caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Hashr сүрөсү الحشر

24 аят · Медина · түшүү тартиби 101

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка асмандар жана жердегинин бардыгы тасбих айтты! Ал – Кудуреттүү, Даанышман![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُوَ ٱلَّذِىٓ أَخْرَجَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَٰبِ مِن دِيَٰرِهِمْ لِأَوَّلِ ٱلْحَشْرِ مَا ظَنَنتُمْ أَن يَخْرُجُوا۟ وَظَنُّوٓا۟ أَنَّهُم مَّانِعَتُهُمْ حُصُونُهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَأَتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِنْ حَيْثُ لَمْ يَحْتَسِبُوا۟ وَقَذَفَ فِى قُلُوبِهِمُ ٱلرُّعْبَ يُخْرِبُونَ بُيُوتَهُم بِأَيْدِيهِمْ وَأَيْدِى ٱلْمُؤْمِنِينَ فَٱعْتَبِرُوا۟ يَٰٓأُو۟لِى ٱلْأَبْصَٰرِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл китеп элдеринен турган каапырларды журттарынан биринчи сүргүн үчүн чыгарды. Силер (Оо, момундар, алардын чептери бекем болгондуктан) аларды чыгат деп ойлогон эмессиңер. Жана алар дагы (бийик) сепилдери өздөрүн Аллахтан коргоп калат деп ойлошкон. Анан Аллах(тын жазасы) аларга күтпөгөн тараптан келип, жүрөктөрүнө коркуу салды[1] эле, үйлөрүн өз колдору жана момундардын колдору менен талкалап киришти. Оо, акылдуу адамдар! (Бул окуядан) сабак алгыла!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَوْلَآ أَن كَتَبَ ٱللَّهُ عَلَيْهِمُ ٱلْجَلَآءَ لَعَذَّبَهُمْ فِى ٱلدُّنْيَا وَلَهُمْ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ عَذَابُ ٱلنَّارِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах аларга көчүп кетүүнү (тагдыр кылып) жазбаганда, (ушул) дүйнөдө (өлүм же кулчулук сыяктуу жаза менен) жазаламак. Аларга Акыретте да тозок азабы бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ شَآقُّوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَمَن يُشَآقِّ ٱللَّهَ فَإِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби, алар Аллах менен Анын пайгамбарына душман чыгышты. Ким Аллахка душман болсо, (билип алсын:) Аллахтын жазасы катуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَا قَطَعْتُم مِّن لِّينَةٍ أَوْ تَرَكْتُمُوهَا قَآئِمَةً عَلَىٰٓ أُصُولِهَا فَبِإِذْنِ ٱللَّهِ وَلِيُخْزِىَ ٱلْفَٰسِقِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, момундар!) эгер алардын курма бактарын кыйсаңар же тамырында турган бойдон калтырган болсоңор, (бардыгын) Аллахтын уруксаты менен жана бузукулардын адебин бериш үчүн жасадыңар.[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنْهُمْ فَمَآ أَوْجَفْتُمْ عَلَيْهِ مِنْ خَيْلٍ وَلَا رِكَابٍ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يُسَلِّطُ رُسُلَهُۥ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өз пайгамбарына алардан олжолоп берген нерсеге силер ат чаптырып, төө жорттуруп барбадыңар. Бирок, Аллах Өзүнүн пайгамбарларын каалаган пенделеринин үстүнөн жеңүүчү кылат. Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

مَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ مِنْ أَهْلِ ٱلْقُرَىٰ فَلِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِى ٱلْقُرْبَىٰ وَٱلْيَتَٰمَىٰ وَٱلْمَسَٰكِينِ وَٱبْنِ ٱلسَّبِيلِ كَىْ لَا يَكُونَ دُولَةًۢ بَيْنَ ٱلْأَغْنِيَآءِ مِنكُمْ وَمَآ ءَاتَىٰكُمُ ٱلرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَىٰكُمْ عَنْهُ فَٱنتَهُوا۟ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах (Бану Назир) айылынын элинен Өз пайгамбарына олжолоп берген нерсе Аллахка,[1] пайгамбарга, тууган-туушкандарга,[2] жетимдерге, бей-бечараларга жана мусапырларга (бөлүнөт. Мунун себеби байлык) араңардагы (бир ууч) байлардын колунда гана айланган мүлк болуп (кембагалдар бейнасип) калбаш үчүн.[3] Жана (оо, момундар!) Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла! Аллахтан корккула, чынында Аллахтын азабы катуу!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لِلْفُقَرَآءِ ٱلْمُهَٰجِرِينَ ٱلَّذِينَ أُخْرِجُوا۟ مِن دِيَٰرِهِمْ وَأَمْوَٰلِهِمْ يَبْتَغُونَ فَضْلًا مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضْوَٰنًا وَيَنصُرُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ أُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلصَّٰدِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана ал олжолор) журттарынан (Меккеден) жана мал-мүлкүнөн чыгарып жиберилген кембагал мухажирлерге (бөлүнөт). Алар (хижрат кылуу менен) Аллахтын пазилетин, ыразычылыгын гана үмүт кылышкан жана Аллах(тын дини) менен пайгамбарына жардам беришкен. Алар (ыйманында) чынчыл пенделер!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ تَبَوَّءُو ٱلدَّارَ وَٱلْإِيمَٰنَ مِن قَبْلِهِمْ يُحِبُّونَ مَنْ هَاجَرَ إِلَيْهِمْ وَلَا يَجِدُونَ فِى صُدُورِهِمْ حَاجَةً مِّمَّآ أُوتُوا۟ وَيُؤْثِرُونَ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِمْ وَلَوْ كَانَ بِهِمْ خَصَاصَةٌ وَمَن يُوقَ شُحَّ نَفْسِهِۦ فَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, аларды (алардын көчүп келишин) утурлап, короо-жайлары менен ыймандарын(ын жылуулугун) даярдап койгон (Мединалык) момундар, өздөрүнө хижрат кылып келгендерди сүйөт жана аларга берилген олжо себептүү жүрөктөрүндө көралбастык сезимин туйбайт. Өздөрүндө жетишпестик болуп турса да, аларды(н пайдасын) өздөрүнөн жогору коюшат. Ким напсинин сугалактыгынан сактана алса, дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ جَآءُو مِنۢ بَعْدِهِمْ يَقُولُونَ رَبَّنَا ٱغْفِرْ لَنَا وَلِإِخْوَٰنِنَا ٱلَّذِينَ سَبَقُونَا بِٱلْإِيمَٰنِ وَلَا تَجْعَلْ فِى قُلُوبِنَا غِلًّا لِّلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ رَبَّنَآ إِنَّكَ رَءُوفٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан (Мухажирлер жана ансарлардан куралган абалкы мусулман үммөтүнөн) кийин келген адамдар (дуба-тилектеринде мындай) дешет: «Оо, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн (диндеги) бир туугандарыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! Оо, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نَافَقُوا۟ يَقُولُونَ لِإِخْوَٰنِهِمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْ أَهْلِ ٱلْكِتَٰبِ لَئِنْ أُخْرِجْتُمْ لَنَخْرُجَنَّ مَعَكُمْ وَلَا نُطِيعُ فِيكُمْ أَحَدًا أَبَدًا وَإِن قُوتِلْتُمْ لَنَنصُرَنَّكُمْ وَٱللَّهُ يَشْهَدُ إِنَّهُمْ لَكَٰذِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Мунафык адамдарга карабайсыңбы, китеп ээлеринен болгон каапыр өнөктөштөрүнө келип: «Эгер силер (Мединадан) чыгарылсаңар, биз дагы силер менен бирге чыгабыз! Силер(ге зыян жеткирүү) жөнүндө эч качан, эч кимге моюн сунбайбыз! Эгер силерге согуш ачылса, албетте жардам беребиз!» дешет. Бирок, алардын анык жалганчы экенине Аллах күбө!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَئِنْ أُخْرِجُوا۟ لَا يَخْرُجُونَ مَعَهُمْ وَلَئِن قُوتِلُوا۟ لَا يَنصُرُونَهُمْ وَلَئِن نَّصَرُوهُمْ لَيُوَلُّنَّ ٱلْأَدْبَٰرَ ثُمَّ لَا يُنصَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер алар чыгарылса, (мунафыктар) алар менен бирге чыкпайт жана эгер өлтүрүлүп жатса да эч жардам беришпейт. Жардам берген күндө деле артына карап качышмак жана (аларга Аллахтан) жардам берилбей калмак.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَأَنتُمْ أَشَدُّ رَهْبَةً فِى صُدُورِهِم مِّنَ ٱللَّهِ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَّا يَفْقَهُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, ыйман жоокерлери! Алардын сепилдерин курчап турганыңарда) алардын жүрөктөрүнө Аллахтан да айбаттуураак сезилдиңер.[1] Мунун себеби, алар (Аллахтын кудуретин) билбеген коом эле.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يُقَٰتِلُونَكُمْ جَمِيعًا إِلَّا فِى قُرًى مُّحَصَّنَةٍ أَوْ مِن وَرَآءِ جُدُرٍۭ بَأْسُهُم بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعًا وَقُلُوبُهُمْ شَتَّىٰ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَّا يَعْقِلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар силер менен (ачык майданда) биримдикте согуша албайт. Чеп менен оролгон шаарларынын ичинде же дубалдардын ар жагында гана («чогуу» боло алышат). Алардын айбат-сүрү өздөрүнүн ичинде гана күчтүү. (Ошондуктан,) аларды биримдикте деп ойлойсуңар. Бирок, алардын жүрөктөрү ыдырап бүткөн. Мунун себеби, алар (Аллахтын аяттарынын алдында) акылын иштетпеген коом.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَمَثَلِ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ قَرِيبًا ذَاقُوا۟ وَبَالَ أَمْرِهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар өздөрүнөн бир аз эле мурдагы кылмышынын жазасын тарткан (каапыр) адамдарга окшойт.[1] Аларга жан ооруткан азап бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَمَثَلِ ٱلشَّيْطَٰنِ إِذْ قَالَ لِلْإِنسَٰنِ ٱكْفُرْ فَلَمَّا كَفَرَ قَالَ إِنِّى بَرِىٓءٌ مِّنكَ إِنِّىٓ أَخَافُ ٱللَّهَ رَبَّ ٱلْعَٰلَمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал эми, аларды согушка козутуп, өздөрү келбей койгон мунафыктар) шайтанга окшош. Бир кезде ал инсанга (каапырчылыкты кооз көргөзүп): «Каапыр бол» - деди. Каапыр болду эле, (дароо өзүн оолактатып): «Сени менен ишим жок. Мен ааламдардын Раббисинен коркомун!» деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَكَانَ عَٰقِبَتَهُمَآ أَنَّهُمَا فِى ٱلنَّارِ خَٰلِدَيْنِ فِيهَا وَذَٰلِكَ جَزَٰٓؤُا۟ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан экөөсүнүн тең акыбети тозокто түбөлүк калуу болуп калды. Залымдардын жазасы – ушул!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ وَلْتَنظُرْ نَفْسٌ مَّا قَدَّمَتْ لِغَدٍ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرٌۢ بِمَا تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки (Кыямат) күн үчүн эмне алып келерине карасын! Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَلَا تَكُونُوا۟ كَٱلَّذِينَ نَسُوا۟ ٱللَّهَ فَأَنسَىٰهُمْ أَنفُسَهُمْ أُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْفَٰسِقُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахты унуткан, натыйжада Аллах өздөрүн-өздөрүнө унуттурган адамдарга окшобогула! Алар – бузулган (Аллахка моюн сунбаган) адамдар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَا يَسْتَوِىٓ أَصْحَٰبُ ٱلنَّارِ وَأَصْحَٰبُ ٱلْجَنَّةِ أَصْحَٰبُ ٱلْجَنَّةِ هُمُ ٱلْفَآئِزُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТозок элдери менен бейиш элдери тең эмес. Бейиш ээлери – алар жеңүүчүлөр!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَوْ أَنزَلْنَا هَٰذَا ٱلْقُرْءَانَ عَلَىٰ جَبَلٍ لَّرَأَيْتَهُۥ خَٰشِعًا مُّتَصَدِّعًا مِّنْ خَشْيَةِ ٱللَّهِ وَتِلْكَ ٱلْأَمْثَٰلُ نَضْرِبُهَا لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Биз мына бул Куранды (бир) тоого түшүргөнүбүздө, сен анын Аллахтан коркконунан баш ийип, тыркырап кеткенин көрмөксүң. Биз бул салыштырууларды, пикирин иштетсе ажеп эмес деп, адамдарга айтып берүүдөбүз.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِى لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ عَٰلِمُ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ هُوَ ٱلرَّحْمَٰنُ ٱلرَّحِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Көрүнгөндү да, көмүскөнү да Билүүчү! Ал – Ырайымдуу, Мээримдүү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُوَ ٱللَّهُ ٱلَّذِى لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلْمَلِكُ ٱلْقُدُّوسُ ٱلسَّلَٰمُ ٱلْمُؤْمِنُ ٱلْمُهَيْمِنُ ٱلْعَزِيزُ ٱلْجَبَّارُ ٱلْمُتَكَبِّرُ سُبْحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл – Аллах! Бир Өзүнөн башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок! Ал – Аль-Малик, Аль-Куддус, Ас-Салам, Аль-Муьмин, Аль-Мухаймин, Аль-Азиз, Аль-Жаббар, Аль-Мутакаббир![1] Аллах алардын ширктеринен Аруу-Таза!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

هُوَ ٱللَّهُ ٱلْخَٰلِقُ ٱلْبَارِئُ ٱلْمُصَوِّرُ لَهُ ٱلْأَسْمَآءُ ٱلْحُسْنَىٰ يُسَبِّحُ لَهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл – Аллах, Аль-Хаалык, Аль-Баариь жана Аль-Мусаввир! Анын сонун-көркөм ысымдары бар. Ага асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. (Анткени), Ал – Кудуреттүү, Даанышман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70