Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахты(н Атын) асмандардагы жана Жердеги бардык (жандуу-жансыз) нерселер аруулашат. Мүлк Аныкы, мактоо Өзүнө гана таандык! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, инсандар!) Ал силерди жараткан. Силердин араңарда каапыр да бар, ыймандуу да бар. Аллах бардык ишиңерди Көрүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты, силерге эң сонун келбет берди жана көрүнүшүңөрдү көрктүү кылды. Кайтып баруу – Өзүнө!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл асмандардагы жана жердеги бардык нерсени билет жана силердин сырыңарды да сыртыңарды да билет. Аллах жүрөктөрдө катылган нерселерди да Билүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, мушриктер!) силерге мурдагы каапыр жамааттардын кабары келбеди беле? Алар өз кылмыштарынын жазасын тартышкан.[1] Жана аларга (Кыяматта) катуу азап бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби, аларга пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде «бизди адам перзенти туура жолго баштайт бекен?» деп, каапыр болуп, жүз буруп кетишти.[1] Аллах аларга муктаж эмес. Аллах – Беймуктаж, Макталган!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер шексиз (Аллахтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллах үчүн жеңил.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Аллах) силерди чогулуш күнүнө чогулткан (Кыямат) күндү (эстегиле). Ал – Тагаабун Күнү![1] Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган болсо, (Аллах) анын күнөөлөрүн кечирип, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Алар анда түбөлүк калышат. Бул – Улуу жетишкендик!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалган дегендер тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат. Кандай жаман акыбет!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Пенделерге) жеткен ар бир балээ Аллахтын гана уруксаты менен болот. Ким Аллахка ыйман келтирсе, анын жүрөгүн туура жолго багыттап койот. Аллах бардыгын Билүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка моюн сунгула, пайгамбарга моюн сунгула! Эгер моюн сунбасаңар (өзүңөргө зыян). Биздин элчибиздин милдети (акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген пенделер! (Кээ бир учурда) силерге аялдарыңар менен перзенттериңер арасынан (Аллах Жолунан тосуучу) душмандар чыгат. Алардан абайлагыла! Эгер аларды кечирип, айкөлдүк кылсаңар (билип алгыла) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтан алыңар жеткенче такыба кылгыла жана (пайгамбардын өкүм-насааттарын) угуп, моюн сунгула. Жана (Аллах Жолунда) садака кылгыла. (Бул ишиңер) өзүңөргө жакшы. Ким напсинин ачкөздүгүнөн сактана алган болсо, дал ошолор жеңишке жеткендер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллахка жакшынакай карыз берсеңер,[1] силерге бир нече эсе[2] көбөйтүп кайтарат жана (буга кошумча иретинде) күнөөңөрдү да кечирет. Аллах жакшылыктаррга шүгүр кылуучу жана (пейили) Жумшак.