аларды рукуу-сажда кылган абалында Аллахтан пазилет жана ыраазычылык сурап жаткандарын көрөсүң. Алардын жүздөрүндө сажданын белгилери бар. Бул алардын Тоораттагы сыпаттары. Ал эми, алардын Инжилдеги сыпаттары - өзүнөн көп шак-бутак чыгарып, кубаттанып, анан (ал бутактар) жоон болуп, анан денесин кере түздөп, дыйкандарды таң калтырган дарак сыяктуу. (Бул мисал) каапырлардын көңүлүн чөктүрүү үчүн. Аллах алардын арасынан ыйман келтирип, салих амал кылган момундарга (күнөөлөрүн) кечирүүнү жана улук соопту убада кылды.