وَإِذْ تَقُولُ لِلَّذِىٓ أَنْعَمَ ٱللَّهُ عَلَيْهِ وَأَنْعَمْتَ عَلَيْهِ أَمْسِكْ عَلَيْكَ زَوْجَكَ وَٱتَّقِ ٱللَّهَ وَتُخْفِى فِى نَفْسِكَ مَا ٱللَّهُ مُبْدِيهِ وَتَخْشَى ٱلنَّاسَ وَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخْشَىٰهُ فَلَمَّا قَضَىٰ زَيْدٌ مِّنْهَا وَطَرًا زَوَّجْنَٰكَهَا لِكَىْ لَا يَكُونَ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ حَرَجٌ فِىٓ أَزْوَٰجِ أَدْعِيَآئِهِمْ إِذَا قَضَوْا۟ مِنْهُنَّ وَطَرًا وَكَانَ أَمْرُ ٱللَّهِ مَفْعُولًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) сен бир кезде, ага Аллах (Ислам) жакшылыгын берген, анан сен дагы (кулчулуктан куткаруу) жакшылык кылган бир жигитке: «Аялыңды коюп жибербе! Аллахтан корк!» деген болчусуң. Жана сен Аллах ашкере кылуучу нерсени жүрөгүңдө жашыруун тутуп, адамдардан корктуң! Чындыгында, коркууга Аллах акылуу.[1] Качандыр Зейд андан иши бүткөн соң, ал аялды сага никелештирдик. Анткени момундарга асыранды балдары менен ажырашкан аялдарга үйлөнүү күнөө болбой турганын көрсөтүү үчүн (ушундай кылдык). Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат.[2]