Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах баласы болууну каалаганда, Өзү жараткан нерселердин арасынан Өзү каалаганын тандап (бала кылып) алмак. Аллах (мындан) Аруу-Таза! Ал – Жалгыз, Жеңүүчү Аллах!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл асмандар менен жерди Акыйкат (даанышмандык жана максат) менен жаратты. Ал түндү күндүзгө, күндүздү түнгө оройт. Жана Ал Күн менен Айды (Өзүнө) моюн сундурду. (Күн, Ай жана башка жылдыздардын) бардыгы белгиленген мөөнөткө (Кыяматка) чейин (сүзүп) жүрүшөт. Көңүл бургула! Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратты. Кийин андан жуп-түгөйүн жасады. Жана (Аллах) силер үчүн чарба айбандарынан сегиз жупту түшүрдү.[1] Ал силерди энеңердин ичиндеги үч караңгылыктын ичинде, акырындык менен, баскычтар түрүндө жаратат. Ушул Аллах – силердин Раббиңер (Бардык) мүлк Анын колунда. Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бурулуп кетип жатасыңар?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер каапыр болсоңор, (билип койгула) Аллах силерден Беймуктаж. Ал пенделеринин каапыр болуп кетишине ыраазы болбойт. Ал эми (Өзүнө ыклас менен ибадат кылып) шүгүр келтирсеңер, ушуга силерден ыраазы болот. Эч бир көтөрүүчү башка бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Кийин силердин кайтууңар – Раббиңерге! Анан Ал силерге (бул дүйнөдө) жасаган ишиңердин кабарын билдирет. Чынында Ал – көкүрөктөгү сырларды Билүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер инсанды бир зыян кармаса, Раббисине гана кайткан абалда дуба кылат. Кийин (Аллах) Өзү тарабынан ага нээмат (зыяндан арылуу) берсе, жаңы эле Ага дуба кылган нерсени унутуп, (өзүн жана башкаларды) азгыруу үчүн Аллахка теңдеш-шерик келтире баштайт. (Аларга) айткын: «Каапырчылыгың менен бир аз пайдаланып тур. (Бир аздан кийин Кыямат келгенде) сен тозок элдеринен болосуң!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, (ушул мушрик), Раббисинин ырайымынан үмүткер болуп, Акыреттен коркуп түн ичинде (намазда) турган, сажда кылган абалдагы (Аллахка) моюн сунуучу киши менен тең боло алабы? Айт: «Билимдүү адамдар менен билимсиз адамдар тең боло албайт. Чынында (Аллахты жана Акыретти) акылдуу адамдар гана эскеришет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМенин ыймандуу пенделериме айткын: «Раббиңерден корккула! Ушул дүйнөдө жакшылык (амалдарын) жасагандар үчүн (Акыретте андан абзел) жакшылык бар. Жана Аллахтын жери кенен.[1] Ал сабыр кылуучуларга сооп-сыйлыктарын эсепсиз толуктап берет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Эй, мушриктер!) Силер дагы Өзүнөн башка каалаган «кудайыңарга» ибадат кыла бергиле» Айт: «Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар! Көңүл бургула: Анык зыян тартуу – ушул!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар үчүн (Кыяматта) үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу «көлөкөлөр» бар. Аллах Өз пенделерин ушу менен коркутат. Оо, пенделерим! Менден гана корккула!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, тагутка[1] ибадат кылбай, Аллахтын Өзүнө (ибадат кылуу менен) кайткан адамдарга сүйүнчүлөр бар! Эми Менин (ошол) пенделериме кубанычтуу кабар бер!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар сөздү угуп эң мыктысын ээрчишет.[1] Алар – Аллах туура жолго баштаган кишилер. Ошолор гана акылдуу кишилер!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) азап сөзү акыйкат болуп (тагдырына жазылып) калган адамды (сен туура жолго баштай алар белең?!) Сен тозоктогу адамды куткарып кала алар белең?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovА, бирок, Раббилеринен корккон адамдарга (бейиште) кабат-кабат курулган бөлмөлөр бар, алардын түбүнөн дарыялар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасына кыянат кылбайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКөрбөй жатасыңбы, Аллах асмандан суу түшүрүп, аны жер боорундагы булактарга жолдоп койду. Анан аны менен ар түрдүү түстөгү өсүмдүктөрдү чыгарат. Кийин (ал өсүмдүктөр) кургайт. Сен алардын саргарып калганын көрөсүң. Кийин (Аллах) аларды кургак чөпкө айлантат. Чынында бул нерседе акылдуу адамдар үчүн эскерме-сабактар бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах көкүрөгүн Исламга ачып, (натыйжада) ал Раббисинен берилген Нур-хидаяттын үстүндө болгон адам (таш жүрөк адам менен теңби?) Аллахты эскерүүдөн жүрөктөрү таш болуп калгандарга өлүм болсун! Алар анык адашууда!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах эң мыкты сөздөрдү бири-бирине окшош жана (аяттары) кайталанып келген Китеп сүрөтүндө түшүрдү. Ал Китептен (аны окугандан жана уккандан) Раббисинен корккон пенделердин терилери титирейт. Анан терилери жана жүрөктөрү Аллахты эстегенге жумшап калат. Бул Аллахтын хидаят (туура жол) бергени. Аллах Өз хидаяты менен каалаган пендесин туура жолго баштайт. Ал эми, Аллах кимди адаштырып койсо, ал үчүн туура жолго баштоочу табылбайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКыямат Күнү жаман азаптан бетин калкалаган адам (Аллах Хидаят берген адамга окшойбу?) (Ошол Күнү) залымдарга «Өзүңөр жасаган (күнөө) иштерди(н азабын) таткыла!» деп айтылат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан мурунку (каапыр) адамдар дагы (динди) жалганга чыгарышкан. Анан аларга өздөрү сезбеген тараптан азап келген.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшентип, Аллах аларга бул дүйнө жашоосунда кордук (азабын) таттырды. Ал эми, Акырет азабы эгер билишсе, (мындан да) катуураак!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах бир (кул) кишини мисал келтирет: Аны талашкан көп кожоюндары бар. Дагы бир (кул) киши бир гана кожоюнга моюн сунат. Экөөсүнүн мисалы окшошпу?[1] Аллахка мактоолор болсун! Жок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах жөнүндө жалган сүйлөгөн жана өзүнө келген убакытта Чын Сөздү (Куранды) «жалган» деген пендеден көбүрөөк залым болгон ким бар?! Тозокто каапырларга орун жок бекен?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovПендесине Аллахтын Өзү жетиштүү эмеспи? (Оо, Мухаммад!) Алар сени Аллахтан башкасы менен коркутушат. Аллах кимди адаштырып койсо, аны эч ким туура жолго баштай албайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Аллах кимди туура жолго баштаган болсо, аны эч ким адаштыра албайт. Аллах Кудуреттүү, (мушриктерден) өч алуучу эмеспи?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллах» – деп даана айтышат. Айткын: «Эми мага кабар бергилечи, эгер Аллах мага бир зыян жеткирсе, Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан кудайыңар Анын зыянын (менден) арылта алабы? Же болбосо, Аллах мага бир ырайым(ын) ыраа көрсө, Анын (бул) ырайымын алар токтото алабы?» Айткын: «Мага Аллах жетиштүү (Жардамчы). Тобокел[1] кылуучулар Өзүнө тобокел кылышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Эй, (мушрик) коомум! Билгениңердей амал (ибадат) кыла бергиле. Мен дагы (өзүм билгендей) амал кылуучумун. Тез арада билип аласыңар -
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз адамдар үчүн арналган китепти, Акыйкат менен сага түшүрдүк. Ким аны ээрчисе өзүнө пайда. Ал эми ким адашса - ал өзүнүн зыянына. Сен аларга кароолчу эмессиң.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах жандарды өлүм убактысында алат. Өлбөгөндөрдүкүн уйкусунда алат. Анан ага (өлүмдү) өкүм кылган жандарды кармап калат жана башкаларын белгилүү убакытка (ажалы жеткенге) чейин (денелерине кайра) коюп жиберет. Албетте бул нерседе пикир кылган элдер үчүн (Аллахтын кудуретине) анык белгилер бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, (мушриктер) Аллахтан башка (кудайларды) шапаатчылар кылып алыштыбы?! Айткын: «Эгер акылы жок жана эч нерсеге кожоюн болбосо делеби?».[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: «Бардык шапаат Аллахка таандык. Асмандар менен жердин падышалыгы да Аныкы. Кийин бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Жалгыз Аллах эскертилсе, Акыретке ыйман келтирбегендердин жүрөгү сыгылып калат. Ал эми Андан башка «кудайлары» эскертилсе, ошол замат сүйүнүп калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАткын: «Оо, Аллахым! Асмандар менен жердин Жаратуучусу! Кайып менен аныкты Билүүчү! Пенделериңдин арасындагы талашып жаткан нерселерде Өзүң гана өкүм кыласың![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер залым (каапыр) адамдардын колунда жер бетинин бүт байлыгы жана аны менен дагы ошончосу болсо да, аны Кыямат Күндөгү катуу азап барабарына (андан кутулуу үчүн) төлөп жиберишет. Жана Аллах тарабынан аларга, ойлоруна да келбеген (азаптуу) нерселер көргөзүлөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер инсанды (бир) зыян кармаса, (ыклас менен) Бизге дуба кылат. Кийин Өзүбүз ага нээмат берсек (азаптан куткарсак): «Мен буга өз илимим себептүү жеттим» дейт. Жок, бул – сыноо. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин жасаган (күнөө) иштеринин жамандыгы өздөрүнө (кайгы болуп) жетти. Ал эми, мына булардан (Мекке мушриктеринен) турган залым кишилерге да, жасаган иштеринин жамандыгы тез эле (кайгы болуп) жетет. Жана алар (азап-кайгы келгенде) кутулуп кете алышпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар билишпейби, Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Албетте бул нерседе ыймандуу адамдарга далилдер бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад, Менин пенделериме Менин Атыман) айт: «Оо, Менин өздөрүнө ысырап (көп күнөө) кылган пенделерим! Аллахтын ырайымынан үмүтсүз болбогула! Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет! Чынында, Ал - Кечиримдүү, Ырайымдуу![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиңерге кайткыла! Жана силерге азап келип, кийин жардам берилбей (тообоңор кабыл болбой) калганга чейин Өзүнө гана (ыклас менен) моюн сунуп калгыла![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана өзүңөр сезбеген абалда капыстан башыңарга азап келишинен мурун, Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн эң сонун нерсени – (Куранды) ээрчигиле!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ар бир) жан: «Аллах(тын парыздарын аткаруу) жөнүндө жалкоолук кылганым үчүн мага кайгы! Мен (ал парыздарды) шылдыңдагандардан болгон экенмин!» - деп (бушайман чегип) калышынан мурун,
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovже болбосо, «Эгер Аллах мени туура жолго баштаса, такыбалардан болуп (тозоктон кутулуп) калмак экенмин» – деп калышынан мурун,
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimovже болбосо, азапты көргөн чакта: «Эгер мага дагы бир ирет (жашоо мүмкүнчүлүгү) болгондо, Аллахка ыклас менен ибадат кылуучулардан болоор элем!» деп калышынан мурун (Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн Куранды ээрчип, соопко иштеп калгыла!) (Ошондо Аллах бушайман чеккен каапырга мындай дейт:)
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Сен Кыямат Күнү Аллах жөнүндө жалган сүйлөгөндөрдү, беттери карарган абалда көрөсүң. Текеберленген (каапыр) адамдарга тозокто орун жок бекен?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах такыба кишилерди (Куран менен жашап) жеңишке жеткендеринен улам (тозоктон) куткарат. Аларды (эч бир) жамандык кармабайт жана алар кайгыга да батышпайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандар менен жердин ачкычтары Ага таандык![1] Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар гана анык зыян тартуучулар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!» – деп вахий кылынды.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Алар Аллахты акыйкат баалай алышпады. (Акыйкат баа боюнча) жердин бардыгы Кыямат күндө Анын Өз Чеңгелинде, Жана асмандар Анын Колунда түрмөктөлгөн болот! Ал мушриктердин ширк амалдарынан (жана пикирлеринен) Таза жана Бийик!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ал Күнү) Сур (кернейи) тартылды. Натыйжада асмандарда жана жерде жашагандардын, Аллах каалагандан башка бардыгы мүрт кетти. Кийин экинчи ирет тартылды. Капыстан алар (тирилип, көздөрү алаңдаган, Акырет коркунучтарына) караган бойдон туруп калышат.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖер Өз Раббисинин Нуру менен жаркын болду, (пенделердин бардык иштери жазылган) Китеп(тер ар биринин алдына) коюлду жана пайгамбарлар менен (башка) күбөлөр алып келинди.[1] Жана алардын (бардык элдердин) ортосунда акыйкат менен өкүм кылынды. Алар(дан эч бирине) зулум кылынбайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Анан) каапыр болгон адамдар тобу менен тозокко айдалды. Качан ага келишкенде, эшиктери ачылып, тозок корукчулары «Силерге өзүңөрдүн араңардан, ушул күнүңөргө жолугууну эскерткен жана Раббиңердин аяттарын окуп берген пайгамбарлар келбеди беле?» – дешет. «Ооба, келген дешет алар – бирок, азап сөзү (өкүмү) каапырларга акыйкат (жаза) болду».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Раббисинен корккон (такыба) адамдар тобу менен бейишке алып барылды. Качан бейишке жетип, эшиктери ачылганда, анын корукчулары айтты: «Силерге (Аллахтан) салам болсун! Кош келиңиздер! Эми бейишке түбөлүк жашоочу болуп киргиле!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Такыбалар) айтышты: «Убадасын чындап аткарган жана бизге ушул жерди (түбөлүк) мураска берген Аллахка мактоолор болсун! Биз бейиштен каалаган орундарга түшөбүз! (Жакшы) амал кылуучулардын сыйлыгы кандай сонун!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана сен периштелерди Раббисине мактоо-тасбихтерди айтып, Арштын айланасында турганын көрөсүң. (Ал Күнү) алардын (бардык пенделердин) арасында акыйкаттык менен өкүм кылынды жана «Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун» деп айтылды!