Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨздөрүнүн арасынан (Биз тандап алган) кишиге: (Мухаммадга) “Адамдарды (тозоктон) эскерт жана ыймандууларга Раббисинин алдындагы толуп-ташкан чыныгы сыйлыктар жөнүндө кушкабар бер” деп аян-кабар жиберишибиз (каапыр) адамдарга таңкалычтуу болдубу? Каапырлар (Аллахтан ушул аян-кабарды алып келген пайгамбар жөнүндө:) “Бул анык сыйкырчыдан башка эч ким эмес” - дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, силердин Раббиңер Жер менен асмандарды алты күндө жаратып, андан кийин (жер-асмандардан да кең болгон) Арштан бийик болду.[1] Ал (бүт ааламдардагы) ишти (жалгыз Өзү) башкарат. Анын уруксаты болмоюн, (Анын алдында) эч ким (башка бирөөгө) шапаатчы (колдоочу) боло албайт. Ушул Аллах – Раббиңер. Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Эми, эсиңерге келбейсиңерби?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын убадасы - акыйкат: (Анын убадасы боюнча) бардыгыңардын кайтып барарыңар - Өзүнө. Ал оболу калк-калайыкты жаратат. Кийин ыйман келтирип жакшы иш кылгандарды адилет сыйлаш үчүн жаратууну (экинчи жолу) кайталайт. Каапыр болгон адамдарга болсо, каапыр болгонунун жазасына жан ооруткан азап жана кайнак суудан шарап бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл Күндү жарыткыч, Айды Нур кылып койду. Жана силер эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн Айга бир нече орундарды белгилеп койду. Аллах муну акыйкат менен жаратты жана биле турган адамдар үчүн аяттарды ачык-айкын баян кылып жатат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, түн менен күндүздүн алмашып турушунда жана жер-асмандардагы Аллах жараткан нерселерде такыба адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБизге жолугууну үмүт кылбай (ишенбей), дүйнө жашоосуна гана ыраазы болуп, ошого жөлөнүп жүргөндөр жана Биздин аяттарыбызга көңүл бурбай койгондор…
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, ыйман келтирип салих амал кылган адамдарды, ыймандары себептүү Раббиси туура жолго баштайт. (Натыйжада) Бейиш бактарында алардын (жайгашкан орундарынын) астында дарыялар агып турат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБейиште алардын дуба-ибадаттары: “О, Аллах! Сен бардык кемчилдиктүү сыпаттардан Тазасың!” деген сөздөрдөн, учурашуулары “салам-салам” деген сөздөрдөн. Дубалары(нын аягы) болсо: “Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!” (деген сөз менен бүтөт).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах (каапыр) адамдарга жакшылыкты (алар өздөрү) шаштырышканы сыяктуу жамандыкты да шаштырып келтирчү болсо, (качан эле) алардын жашоо мөөнөттөрү бүтүп (кыйрап) калмак. (Бирок) Бизге жолугууну үмүт кылбаган адамдарды өз адашуусунда, тентиген кейипте таштап койобуз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана эгер бир инсанды (ооруу, апаат сыяктуу) зыян кармаса, жатып да, отуруп да, турган абалында да Бизге (жалбарып) дуба кылып калат. Эми, качан андан зыянды арылтсак, зыян кармаганда Бизге дуба кылбаган сыяктуу (тескери) басып кетет. Чектен чыккан адамдарга жасаган иштери ушинтип кооз көргөзүп коюлат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз силерден мурун да көп муундарды каапыр болуп кеткенде кыйратып салганбыз. Аларга өз пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде, ыйман келтирбей коюшкан болчу. Биз күнөөкөр элди ушинтип жазалайбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга Биздин анык аяттарыбыз окуп берилсе, Бизге жолугууну үмүт кылбаган (мушрик) адамдар: “(О, Мухаммад,) бизге мындан бөлөк Куран алып кел же аны (биздин каалоолорубузга ылайыктап) өзгөрт”- дешкен. Айткын: “Мага аны өз оюм менен өзгөртүү мүмкүн эмес. Мен (Куранды өзүм ойлоп чыгарбаймын) болгону, өзүмө (Аллах тарабынан) вахий кылынган нерселерди гана ээрчиймин. Эгер мен Раббиме күнөө кылсам, Улуу Күндүн азабынан коркомун!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Эгер Аллах каалаганда мен силерге муну окуп бербейт элем жана Ал (Аллах) да аны силерге үйрөтпөйт эле. Мен өмүр бою өзүңөрдүн араңарда (жашап) келем го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?».[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка жалаа жаап, аяттарын "жалган" деген адамдардан залым ким бар?! Чынында, күнөөкөр адамдар эч качан жеңишке (бейишке) жетпейт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер) Аллахтан башка, пайда да, зыян да жеткире албай турган нерселерге ибадат кылып: “Ушулар Аллахтын алдындагы биздин колдоочуларыбыз” - дешти. Айткын: «Силер Аллахка асмандар жана жердеги билбеген “шериктерин” билгизип коймок болдуңарбы?!» Ал (мушриктер ойлогондой болуудан) Таза жана алардын ширктеринен Бийик!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мурун) адамдардын бардыгы бир динде болушкан. Кийинчерээк (пикирде) чачыранды болуп кетишти.[1] Эгер Раббиң тарабынан өткөн (каапырларга бул дүйнөдө мөөнөт берүү жөнүндөгү) сөз болбогондо, каршы чыккан иштеринде аларга (кыйратуу менен) өкүм кылынмак.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар): “Ага Раббиси тарабынан (көзүбүзгө көрүнгөн) бир белги-моожиза түшүрүлбөйт бекен!” дешти. Айткын: “Кайып (илими) жалгыз Аллахка таандык. (Силер менин акыбетимди) күткүлө, мен да силер менен бирге (силердин акыбет-натыйжаңарды) күтүүчүлөрдөн болоюн.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз адамдарга, жеткен (оору, каатчылык сыяктуу) машакат-мүшкүлдөрдүн артынан (ден-соолук, байлык, тынчтык сыяктуу) ырайым-рахмат даамын таттырсак, капыстан Биздин аяттарыбыз жөнүндө амалкөйлүк кылып (жалган айтып, шылдыңдап) башташат. Айткын: “Аллахтын амалкөйлүгү (силердикинен) тезирээк!” Чынында Биздин (периште) элчилерибиз силердин айла-амалыңарды жазып турат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) силерди деңизде жана кургактыкта жүргүзгөн. Кайсыл бир убакытта силер деңиз койнунда – кемелерде болгонуңарда, кемелер жагымдуу жел менен аларды сыздырып баратканда жана аны менен сүйүнүп турушканда (капыстан) аларга добул шамалдар, ар тарабынан толкундар келип, оролуп калганын сезишкенде Аллахка чын ыкыластары менен: “Эгер ушундан куткарсаң шүгүр кылуучулардан болобуз!” - деп дуба кылышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) аларды куткарып койгондон кийин болсо, жер бетинде акыйкатсыздык менен (Аллахтын жалгыз Өзүнө сыйынбай) зулумдук кылышат. О, адамдар! Силердин зулумуңар өзүңөргө гана зыян. (Силер) дүйнө жашоосунун пайдаларын гана (үмүт кыласыңар) кийин (кыяматта) Өзүбүзгө кайтарыласыңар жана Биз силерге кылган ишиңердин кабарын билдиребиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЧынында, дүйнө жашоосунун (лаззат-кооздуктарынын) мисалы - Биз асмандан түшүргөн сууга (жана ошол суу менен жер кооз болуп калганда бир апаат менен жок болуп калганга) окшош: (оболу) ал суу менен адамдар жана айбандар жей турган жер өсүмдүктөрү аралашып, (суу алардын тамыр-денесине сиңип) жер көркүнө келип, кооздоно жасанганда, жер элдери “Биз жер үстүндө кудуреттүүбүз” деп калышты. (Ошондо гана) түндөсү же күндүзү жерге Биздин буйругубуз (азабыбыз) келип, аны кечээ гана дөөлөттүү болбогон сыяктуу кыйратып койдук! Биз пикирин иштеткен адамдарга аяттарды ушинтип баян кылабыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, инсандар! Силерди) Аллах Тынчтык Үйүнө (бейишке) чакырат жана Өзү каалаган пенделерин туура жолго (Исламга) баштайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллахка ибадатты) Эң сонун кылган адамдарга эң сонун нерсе (бейиш) жана ашыкчасы (Аллахтын Жүзүн көрүү) бар. Алардын жүздөрүнө эч бир чаң, эч бир кордук (белгиси) жукпайт. Алар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, жаман иштерди жасаган адамдар үчүн, өзүндөй жаман жаза (тозок) бар. Аларды кордук ороп алат жана Аллах тарабынан эч бир сактоочу болбойт. Алардын жүзү тим эле караңгы түндүн бир бөлүгүнө оролуп алган сыяктуу (болуп калат). Дал ошолор тозок ээлери, анда түбөлүк калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол жерде ар бир жан өзү жасап өткөн иштерин сыноодон өткөрөт. Жана чыныгы кожоюндары – Аллахка кайтарылышат. Ойлоп тапкан жалган “кудайлары” алардан жоголуп кетет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллах” – деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУшул Аллах силердин чыныгы Раббиңер. Чындыктан кийин адашуучулуктан башка эч нерсе келбейт. Кайда бурулуп бара жатасыңар?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: «(О, мушриктер!) силердин (Аллахтан башка) “кудайыңардын” арасында калк-калайыкты башта жаратып, (кийин өлтүрүп) анан кайра жарата ала турганы барбы?» Айт: «Аллах (гана) башта жаратып, (аны өлтүргөндөн) кийин кайра жарата алат! (Ошол Аллахка сыйынбай) кайда бара жатасыңар?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Силердин “кудайыңардын” арасында акыйкатка баштай ала турганы барбы? Айт: “Аллах гана акыйкатка баштай алат! (Айткылачы), ким артынан ээрчигенге көбүрөөк татыктуу: акыйкатка баштай ала турганыбы же баштай албай, тескерисинче, өзү баштоочуга муктаж болгонубу?! Силерге эмне болгон? Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан (мушриктерден) көпчүлүгү шек-күмөндөрдү гана ээрчийт. Чынында, күмөн деген акыйкаттын ордун баса албайт. Аллах алардын иштерин Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Бул Куран Аллахтан башка эч кимден келбеген. Ал (Куран) өзүнөн мурунку (Тоорат, Инжил, Забур сыяктуу) китептерди тастыктайт, (адал-арам маселелерин) толук баяндап берет. Анын ааламдардын Раббиси тарабынан келгенине эч бир шек-күмөн жок».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе алар: “Аны (Мухаммад) ойдон чыгарган” - дешеби? Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка колуңардан келген ар кимдерди чакырып болсо да, ушуга окшош бир гана сүрө келтиргилечи?!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок! Алар Куранды үйрөнбөй туруп, анын түшүнүк-маанисин билбей туруп эле “жалган” дегенге шашылышат. Алардан мурунку каапырлар дагы (өз пайгамбарына келген чындыкты) ушинтип “жалган” дешкен. Эми, залымдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын арасында Куранга ыйман келтиргендери да бар, ыйман келтирбегендери да бар. Сенин Раббиң бузуку адамдарды Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын арасынан кээ бирөөлөрү сага кулак салышат. Сен дүлөйлөргө кантип угузмак элең, (өздөрү) акылдарын иштетпей жатышса.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын дагы бирөөлөрү сени(н аракетиңе сын тагып) тиктеп турушат. Эгер (акыл көзү менен) көрө алышпаса, сен сокур адамды кантип туура жолго баштамаксың?
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) адамдарды чогулткан (Кыямат) Күндө, алар (бул дүйнөдө) күндүздүн бир саатын гана (жашап) тургандай болушат. Бири-бирлерин таанып турушат. (Ошондо) Аллахка жолугууну “жалган” дегендер зыян тартып калышат. (Анткени,) алар туура жолго түшкөн эмес!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Эгер Биз аларга убада берген нерсени (ушул дүйнөдө жазалоону) сага көрсөтсөк да, же (көргөзбөй эле) сенин жаныңды алсак да (капа болбо, акырында) алар Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан, Аллах алардын бардык кылмыштарына Күбө болот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Тарыхтагы) ар бир эл-үммөт үчүн пайгамбар (жиберилген). Качан аларга пайгамбарлары келгенде (кээ бирөөлөрү ыйман келтирип, көпчүлүгү жалганчыга чыгарышкан. Ал эми, Кыяматта) аларга эч бир зулумдук кылынбай, адилеттик менен өкүм кылынат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мушриктер): “Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы, о мусулмандар, Аллах бизди жазалайм деген) ошол убада качан?”- дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка не пайда, не зыян жеткире албаймын (мен болгону силер үчүн эстетүүчүмүн). Ар бир үммөттүн белгиленген мөөнөтү бар. Качан ошол мөөнөтү келгенде, алар бир саатка да кечиктирилбейт жана тездетилбейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Эмне деп ойлойсуңар, Аллахтын азабы силерге түндөсүбү же күндүзүбү келсе (силер үчүн анын айырмасы канчалык?!) Кылмышкерлер азапты эмне мынча шашылтырышат?
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин (капыстан) ал азап келгенде, (дароо) ыйман келтирдиңер. Эмиби?! (Эми ыйманыңар кабыл болбойт. Кеч болуп калды!) Силер аны шаштырбадыңар беле?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин (Акыретте) залым адамдарга: “Түбөлүк азапты таткыла! Силер кылмышыңарга жараша гана жазаланасыңар” - деп айтылат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана (Кыяматта) ар бир зулумдук кылган жан үчүн бүт жер жүзүнүн байлыгы (күнөөсүнө) төлөм катары берилсе да, азапты(н бар экенин өз көзү менен) көргөндө, ичтен сызып, бушайман чексе да, аларга эч зулумдук кылынбаган абалда, адилеттик менен өкүм кылынат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөңүл бургула! Чынында, асмандар жана жердеги нерсенин бардыгы Аллахка таандык! Көңүл бургула! Чынында, Аллахтын убадасы – Акыйкат! Бирок муну алардын көпчүлүгү билишпейт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү бузулууларга шыпаа, туура жол жана бүт ааламдар үчүн ырайым (болуп Куран китеби) келди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка жалгандан жалаа жаап жаткан адамдар Кыямат күнү кандай ойлонушат болду экен? Чынында, Аллах адамдарга пазилеттүү. Бирок, адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, адамдар!) Силер кандай гана абалда болбогула, Курандан эмнени гана окубагыла, кандай гана иш жасабагыла – Биз силердин ошол иш менен алек болгонуңарга Күбө болуп турабыз. (О, Мухаммад!) Сенин Раббиңден асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да жашыруун боло албайт. Ошол нерседен чоң же кичине болгон нерселердин бардыгы Анык Китепте (Лаухул-Махфузда) жазылган!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар үчүн Дүйнөдө жана Акыретте сүйүнчү кабарлар бар. Аллахтын сөздөрү (эч качан) өзгөртүлбөйт. Бул – Улуу Жеңиш!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) Сени алардын (динге жана сага багытталган ыпылас) сөздөрү капа кылбасын. Бардык урмат-ызаат Аллах үчүн! Ал – Угуучу, Билүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovУккула, чынында асмандар жана жерде болгондун бардыгы Аллахтын гана мүлкү. Аллахтан башка “кудайларга” дуба (ибадат) кылып жаткандар шек-күмөндөрдү гана ээрчишет жана жалгандарды гана божомолдошот.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Аллах) силерге анын койнунда бейпил дем алышыңар үчүн түндү жана (анда турмуш-тиричилик кылууңар үчүн) жарык күндүздү чыгарып берди. Албетте, бул нерседе (аң-сезим менен) уга билген адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) “Аллахтын баласы бар” дешти. Ал (каапырлардын сыпаттоосунан) Таза! Ал – Беймуктаж. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Анын менчиги. (Оо, каапырлар!) Силердин алдыңарда бул сөзүңөргө далил жок! Эмне, силер Аллах жөнүндө билбеген (далилсиз) нерселерди сүйлөй берсиңерби?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алар үчүн) Дүйнөдө (өз жалгандары менен бир аз) пайдалануу бар. Анан, Өзүбүзгө (кайтып) келишет. Анан, аларга каапырчылыктары себептүү катуу азап таттырабыз!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) Аларга Нухтун кабарын окуп бер: Бир кезде Нух коомуна (кайрылып) айтты: “О, коомум! Эгер менин (динге даават кылып, көп жылдар араңарда) турушум жана Аллахтын аяттарын эскертишим силерге оор келген болсо, Аллахка тобокел кылдым, (мага каршы) бардык амал-күчүңөрдү жана Аллахка шерик кылган бардык “кудайыңарды” чогулта бергиле. Ишиңер өзүңөргө белгисиз болуп калбасын. Анан мага эч мөөнөт бербей, (колуңардан келгенин) кылгыла![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (насааттарымды кабыл албай) кетсеңер, мен силерден (динге чакырганым үчүн) акы сураганым жок. Сооп-сыйлыкты мен Аллахтан гана сураймын. Жана мен мусулмандардан (Аллахтын Өзүнө гана моюн сунуучулардан) болууга буюрулганмын”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң коому аны (дагы бир ирет) “жалганчы” дешти. Анан Биз аны жана аны менен бирге болгондорду кемеде куткарып, (топон суудан кыйрагандарга) орунбасар кылдык жана Биздин аяттарыбызды “жалган дегендерди чөктүрүп салдык. Эскертилген адамдардын акыбалы кандай болгонун көрүп кой.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Биз анын (Нухтун) артынан (көп) пайгамбарларды өз коомдоруна жибердик. Алар коомдоруна анык далилдерди (моожизаларды) көргөзүштү. Бирок, алар, (моожизаларды көрсө да) мындан мурун “жалган” деген нерселерине (динге) ыйман келтиришпеди. Биз чектен чыгуучулардын жүрөгүн ушинтип мөөрлөп койобуз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАндан соң пайгамбарлардын артынан Муса (бин Имран) менен (агасы) Харунду Фараон жана анын сарай кызматчыларына, Өзүбүздүн моожизаларыбыз менен жиберген кезде алар текеберленип, кылмышкер коом болуп калышты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуса айтты: “Силерге Акыйкат келгенде (бул – сыйкыр) деп жатасыңарбы?! Ушул сыйкырбы? Сыйкырчылар максаттарына жете албайт!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар айтышты: “Силер бизди ата-бабалар жүргөн динден тосуу үчүн жана (биздин) жердеги бийлик силерге ооп калуу үчүн (жана бизди өз жерибизден чыгарып жиберүү үчүн) келдиңерби?! Биз экөөңө (эч качан) ыйман келтирбейбиз!”[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Сыйкырчылар колдорундагы жиптерди, таякчаларды) таштады эле, (кадимки эле ийрелеңдеген жыландарга окшоп калды. Анда) Муса айтты: “Силер жасаган (ушул) иш (анык) сыйкыр! Аллах тез эле анын жалганын чыгарат! Чынында, Аллах бузукулардын ишин оңдобойт».[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМусага (көпчүлүк) ыйман келтирбеди. Өзүнүн коомунан бир тайпа жаш жигиттер гана[1] Фараон менен анын адамдары аларды (күч менен) динден кайтарып коюусунан корккон абалда ыйман келтиришти. (Анткени,) Фараон жер бетинде багынтуучу (каардуу) жана чектен чыккандардын бири эле.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар (Мусанын коому анын сөзүнө муюп) айтты: “Аллахка тобокел! О, Рабби! Бизди залым адамдарга кор (жеңилген) кылып койбо!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Муса менен агасына (Харунга): “Экөөң коомуңар үчүн Мисирде (ибадат кылуучу) үйлөрдү кургула жана (эгер жалпы ибадатканада намаз окууга тоскоолдук болсо) өз үйүңөрдү ибадаткана кылып, намаз окугула. Жана адамдарга (жакында келе турган Аллахтын жардамы тууралуу) сүйүнүчтүү кабар айткыла!”- деп вахий кылдык.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМуса айтты: “О, Раббим! Сен Фараон менен анын адамдарына (бул) дүйнө жашоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды жана мал-мүлктү бердиң! О, Раббим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиң. О, Раббим! Алардын мал-мүлкүнө апаат берип, жүрөктөрүн катырып сал! Качан гана жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анда Аллах): “Экөөңөрдүн дубаңар кабыл болду. Эми, (диниңерде) түз болуп, (дааватыңарды улантып) илимсиз адамдардын жолуна ээрчибегиле!”- деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Исраил урпактарын деңизден (аман-эсен) өткөрдүк. Фараон менен анын аскерлери зулумдук жана душмандык кылуу үчүн аларды кууп келди. Качан гана Фараон (деңизге) чөгө баштаганда: “Ыйман келтирдим! Чын эле, Исраил урпактары ишенген Аллахтан башка кудай жок! Мен да мусулмандардан биримин!”- деди.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБүгүн (сени өлтүрүп, бирок) денеңди куткарабыз, сенден кийинкилерге сабак болушу үчүн. Чынында, көпчүлүк адамдар биздин аяттарыбыздан кабарсыз калышкан.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз Исраил урпактарын эң мыкты орундарга (Фараондон калган кооз жерлерге) орноштуруп, таза-адал нерселерден ырыскы бердик. Алар качан өздөрүнө илим (ыйык китеп) келгенге чейин (чындык жөнүндө) талашып-тартышышкан жок. Чынында, (Оо, Мухаммад,) Сенин Раббиң, алардын арасындагы талашкан нерселерине Кыямат Күндө Өзү өкүм чыгарат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) Эгер Биз сага түшүргөн нерседе (туурабы же туура эмеспи деп) экиленип калсаң, өзүңдөн мурунку китепти (Тоорат, Инжилди) окуган (ынсаптуу) адамдардан сура.[1] Аныгында, сага Раббиңден Акыйкат (Куран) келди. Эми сен шектенүүчүлөрдөн болбогун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер аларга (Аллахтан) бардык далил-моожизалар келсе да, жан кыйноочу азапты (өз көздөрү менен) көрмөйүнчө ынанышпайт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Башына азап келе жатканын көрүп) ыйман келтирсе, ал ыйманы өзүнө пайда берген эл-журт жок, бир гана Юнустун коомунан башка. (Юнустун коому азапты көрүп) ыйман келтирди эле, Биз алардан дүйнө жашоосундагы кордук азабын арылтып койдук жана (белгилүү) бир убакытка чейин (жашоо менен) пайдаландырдык.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) Эгер сенин Раббиң кааласа жер бетиндеги бардык адамдар (бири калбай) ыйман келтиришмек.[1] Эмне, сен адамдар (өз ыктыяры менен) ыйманга келгенге чейин эле аларды мажбурлайын деп турасыңбы?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын каалоо-уруксатысыз эч бир жан ыймандуу боло албайт. Ал эми, акылын иштетпеген адамдарды (Аллах таала) азапка (дуушар) кылат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад) Айткын: “Асмандар жана жердеги (Анын кудуретине белги болгон) нерселерге карагыла. Бирок, (бул) белгилер жана (азаптан) эскертүүлөр ыймансыз адамдарга пайда бербейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Каапырлар) өздөрүнөн мурун өткөн каапырлардын күнүнө окшош (азаптуу) күндү гана күтүп жатышат. (Аларга насаат пайда бербей калды. Ошондуктан,) аларга «күтө бергиле, мен да силер менен бирге (силердин азапка жолугууңарды) күтүүчүлөрдүн биримин» деп айткын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Азап келгенден) кийин Биз Өз пайгамбарларыбызды жана ыйман келтирген адамдарды куткарабыз. Ыймандуу адамдарды ушинтип куткаруу - Биз үчүн милдет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “О, адамдар! Эгер менин динимден күмөн санасаңар, мен Аллахтан башка силер ибадат кылып жаткан “кудайларга” ибадат кылбаймын. Бирок, силерди өлтүрө турган Аллахка ибадат кыламын жана мен ыймандуулардан болууга буюрулгамын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтан башка өзүңө не пайда, не зыян жеткире албаган “кудайларга” дуба кылба! Эгер ошентчү болсоң, анда сен залымдардан (мушриктерден) болуп каласың!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, эгер сага Аллах бир жакшылыкты кааласа, Анын пазилетине эч ким тоскоол боло албайт. Аллахтын жакшылыгы пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына жетет. Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан Акыйкат (Куран) келди. Ким (анын өкүмү менен жашап) туура жол тапкан болсо – өз пайдасына. Ким адашса – өзүнүн гана зыянына. Мен силер үчүн (ишиңерди текшерип жүрүүчү) өкүл эмесмин».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүңө вахий кылынган нерсени (Куранды) гана ээрчип, (эгер сени бирөө “жалганчы” десе, араңарда) Аллах өкүм кылганга чейин сабыр кыл. Ал - өкүм кылуучулардын мыктысы!