Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул сүрөнү Биз түшүрдүк, аны(н өкүмдөрүн) Биз парыз кылдык жана (оо, ыймандуулар) эскерме-сабак алаарсыңар деп, анын ичинде анык далилдерди түшүрдүк.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Үйлөнө элек туруп) зына кылган аял менен зына кылган эркектин ар бирин жүз балактан ургула![1] Эгер Аллахка жана Акырет Күнүнө ишенчү болсоңор, Аллахтын дининде(ги өкүмдү аткараарда) ал экөөсүнө жан тартпагыла! Экөөсүнүн жазалануусуна момундардын бир тайпасы күбө болуп турушсун.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЗынакер эркек зынакер аялга же мушрик аялга гана үйлөнө алат, зынакер аялды дагы зынакер эркек же мушрик эркек гана никесине алат. Ал эми, ыймандууларга бул – арам![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТаза аялдарга (жана эркектерге «зынакер» деп) доомат коюп, андан кийин төрт (адилеттүү) күбө алып келе албаган адамдарды сексен балак ургула жана алардын күбөлүгүн эч качан кабыл албагыла! Алар – (Аллахка баш ийбеген) бузуку адамдар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨз аялдарына (зына кылды деген) доомат коюп, бирок, өзүнөн башка күбөсү жок болгон адамдардын ар биринин күбөлүгү ( - казынын алдында:) «Мен чынчылдарданмын» деп төрт ирет Аллахтын аты менен (ант ичип) күбөлүк берүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБешинчиси – (аялдын) «Эгер ал (күйөөсү) чын сүйлөп жаткан болсо, өзүнө Аллахтын каары болсун!»- деп (наалат) айтуусу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, доомат арткан адамдар өзүңөрдүн эле араңардагы бир тайпа.[1] Силер бул дооматты жамандык деп ойлобогула, ал силер үчүн жакшылык.[2] Алардын (дооматчылардын) ар бири үчүн жасаган ишине тете күнөөсү бар. Ал эми, алардын арасынан (күнөөнүн) чоңун көтөргөн адамга[3] (Акыретте) чоң азап бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер (оо, мусулман жамааты!) бул жалааны укканыңарда ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-бири жөнүндө жакшы күмөндө болуп, «бул (Аишага) анык жалаа!» - десе болбойт беле?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (дооматчылар) өздөрүнүн дооматтарына төрт (адилеттүү) күбөнү алып келишсе болбойт беле?! Эгер (төрт адилеттүү) күбөнү алып келе албаса, анда алар Аллахтын алдында жалганчы адамдар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгерде силерге Дүйнө жана Акыретте Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбосо, анын ичине чумкуган нерсе(ңер - ушак, доомат) үчүн силерге чоң азап келмек.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер ал убакта тилиңер менен (доомат-ушакты) сүйлөп, оозуңар менен өзүңөр билбеген нерсени жайылтып жаттыңар. Силер аны (дооматты) жеңил санайт элеңер. Чынында ал Аллахтын алдында чоң (күнөө!).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫймандуу адамдардын арасында бузукулуктун (зына кылды деп жалаа жабуу) таркалуусун жакшы көргөн адамдарга дүйнөдө жана акыретте улуу азап бар! Аллах (алардын жалгандарын) билет, силер билбейсиңер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтиргендер! Шайтандын (азгырык) жолдоруна ээрчибегиле! Ким шайтандын (азгырык) жолдоруна ээрчисе, (билип алсын) ал бузукулуктарга жана жаман иштерге буюрат. Эгерде силерге Аллахтын жакшылыгы жана ырайымы болбосо, эч качан, (күнөөдөн, шайтандын жолдоруна ээрчүүдөн) силердин эч кимиңер тазалана албайт элеңер. Бирок, Аллах каалаган пендесин (күнөөдөн) тазалайт. Аллах – Угуучу, Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин араңардагы артыкчылык (илим) ээлери жана кеңчиликке ээ болгонуңар туугандарына, бей-бечараларга жана Аллах жолунда хижрат кылган кишилерге (садака) бербейм деп ант ичпесин! Тескерисинче, (аларды) кечирсин жана (жамандыгына) жакшылык менен жооп берсин. Аллах силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, (жамандыкты) оюна да албаган, таза-абийрдүү, ыймандуу кыз-келиндерге («зына кылды» деп, доомат ташын) аткан адамдар дүйнө-акыретте (Аллахтан келген) каргышка калышат жана аларга чоң азап бар.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Кыямат) Күнү өздөрүнүн тилдери, колдору жана буттары жасаган (жаман) амалдары себептүү аларга каршы күбөлүк берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол Күнү Аллах алардын акыйкат жазаларын же сыйлыктарын толук берет жана алар Аллахтын анык Акыйкат экенин (ошондуктан, Анын убадасы, эскерткендери жана Андан келген бардык нерселер акыйкат экенин) билишет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫплас аялдар ыплас эркектер үчүн, ыплас эркектер ыплас аялдар үчүн. Таза аялдар таза эркектер үчүн, таза эркектер таза аялдар үчүн. Алар (дооматка калган таза адамдар) тигилер (дооматчы ыпластар) айткан нерседен таза. Аларга (Раббиси тарабынан) кечирим жана кереметтүү ырыскы (бейиш) бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдүн үйүңөрдөн башка үйлөргө, үй ээлеринен уруксат сурамайынча жана салам бермейинче кирбегиле! Ушундай кылууңар силер үчүн жакшы! Балким (жогорудагы буйруктарды) эсиңерге алаарсыңар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер ал үйлөрдүн ичинде эч кимди таппасаңар, качан силерге уруксат берилмейинче аларга кирбегиле! Эгер силерге «кайтып кет» деп айтылса, кайтып кеткиле. Ушул силер үчүн тазараак (жорук). Аллах - жасаган ишиңерди Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБирок, анда (үй-бүлө) жашабаган жана силерге пайда(ланууга мүмкүн болгон мейманкана, кербен сарай сыяктуу жалпы) үйлөргө уруксат сурабай киришиңерде силер үчүн күнөө жок. Аллах силердин жашырганыңарды да, ашкерелегениңерди да билет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Ыймандуу эркектерге айт: (Бөтөн аялдарды, уяттуу жерлерди кароодон) көздөрүн тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн (зынадан жана бачабаздыктан) сакташсын! Алар үчүн ушул тазараак (жорук). Аллах алардын бардык иштеринен Кабардар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫймандуу аялдарга айт: (Бөтөн эркектерди же уяттуу жерлерди кароодон) көздөрүн тыйышсын жана жыныс мүчөлөрүн (зынадан) сакташсын! Көрүнүп турган зыйнатынан (кийиминен) башка зыйнат-тагынчактарын жаап жүрүшсүн! Жоолуктары менен көкүрөктөрүн жабышсын! Зыйнаттарын (моюн, билек сыяктуу зыйнат мүчөлөрүн) көргөзүшпөсүн! Бир гана күйөөлөрүнө же аталарына же күйөөсүнүн аталарына же балдарына же күйөөсүнүн балдарына же ага-инилерине же ага-инилеринин балдарына же эже-сиңдилеринин балдарына же (ишеничтүү) аялдарга же кул-күңдөрүнө же (аялга) кызыгуусу калбаган (картайган) эркек кызматчыларына же аялдардын авраттарынын айырмасын билбеген жаш балдарга (көрүнсө күнөө жок). Жашыруун зыйнаттарын билгизиш үчүн буттарын жерге урбасын![1] Оо, ыймандуулар! Баарыңар Аллахка тообо кылгыла, ажеп эмес жеңишке (бейишке) жетсеңер!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, ыймандуулар!) Силердин араңардагы бойдокторду, такыба кул-күңдөрүңөрдү үйлөндүргүлө. Эгер (үйлөнүүнү каалагандар) колу жука болсо, Аллах өз берешендиги менен аларды байытат. Аллах (Тааланын жакшылык-берекеттери) кенен, (жана Ал пенделеринин абалын) Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кембагалдык же башка себеп менен) үйлөнө албай жүргөндөр, качан Аллах аларды Өз кең пейилдиги менен байытканга чейин абийир-намыстарын сакташсын! Кулдарыңардын арасынан (азаттык) келишимин каалагандар болсо, эгер аларда жакшылык (өзүнүн жанын багып кетүүгө кудурет) бар экенин билсеңер, анда алар менен келишим түзө бергиле жана (Аллах) силерге берген Аллахтын мал-дүйнөсүнөн (аларга садака) бергиле. Жана дүйнө байлыгына кызыгып, тазалыкты каалаган күңүңөрдү сойкулукка мажбурлабагыла! Ким аларды (сойкулукка) мажбурласа, (өздөрү каалабай туруп) мажбурлангандан кийин Аллах аларды (зордукка кабылган күңдөрдү) Кечирүүчү, Ырайымдуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах – асмандардын жана Жердин Нуру! Анын Нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак-шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы! Ал (чырак) тескейде да эмес, күнгөйдө да эмес (ар дайым нур тийип турган, бийик жерде өскөн) берекеттүү Зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (А, эгер от тамызылса) нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах – ар нерсени Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал чырак «мечит» деп аталган) үйлөрдө (жагылат). Аллах ал үйлөрдүн (курулушу жана даражасы бийик) көтөрүлүшүнө жана анда Өзүнүн ысымы эскерилишин буюрган. Анын ичинде (ыймандуу адамдар) эртели-кеч Аны (ар кандай кемчилдиктерден) аруулашат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал) эр-азаматтарды Аллахтын зикиринен, намаз окуудан жана зекет берүүдөн соода дагы, алды-сатты дагы алаксыта албайт! (Анткени,) алар көздөр жана жүрөктөр (коркуу менен үмүттүн ортосунда ары-бери) оодарылып кала турган Күндөн (Кыяматтан) коркушат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мунун себеби) Аллах аларды жасаган амалдарынын эң жакшылары менен сыйлашы жана Өзүнүн берешендиги менен аларды(н соопторуна сооп) кошуп бериши үчүн. Аллах каалаган пендесине эсепсиз ырыскы берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлардын амалдары болсо, чөлдөгү закым сыяктуу. Суусаган адам аны суу деп ойлойт. Качан ага («жетип») барса эч нерсе таппай калат. Өзүнүн алдында (Кыяматта) Аллахты гана табат. Анан Аллах аны менен толук эсептешет. Аллах тез эсептешүүчү.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо (каапырдын кылган иш-аракеттери) терең деңиз түбүндөгү караңгылыктарга окшойт. Аны толкундар орогон. Толкундардын үстүнөн дагы толкун орогон, анын үстүнөн (кара) булут (каптаган). Кабат-кабат караңгылыктар! Эгер (ошол абалда суудан) колун чыгарса да аны көрө албайт. Аллах кимге нур (ыйман) бербесе, ал (ар кандай) нурдан куржалак![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Аллахка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер (жадагалса,) асманда сап тартып ушкан куштар(га чейин) тасбих айтканын (аруулаганын) билбедиңби? (Алардын) ар бири (Аллахка жалбараар) дубасын жана тасбихин билет. Аллах алардын эмне кылып жаткандарын Билүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрбөйсүңбү, Аллах булуттарды (каалаган багытына) айдап, кийин аларды чогултат жана түрмөк-түрмөк кылып койот. Кийин сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. (Аллах) асмандан: андагы (булут) тоолорунан мөндүр жаадырып, аны менен каалаган пенделерине (апаат же пайда) жеткирет жана аны каалаган пенделеринен буруп жиберет. Анын (булуттун) чагылганынын нуру көздөрдү көр кылып жиберчүдөй болот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах түн менен күндүздү алмаштырып турат. Албетте, мында акылдуулар үчүн (Аллахтын кудуретин тааныткан) сабак бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах баардык жан-жаныбарды суудан жаратты. Алардын кээ бири сойлоп жүрөт, кээ бири эки буттап жүрөт, кээ бирлери төрт бут менен басат. Аллах каалаган нерсесин (каалагандай) жаратат. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар «Биз Аллахка, пайгамбарга ыйман келтирдик жана (экөөсүнүн буйруктарына) моюн сундук» дешет. Кийин, дал ушундан кийин (каалоолоруна ылайык келбеген буйруктарды аткарууга келгенде) алардын кээ бир тайпалары жүз буруп кетишет. Алар ыймандуу эмес!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер араларында өкүм кылуу үчүн Аллахка жана пайгамбарына чакырылса, капыстан бир топтору тескери басып кетишет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын жүрөгүндө илдет (эки жүздүүлүк) барбы? Же (Мухаммаддын пайгамбар экенинен) шектеништиби же болбосо, Аллах менен пайгамбары зулум кылат деп коркушабы? Жок! Алардын өздөрү залымдар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, араларында өкүм кылуу үчүн Аллах жана пайгамбарына чакырылган кездеги ыймандуулардын сөзү: «Уктук жана моюн сундук» деп айтуу (гана болушу кажет). Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетүүчүлөр!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер сен аларга (эки жүздүүлөргө «Мени менен урушка чыккыла!» деп) буюрсаң, «албетте, чыгабыз!» деп, Аллахтын аты менен, жан үрөп ант ичишет. (Аларга) айт: «(жалгандан) ант ичпегиле. (Силердин) моюн сунууңар белгилүү.[1] Аллах эмне амал кылганыңардан Кабардар».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, пайгамбар, адамдарга) айткын: «Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз үйүрсөңөр, пайгамбарга өз милдети, силерге өз милдетиңер.[1] Эгер ага моюн сунсаңар анда, туура жолго түшөсүңөр. Пайгамбардын мойнунда анык жеткирүүдөн башка (милдет) жок.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силердин араңардагы ыйман келтирген жана жакшы амалдарды аткарган адамдарды жер жүзүнө башкаруучу кылууну убада берди, мурдагы (ушундай) кишилерди башкаруучу кылганы сыяктуу. Жана аларга Өзү ыраазы болгон диндерин бекемдеп берүүнү, коркунучтарынан кийин (анысын) тынчтыкка алмаштырып берүүнү (да убада берди жана мындай шарт койду:) «Менин Өзүмө гана ибадат кылышат, Мага эч нерсени шерик кылышпайт». Ким ушундан кийин каапыр болсо, ошолор гана бузукулар.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Каапырлар жер бетинде Аллахтан качып кутулат деп ойлобо! (Акыретте болсо) алардын жайы тозокто! Кандай жаман акыбет!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтиргендер! Кулдарыңар менен күңдөрүңөр жана эрезеге жетпеген бөбөктөрүңөр (силердин бөлмөгө кирүү үчүн) үч маал уруксат сурашсын:[1] Багымдат намазынан мурун (сырткы кийимиңерди кийе электе), Бешим убактысында(гы ысыктан) чечинип алганыңарда жана Куптан намазынан кийин (жатаарда). Ушул үч убак силер үчүн аврат (кийимсиз) болгон учурлар. Бул үч убактан башка убактарда (уруксатсыз кирсе) силерге да, аларга да күнөө жок. Алар силерге: бири-бириңерге аралашып жүрө бересиңер. Аллах силерге (өкүм) аяттарын мына ушинтип баяндайт. Аллах - Билүүчү, Даанышман.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАялдардын арасынан никеден үмүт үзүп, олтуруп (картайып) калгандары үчүн зыйнат-жасалгалары менен ачылып-чачылбаган абалда (чоң жоолук жана хижап-халат сыяктуу сырткы) кийимдеринин кээ бирин (махрам эместердин алдында) чечип коюусунда күнөө жок. (Бирок,) эгер (чечүүдөн) ыйба кылышса өздөрүнө жакшы. Аллах Угуучу, Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жихад жана ушул сыяктуу парыз амалдарды аткара албай калган) сокурларга, чолокторго жана оорулууларга күнөө жок. Жана силер үчүн (оо, ыймандуулар) өз үйүңөрдөн же атаңардын үйүнөн же апаңардын үйүнөн же ага-иниңердин үйүнөн же эже-карындаштарыңардын үйүнөн же абаңардын үйүнөн же апчеңердин үйүнөн же таякеңердин үйүнөн же таежеңердин үйүнөн же ачкычы колуңарга (ишенип) тапшырылган үйлөрдөн же дос-жарандарыңардын үйүнөн (уруксатсыз) тамактанууңарда күнөө жок. (Ошондой эле,) чогуу же бөлүнүп тамактанууңарда да күнөө жок. Эгер үйлөргө кирсеңер (мусулмандар бири-бириңерге эгерде үйдө эч ким жок болсо) өзүңөргө Аллахтын алдынан келген, таза, берекеттүү саламды бергиле.[1] Аллах силерге аяттарын ушинтип баяндайт. Балким акыл жүргүзөрсүңөр!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Чыныгы) ыймандуулар – Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтирген адамдар. Качан алар (мусулмандарга) пайдалуу бир иштин үстүндө пайгамбар менен бирге болушса, андан уруксат сурамайынча кетип калышпайт. (Оо, Мухаммад!) Чынында, сенден уруксат сураган адамдар Аллахка жана Анын пайгамбарына (чын ыклас менен) ишенгендер! Эгер алар кээ бир иштерине уруксат сурашса, алардан каалаганыңа уруксат бер жана алардын күнөөлөрүн кечирүүсүн Аллахтан сура. Чынында, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, ыйман келтиргендер!) Өз араңарда пайгамбарга кайрылууну бири-бириңерге кайрылган сыяктуу (жөнөкөй) кылып албагыла! Аллах силердин араңардагы байкатпай, уруксатсыз чыгып кете турган адамдарды жакшы билет. Пайгамбардын буйругуна каршы иш жасагандар баштарына балээ же жан ооруткан азап түшүп калуусунан абайлашсын!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭсиңерде болсун! Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллахтын мүлкү. Ал силер эмне иш үстүндө экениңерди билет. Ал эми, (пенделер) Өзүнө кайтарыла турган (Кыямат) күнү болсо, аларга (бардык) иштеринин кабарын билдирет. Аллах - бардык нерселерди Билүүчү.