Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка мактоо(лор) болсун! (Анткени), асмандардагы жана жердегинин бардыгы Анын мүлкү. Ага Акыретте да мактоолор болсун! Ал Даанышман, Кабардар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл жерге кирген, жерден чыккан, асмандан түшкөн жана асманга көтөрүлө турган[1] (бардык) нерселерди билет. Ал – Ырайымдуу, Кечиримдүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар: «Бизге кыямат келбейт» дешет. Сен айткын: «Жок, андай эмес! Раббиме ант, силерге (кыямат) келет! (Менин Раббим) кайыпты Билүүчү! Андан асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да кайып боло албайт! Андан (кыпындан) кичинерээк нерселер да, чоңураак нерселер да анык Китепте (Лавхул-Махфузда) бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирип, жакшы амал кылгандарга (Аллах) сооп-сыйлык бериши үчүн. Аларга кечирим жана улук ырыскы (бейиш) бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Биздин аяттарыбызды(н өкүмүн) алсыратууга аракеттенген адамдарга (акыретте) жан ооруткан катуу азап бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИлим-туура жол берилген адамдар болсо, сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсени (Куранды), акыйкат жана Кудуреттүү, мактоого татыктуу Аллахтын жолуна баштайт деп ишенишет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл Аллахка жалаа жаап жатабы же болбосо жинди болуп калганбы!?» Жок! (Андай эмес!) Акыретке (кайра тирилүүгө) ишенбеген (ал дооматчы) адамдар азапта жана алыс адашууда!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар алды-артындагы: Асмандагы жана Жердеги нерселерге карап, ойлонушпайбы?! Эгер Биз кааласак, аларды жерге жуткуруп жиберебиз же болбосо, үстүнө асманды бөлүп, барчалап түшүрүп жиберебиз! Мында ар бир тообо кылган пенде үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Даудга Өз артыкчылыгыбыздан (илим, пайгамбарлык, бийлик) бердик: «Оо, тоолор жана куштар! Дауд менен бирге (мага) тасбих айткыла!»[1] (дедик). Жана ага темирди жумшартып берип:
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Зоот-кийимдерди кенен-тыкан кылып токугун жана тизмектерин (жакшылап) ченегин![1] (Оо, Дауддун үй-бүлөсү!) Жакшы амалдарды кылгыла! Мен силердин бүткүл ишиңерди көрүп туруучумун» дедик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана Биз Сулайманга эртең менен – бир айлык, кечинде – бир айлык (жолду басып өтчү) шамалды моюн сундуруп бердик. Раббисинин буйругу менен анын кол астында иштей турган жиндерди да (ага кызматчы кылып койдук). Алардан кимиси Биздин буйругубуздан четке чыкса, ага тозок азабын таттырабыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (жиндер) ага каалаган ибадатканаларды, айкелдерди, оюк жер сыяктуу (чоң) идиштерди, чоң-бекем казандарды жасап беришет. Оо, Дауддун үй-бүлөсү! Шүгүр кылгыла жана (жакшы) амал кылгыла! Пенделеримдин арасынан шүгүр кылуучулары өтө аз!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКачан Биз Сулайманды өлүмгө өкүм кылганыбызда таягын жеген жер жаныбары (курт) анын өлгөнүн жиндерге көргөзүп койду: (Таягы сынып) ал жыгылып калганда гана жиндер билип калышты.[1] Эгер алар (жиндер) кайыпты билгенде, (бул) кордук азабында калышпайт болчу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСабалыктардын мекенинде (алар үчүн Аллахтын жакшылыктарынын) белгилери болгон. (Бири) оң тарабында, (бири) сол тарабында эки бак бар эле. (Биз аларга): «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла! (Шаарыңар кооз-көркөм) жакшы шаар, Рабби(ңер) кечиримдүү» (дедик).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар жүз бурушту эле, Биз аларга (катуу) сел жиберип, (көгөргөн, ширин мөмөлүү) эки багын тең мөмөсү ачуу, бадалдуу жана аз сандагы сидр дарактары бар «бактарга» айлантып койдук.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, Рабби! Биздин сапар-жолдорубузду(н арасын) алыстатып кой» – дешти жана өздөрүнө зулум кылышты. Кийин Биз аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып, тыркыратып таштадык.[1] Албетте, мында ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу адам үчүн (Биздин кудуретибизге) белгилер бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, Иблис өзүнүн («мен инсаниятты азгырамын») деген оюн ушулардын (ага ээрчигендердин) үстүндө иш жүзүнө ашырды. Бир топ ыймандуулардан башка бардыгы аны ээрчип кетишти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнда (Иблис шайтанда) алардын үстүнөн мажбурлоого эч кандай бийлик жок. Бирок Биз акыретке ыйман келтиргендер менен ага күмөн санаган адамдарды (ажыратып) билүү үчүн (Иблиске азгыруу мүмкүнчүлүгүн) бердик. Сенин Раббиң бардык нерселердин үстүнөн Көзөмөлдөөчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллахтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселериңерди чакыргылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана Жердеги кыпындай нерсеге да Ээ эмес! Алар үчүн асмандар менен Жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллахтын Өзү жараткан).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнын (Аллахтын) алдында шапаат пайда бербейт. Бир гана Аллах уруксат берген адамдарга гана (пайда берет). Качан гана алардын (периштелердин) жүрөктөрүнөн коркунуч алынган соң, «Раббиңер эмне деди?» – дешет. «Акыйкатты (айтты)» – дешет алар.[1] Жана Ал – эң Жогору, Улук!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт, (оо, Мухаммад): «Ким силерге асмандардан жана жерден ырыскы берет?» Айт: «Аллах!» (Оо, Мушриктер!) же биз, же силер (гана) туура жолдун үстүндө (жана экөөбүздүн бирибиз гана) анык адашуучулукта!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «Раббибиз силер менен бизди (бир жерге) чогултуп, анан ортобузда акыйкат менен өкүм кылат. Ал – Өкүмдар, Билүүчү!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз сени (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт. (Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) мушриктерге тозок жөнүндө эскертүү бергенде, алар мусулмандарга карап:)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр адамдар айтты: «Биз эч качан бул Куранга ишенбейбиз, андан мурунку китептерге да ишенбейбиз!» Жана сен (оо, Мухаммад) ошол залымдарды, Раббисинин алдында (тикесинен) тургузулуп, бири-бирине сөз кайтарып жаткандарын (бир) көрсөң эле![1] Ээрчиген алсыздары текебер жолбашчыларына: «Эгер силер болбогондо биз ыйман келтирмекпиз!» – дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТекебер жолбашчылары болсо, алсыздарга: «Өзүңөргө (анык далилдер) келгенден кийин силерди туура жолдон биз тостук беле? Жок! Өзүңөр күнөөлүү болгонсуңар!» – дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда) ээрчиген алсыздар текебер жол башчыларына (мындай) дешет: «Жок!» Күнү-түнү (силер кылган) айлакерлик бизди азгырды. Ал кезде силер бизди Аллахка каапыр болууга жана Ага теңдеш-шериктерди кошууга буюргансыңар!» (Ошентип бардыгы), азапты (өз көздөрү менен) көргөндө ичинен бушайман тартып турушту. Биз каапыр болгон адамдардын моюндарына кишендерди салып койдук. Алар(га зулум кылбадык), өздөрү жасаган (жаман) иштеринин гана жазасын алышты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз кайсы бир шаарга эскертүүчү (пайгамбар) жиберсек, анын дөөлөтүнө чиренгендер: «Биз силер алып келген динге каапырбыз» дешкен.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (оо, Мухаммад): «Менин Раббим каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына тар кылат. Бирок, көпчүлүк адамдар муну билишпейт».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин мал-дүйнөңөр да, бала-бакыраңар да силерди Бизге жакындаштыра албайт! Ал эми, кимде-ким ыйман келтирип, жакшы амал кылган болсо, алардын амалдарына эселенген сыйлыктар берилет. Жана алар бейиштеги бийик даражалуу орундарда тынчтык-бейпилдикте болушат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Менин Раббим Өзү каалаган адамдарга ырыскыны кенен берет. Жана (Өзү каалаган башка) бирөөсүнө аны тар кылат. (Силер ырыскыңар мол-кенен болсо да, тар болсо да садака кылууга аракеттенгиле. Анткени:) Эмнени (Аллах үчүн) сарптасаңар, Аллах (бир нече барабар көбөйтүп) өзүңөргө кайтарат. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) алардын (мушриктердин) бардыгын чогултуп, андан соң периштелерге: «Силерге ибадат кылгандар ушуларбы?!» – дейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Өзүң (шериктерден) Аруу-Тазасың! (Оо, Раббим!) Алар эмес, Сен биздин Колдоочубузсуң! Жок, алар (Бизге эмес) жиндерге ибадат кылышкан. Алардын көпчүлүгү жиндерге ыйман келтиргендер» (деп жооп берет периштелер).[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (кыямат) күнү (эй, мушриктер) бири-бириңерге пайда да, зыян да жеткире албайсыңар. Жана Биз залым адамдарга «Өзүңөр «жалган» деген тозок азабын тарткыла!» дейбиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга (бул дүйнөдө) Биздин ачык-айкын аяттарыбыз окулганда: «Бул киши (Мухаммад) силерди ата-бабаңар сыйынган динден тосууну гана каалайт» дешкен. Дагы алар (Куран жөнүндө) «Бул ойдон чыгарылган нерсе» – деп айтышкан. Жана (ошол) каапыр болгондор өздөрүнө келген акыйкатты (Куранды) «бул анык сыйкыр» дешкен.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларга (буга чейин) окуй турган китептерди бербеген элек жана сенден мурун да аларга эскертүүчү (пайгамбар) да жиберген эмеспиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан мурунку (мушрик) адамдар дагы динди жалганга чыгарышкан. Биз аларга берген нерселердин ондон бирине да (Мекке мушриктери) жетише элек. Алар дагы Биздин пайгамбарларыбызды «жалганчы» дешкен. Анан (аларга) кандай гана азап болду![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «Мен силерге бир гана нерсени – бирден, экиден болуп Аллахка түз (эч нерсени шерик кылбай) турууңарды, андан кийин (жакшылап) пикир кылууңарды насаат кыламын. Силердин жолдошуңарда эч кандай жиндилик(тин белгилери) жок. Ал болгону, катуу азапты силерге эскерткени келген пайгамбар!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Мен силерден (эскерткеним үчүн) акы сурабаймын. Ал өзүңөрдүн пайдаңарга буюрсун. Мага сооп-сыйлыкты Аллах гана берет. Ал – ар бир нерсеге Күбө».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «Албетте, менин Раббим акыйкатты (жалганга каршы) таштайт (натыйжада жалганды жокко чыгарат). Ал кайып нерселерди Билүүчү!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «Акыйкат (Ислам дини) келди. (Жалган-ширк алсыз болуп калды) эми жалган (өз ишин) баштай да албайт, кайталай да албайт!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктерге) айт: «Эгер мен (силер айткандай) адашкан болсом, өзүмдүн зыяныма адашкан боломун. Ал эми, туура жол тапкан болсом, бул мага Раббим вахий кылган нерсе себептүү. Ал – Угуучу, Жакын».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен алардын (тозокту көргөндө катуу) коркуп, бирок, качып кете албай, (тозокко) жакын жерден кармалганын бир көрсөң эле!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошондо) алар: «Жалган деген нерсебизге ыйман келтирдик!» дешет. Эми аларга алыс жерден (наркы дүйнөдөн ыйманга) жетиш кайда!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирок, алар мындан мурун (дүйнө жашоосунда) бул нерсеге тап-такыр каапыр болушуп, (ошол) алыс жерден кайыпты (акыретти) жалганга чыгарып коюшкан.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми алар менен эңсеген нерселеринин (дүйнөгө кайтууларынын) арасы тосулуп коюлду. Мындан мурун дагы аларга окшогондорго дал ушундай кылынган. Алар (акырет жөнүндө) аябай чоң шектенүүдө болушкан!