مَا كَانَ لِأَهْلِ ٱلْمَدِينَةِ وَمَنْ حَوْلَهُم مِّنَ ٱلْأَعْرَابِ أَن يَتَخَلَّفُوا۟ عَن رَّسُولِ ٱللَّهِ وَلَا يَرْغَبُوا۟ بِأَنفُسِهِمْ عَن نَّفْسِهِۦ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ لَا يُصِيبُهُمْ ظَمَأٌ وَلَا نَصَبٌ وَلَا مَخْمَصَةٌ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَا يَطَـُٔونَ مَوْطِئًا يَغِيظُ ٱلْكُفَّارَ وَلَا يَنَالُونَ مِنْ عَدُوٍّ نَّيْلًا إِلَّا كُتِبَ لَهُم بِهِۦ عَمَلٌ صَٰلِحٌ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ ٱلْمُحْسِنِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМедина (шаарынын) эли менен алардын айланасында жашаган бедуиндер үчүн (казат мезгилинде) Аллахтын пайгамбарынан калып калышы жана (жыргал жашоодо) өздөрү менен өздөрү убара болушу эч ылайыктуу (иш) эмес! Мунун себеби эгер алар Аллах жолунда чаңкоого, чарчоого, же ачкалыкка кабылышса, же каапырлардын кыжырын кайнатып (жихад үчүн, азбы-көппү) жерлерди басып өтсө да, же болбосо (согушта) душмандардын эсебинен (жеңиш, туткун, олжо сыяктуу) нерселерге жетишсе да, ушул себептүү аларга жакшы (сооп) иш жазылат. Албетте, Аллах жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт.