caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Mujaadila сүрөсү المجادلة

22 аят · Медина · түшүү тартиби 105

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ قَدْ سَمِعَ ٱللَّهُ قَوْلَ ٱلَّتِى تُجَٰدِلُكَ فِى زَوْجِهَا وَتَشْتَكِىٓ إِلَى ٱللَّهِ وَٱللَّهُ يَسْمَعُ تَحَاوُرَكُمَآ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعٌۢ بَصِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Өзүнүн күйөөсү жөнүндө сени менен сөз талашып, Аллахка арызданган аялдын сөзүн Аллах укту. Аллах экөөңөрдүн талаш сөзүңөрдү угат. Аллах – Угуучу, Көрүүчү![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱلَّذِينَ يُظَٰهِرُونَ مِنكُم مِّن نِّسَآئِهِم مَّا هُنَّ أُمَّهَٰتِهِمْ إِنْ أُمَّهَٰتُهُمْ إِلَّا ٱلَّٰٓـِٔى وَلَدْنَهُمْ وَإِنَّهُمْ لَيَقُولُونَ مُنكَرًا مِّنَ ٱلْقَوْلِ وَزُورًا وَإِنَّ ٱللَّهَ لَعَفُوٌّ غَفُورٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, ыймандуулар!) силердин араңардан ким аялын «зихар» кылса, аялдары апалары болуп калбайт. Алардын апалары – аларды тууган аялдар. Алар («сен мага апамын белиндей болуп кал» деп) жарабаган жана жалган сөздү айтышат! Аллах Күнөөлөрдөн өтүүчү жана Кечиримдүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَٱلَّذِينَ يُظَٰهِرُونَ مِن نِّسَآئِهِمْ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا قَالُوا۟ فَتَحْرِيرُ رَقَبَةٍ مِّن قَبْلِ أَن يَتَمَآسَّا ذَٰلِكُمْ تُوعَظُونَ بِهِۦ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАялдарын зихар кылып алып, кийин ал сөзүнөн кайткандар (күнөөсүн жууш үчүн) аялына кошулбай туруп бир кулду азат кылат. Ушул – силерге насаат. Аллах бардык ишиңерден Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

فَمَن لَّمْ يَجِدْ فَصِيَامُ شَهْرَيْنِ مُتَتَابِعَيْنِ مِن قَبْلِ أَن يَتَمَآسَّا فَمَن لَّمْ يَسْتَطِعْ فَإِطْعَامُ سِتِّينَ مِسْكِينًا ذَٰلِكَ لِتُؤْمِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَتِلْكَ حُدُودُ ٱللَّهِ وَلِلْكَٰفِرِينَ عَذَابٌ أَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим (кул азат кылууга жеткидей акча) таппай калса, аялына жакындык кылбай туруп эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Ал эми, ким (орозо кармоого) алы жетпесе, алтымыш кембагалды тойдурат. Бул Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиришиңер үчүн. Дагы булар – Аллахтын чектегени. Каапырларга (чек бузгандарга) жан ооруткан азап бар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحَآدُّونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ كُبِتُوا۟ كَمَا كُبِتَ ٱلَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَقَدْ أَنزَلْنَآ ءَايَٰتٍۭ بَيِّنَٰتٍ وَلِلْكَٰفِرِينَ عَذَابٌ مُّهِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка жана Анын пайгамбарына душманчылык кылгандар өздөрүнөн мурдагы (каапыр) адамдар кор болгону сыяктуу кор болушат. Биз (Аллахтын чектөөсү чындык экенине) анык далилдерди түшүрдүк. Каапырларга (Кыяматта) кордук азабы бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ يَبْعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعًا فَيُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓا۟ أَحْصَىٰهُ ٱللَّهُ وَنَسُوهُ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ شَهِيدٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл күнү алардын бардыгын Аллах кайра тирилтип, (дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын билгизет. Ал иштерди Аллах(тын периштелери) эсептеп койгон, (бирок,) өздөрү унутушкан. Аллах - бардык нерсеге Күбө![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ مَا يَكُونُ مِن نَّجْوَىٰ ثَلَٰثَةٍ إِلَّا هُوَ رَابِعُهُمْ وَلَا خَمْسَةٍ إِلَّا هُوَ سَادِسُهُمْ وَلَآ أَدْنَىٰ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكْثَرَ إِلَّا هُوَ مَعَهُمْ أَيْنَ مَا كَانُوا۟ ثُمَّ يُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوا۟ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) билбейсиңби, Аллах асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди(н кабарын) билет. Эгер үч адам (жашыруун) шыбырашып сүйлөшсө, алардын төртүнчүсү – Ал. Эгерде бешөө болсо, алтынчысы – Ал. Жана мындан азыраак же көбүрөөк болсо да жана кандай жашыруун жерде болсо да Ал алар менен бирге![1] Андан кийин, Кыяматта аларга жасаган иштеринин кабарын билгизет. Чынында, Аллах ар нерсени Билүүчү!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ نُهُوا۟ عَنِ ٱلنَّجْوَىٰ ثُمَّ يَعُودُونَ لِمَا نُهُوا۟ عَنْهُ وَيَتَنَٰجَوْنَ بِٱلْإِثْمِ وَٱلْعُدْوَٰنِ وَمَعْصِيَتِ ٱلرَّسُولِ وَإِذَا جَآءُوكَ حَيَّوْكَ بِمَا لَمْ يُحَيِّكَ بِهِ ٱللَّهُ وَيَقُولُونَ فِىٓ أَنفُسِهِمْ لَوْلَا يُعَذِّبُنَا ٱللَّهُ بِمَا نَقُولُ حَسْبُهُمْ جَهَنَّمُ يَصْلَوْنَهَا فَبِئْسَ ٱلْمَصِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖашыруун ушак айткандан[1] кайтарылган адамдарды көрбөйсүңбү, кийин (дагы эле) тыюу салынган ишке кайтып жатышат жана күнөө, душманчылык, пайгамбарга каршы чыгуу жөнүндө шыбырашып жатышат. Эгер жаныңа келишсе, сага Аллах салам бергенден башкача салам беришет[2] жана өз ара сүйлөшүшкөндө: «(эгер Мухаммаддын пайгамбар экени чын болуп калса) бул сөзүбүз үчүн Аллах азапка салбагай эле!» дешет. Аларга өздөрү таштала турган тозок жетиштүү! Кандай жаман акыбет!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا تَنَٰجَيْتُمْ فَلَا تَتَنَٰجَوْا۟ بِٱلْإِثْمِ وَٱلْعُدْوَٰنِ وَمَعْصِيَتِ ٱلرَّسُولِ وَتَنَٰجَوْا۟ بِٱلْبِرِّ وَٱلتَّقْوَىٰ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ ٱلَّذِىٓ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыймандуу адамдар! Эгер силер шыбырашып сүйлөшчү болсоңор, анда күнөө, душманчылык жана пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршы чыгуу жөнүндө шыбырашпагыла! Жакшы иштерди жана такыбалыкты шыбырашкыла. Аллахтан корккула, Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّمَا ٱلنَّجْوَىٰ مِنَ ٱلشَّيْطَٰنِ لِيَحْزُنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ وَلَيْسَ بِضَآرِّهِمْ شَيْـًٔا إِلَّا بِإِذْنِ ٱللَّهِ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, (каразгөй) шыбыр сөздөр ыймандуу адамдарды капага салуу үчүн шайтан тарабынан болот. Бирок, Аллахтын уруксаты болмоюнча (мындай шыбыр сөздөр) аларга зыян жеткирбейт. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا قِيلَ لَكُمْ تَفَسَّحُوا۟ فِى ٱلْمَجَٰلِسِ فَٱفْسَحُوا۟ يَفْسَحِ ٱللَّهُ لَكُمْ وَإِذَا قِيلَ ٱنشُزُوا۟ فَٱنشُزُوا۟ يَرْفَعِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مِنكُمْ وَٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْعِلْمَ دَرَجَٰتٍ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыймадуулар! Эгер бир межилис-отурушта силерге «(өз ара кыналып отуруу менен) орун бергиле» деп айтылчу болсо, дароо орун бергиле. (Ошондо) Аллах силерге да (бейишинен) орун берет. Жана эгер (такыбалуу, илимдүү адамдар келгенде) «жайды бошоткула» деп айтылса, дароо бошоткула. (Себеби,) Аллах силердин араңардагы (таза-калыс) ыймандуулар менен илимдүүлөрдүн даражасын көтөрүп койгон. Аллах бардык ишиңерден Кабардар.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا نَٰجَيْتُمُ ٱلرَّسُولَ فَقَدِّمُوا۟ بَيْنَ يَدَىْ نَجْوَىٰكُمْ صَدَقَةً ذَٰلِكَ خَيْرٌ لَّكُمْ وَأَطْهَرُ فَإِن لَّمْ تَجِدُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыймандуулар! Эгер пайгамбар менен жекече сүйлөшүүнү кааласаңар, сүйлөшүүңөрдөн мурда (кедейлерге) садака бергиле.[1] Бул силер үчүн жакшы жана тазараак (жорук) Эгерде (садакага) эч нерсе таппасаңар, Аллах Кечиримдүү, Боорукер.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ءَأَشْفَقْتُمْ أَن تُقَدِّمُوا۟ بَيْنَ يَدَىْ نَجْوَىٰكُمْ صَدَقَٰتٍ فَإِذْ لَمْ تَفْعَلُوا۟ وَتَابَ ٱللَّهُ عَلَيْكُمْ فَأَقِيمُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُوا۟ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَٱللَّهُ خَبِيرٌۢ بِمَا تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне, силер жекече сырдашуунун алдынан садака берсеңер (кембагал болуп калуудан) коркосуңарбы? Бербесеңер бербегиле, Аллах тообоңорду кабыл алды. Бирок, намазыңарды (кем кылбай) окуп, зекетти (өз убагында, толук) бергиле![1] Аллахка, Анын пайгамбарына моюн сунгула! Аллах - ишиңерден Кабардар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ تَوَلَّوْا۟ قَوْمًا غَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيْهِم مَّا هُم مِّنكُمْ وَلَا مِنْهُمْ وَيَحْلِفُونَ عَلَى ٱلْكَذِبِ وَهُمْ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) аларга (мунафыктарга) карабайсыңбы, Аллах каарына алган коом (яхудилер) менен дос болуп жүрүшөт. Алар силерден эмес, алардан да эмес.[1] Жалгандан («мен – мусулманмын!» деп) ант ичишет. Бирок, (мусулман эмес экенин) билип эле турушат.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُمْ عَذَابًا شَدِيدًا إِنَّهُمْ سَآءَ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах (Акыретте) аларга катуу азапты даярдап койгон! Алардын иштери (жалгандан ант ичүү жана эки жүздүүлүк) кандай жаман!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱتَّخَذُوٓا۟ أَيْمَٰنَهُمْ جُنَّةً فَصَدُّوا۟ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ فَلَهُمْ عَذَابٌ مُّهِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнттарын (өздөрүнө) калканыч кылышат. Анан (башкаларды) Аллахтын Жолунан тосушат. Аларга (Кыяматта) кордоочу азап бар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّن تُغْنِىَ عَنْهُمْ أَمْوَٰلُهُمْ وَلَآ أَوْلَٰدُهُم مِّنَ ٱللَّهِ شَيْـًٔا أُو۟لَٰٓئِكَ أَصْحَٰبُ ٱلنَّارِ هُمْ فِيهَا خَٰلِدُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жыйнаган) мал-дүйнөсү менен перзенттери аны Аллах тарабынан (азап болуп келген) эч нерседен тосо албайт! Алар – тозок ээлери! Алар анда түбөлүк калышат!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَوْمَ يَبْعَثُهُمُ ٱللَّهُ جَمِيعًا فَيَحْلِفُونَ لَهُۥ كَمَا يَحْلِفُونَ لَكُمْ وَيَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ عَلَىٰ شَىْءٍ أَلَآ إِنَّهُمْ هُمُ ٱلْكَٰذِبُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах алардын бардыгын кайра тирилткен күнү, силерге ант ичкен сыяктуу Ага да ант иче башташат жана бул аларга пайда берет деп ойлошот. Уккула! Алар – чектен чыккан жалганчылар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ٱسْتَحْوَذَ عَلَيْهِمُ ٱلشَّيْطَٰنُ فَأَنسَىٰهُمْ ذِكْرَ ٱللَّهِ أُو۟لَٰٓئِكَ حِزْبُ ٱلشَّيْطَٰنِ أَلَآ إِنَّ حِزْبَ ٱلشَّيْطَٰنِ هُمُ ٱلْخَٰسِرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларды шайтан бийлеп алып, Аллахты эстөөнү унуттурган. Алар – шайтандын жамааты! Уккула, шайтандын жамааты (эки дүйнөдө тең) зыян тартуучулар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِنَّ ٱلَّذِينَ يُحَآدُّونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓ أُو۟لَٰٓئِكَ فِى ٱلْأَذَلِّينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка жана пайгамбарына душмандык жасагандар кор болгондордун сабында!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

كَتَبَ ٱللَّهُ لَأَغْلِبَنَّ أَنَا۠ وَرُسُلِىٓ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِىٌّ عَزِيزٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах (Өзүнүн тагдыр китебинде) «Мен жана Менин пайгамбарларым – жеңүүчүлөрбүз» деп жазып койгон. Аллах баарынан Күчтүү, баарынан Кудуреттүү.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

لَّا تَجِدُ قَوْمًا يُؤْمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلْيَوْمِ ٱلْـَٔاخِرِ يُوَآدُّونَ مَنْ حَآدَّ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَوْ كَانُوٓا۟ ءَابَآءَهُمْ أَوْ أَبْنَآءَهُمْ أَوْ إِخْوَٰنَهُمْ أَوْ عَشِيرَتَهُمْ أُو۟لَٰٓئِكَ كَتَبَ فِى قُلُوبِهِمُ ٱلْإِيمَٰنَ وَأَيَّدَهُم بِرُوحٍ مِّنْهُ وَيُدْخِلُهُمْ جَنَّٰتٍ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا رَضِىَ ٱللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا۟ عَنْهُ أُو۟لَٰٓئِكَ حِزْبُ ٱللَّهِ أَلَآ إِنَّ حِزْبَ ٱللَّهِ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен Аллахка жана Акырет күнүнө бекем ыйман келтирген адамдарды (эч качан) Аллахтын жана Анын пайгамбарынын душмандарын дос тутканын көрбөйсүң, эгер ал(душманд)ар алардын аталары, перзенттери, ага-инилери жана тууган-туушкандары болсо да! Дал ушулар Аллах алардын жүрөгүнө ыйманды жазып койгон жана Өзүнүн Руху менен кубаттаган адамдар! Аларды (Кыяматта) түбүнөн дарыялар агып турган, анда түбөлүк калчу бейиштерге киргизет. Аллах алардан ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту! Мына ушулар – Аллахтын жамааты! Уккула: Аллахтын жамааты гана жеңишке жетет!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70