caseriqКуранда маани боюнча издөө

At-Tahrim сүрөсү التحريم

12 аят · Медина · түшүү тартиби 107

بِسْمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحْمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ لِمَ تُحَرِّمُ مَآ أَحَلَّ ٱللَّهُ لَكَ تَبْتَغِى مَرْضَاتَ أَزْوَٰجِكَ وَٱللَّهُ غَفُورٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбар! Эмне үчүн аялдарыңдын көңүлү үчүн Аллах сага адал кылган нерселерди (өзүңө) арам кылып жатасың?! Аллах Кечиримдүү, Боорукер![1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

قَدْ فَرَضَ ٱللَّهُ لَكُمْ تَحِلَّةَ أَيْمَٰنِكُمْ وَٱللَّهُ مَوْلَىٰكُمْ وَهُوَ ٱلْعَلِيمُ ٱلْحَكِيمُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах силерге антыңардан кайтуунун жолун үйрөткөн.[1] Силердин кожоюнуңар – Аллах. Ал – Билүүчү, Даанышман.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَإِذْ أَسَرَّ ٱلنَّبِىُّ إِلَىٰ بَعْضِ أَزْوَٰجِهِۦ حَدِيثًا فَلَمَّا نَبَّأَتْ بِهِۦ وَأَظْهَرَهُ ٱللَّهُ عَلَيْهِ عَرَّفَ بَعْضَهُۥ وَأَعْرَضَ عَنۢ بَعْضٍ فَلَمَّا نَبَّأَهَا بِهِۦ قَالَتْ مَنْ أَنۢبَأَكَ هَٰذَا قَالَ نَبَّأَنِىَ ٱلْعَلِيمُ ٱلْخَبِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде пайгамбар аялдарынын кээ бирине сырын ачты (жана «эч кимге айтпа» деди). Ал эми (аялы) аны ашкерелеп жибергенде муну Аллах (пайгамбарына) билдирди. (Пайгамбар Аллах билдирген нерселердин) кээ бирин (сыр ачкан аялына) айтты, кээ бирин айтпады. Ага айтканда ал: «муну сизге ким билдирди?!» деди. Айткын: «Билүүчү, Кабардар (Аллах) билдирди!».[1]

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

إِن تَتُوبَآ إِلَى ٱللَّهِ فَقَدْ صَغَتْ قُلُوبُكُمَا وَإِن تَظَٰهَرَا عَلَيْهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ هُوَ مَوْلَىٰهُ وَجِبْرِيلُ وَصَٰلِحُ ٱلْمُؤْمِنِينَ وَٱلْمَلَٰٓئِكَةُ بَعْدَ ذَٰلِكَ ظَهِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, пайгамбардын эки аялы!) эгер силер Аллахка тообо кылсаңар жүрөгүңөрдү (пайгамбар сүйгөн нерсени сүйүүгө, ага жакпаган нерсени жек көрүүгө) муютат. Ал эми, ага каршы чыксаңар, (билип алгыла) анын (ишенген) Эгеси – Аллах! Андан кийин анын жардамчылары Жебирейил, ыйманы таза момундар жана периштелер!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

عَسَىٰ رَبُّهُۥٓ إِن طَلَّقَكُنَّ أَن يُبْدِلَهُۥٓ أَزْوَٰجًا خَيْرًا مِّنكُنَّ مُسْلِمَٰتٍ مُّؤْمِنَٰتٍ قَٰنِتَٰتٍ تَٰٓئِبَٰتٍ عَٰبِدَٰتٍ سَٰٓئِحَٰتٍ ثَيِّبَٰتٍ وَأَبْكَارًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер пайгамбар силердин талагыңарды берип жиберсе, Аллах ага силерден жакшыраак, мусулман, ыймандуу, моюн сунган, тообо кылуучу, ибадатчыл жана орозо кармоочу кыз-жубандарды алмаштырып бериши мүмкүн.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ قُوٓا۟ أَنفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا ٱلنَّاسُ وَٱلْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلَٰٓئِكَةٌ غِلَاظٌ شِدَادٌ لَّا يَعْصُونَ ٱللَّهَ مَآ أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Оо, ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан, үстүндө болсо, Аллах буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат!»

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَا تَعْتَذِرُوا۟ ٱلْيَوْمَ إِنَّمَا تُجْزَوْنَ مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭй, каапырлар! Бул (Кыямат) күнү кечирим сурабай эле койгула, өзүңөр жасаган кылмышка жараша жазаңарды аласыңар!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ تُوبُوٓا۟ إِلَى ٱللَّهِ تَوْبَةً نَّصُوحًا عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَن يُكَفِّرَ عَنكُمْ سَيِّـَٔاتِكُمْ وَيُدْخِلَكُمْ جَنَّٰتٍ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ يَوْمَ لَا يُخْزِى ٱللَّهُ ٱلنَّبِىَّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مَعَهُۥ نُورُهُمْ يَسْعَىٰ بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَبِأَيْمَٰنِهِمْ يَقُولُونَ رَبَّنَآ أَتْمِمْ لَنَا نُورَنَا وَٱغْفِرْ لَنَآ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍ قَدِيرٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген пенделер! Аллахка чын жүрөктөн тообо кылгыла! Раббиңер күнөөңөрдү өчүрүп, түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизсе ажеп эмес. Ал (Кыямат) күндө Аллах (эч качан) пайгамбар жана аны менен бирге болгондорду шерменде кылбайт! Алардын (Аллах берген) нурлары оң тарабында жана алдында (жарытып) агылганда алар (дуба кылып:) «Оо, Раббибиз! Нурубузду кемитпегей элең! Күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Сен ар нерсеге кудуреттүүсүң!» дешет.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِىُّ جَٰهِدِ ٱلْكُفَّارَ وَٱلْمُنَٰفِقِينَ وَٱغْلُظْ عَلَيْهِمْ وَمَأْوَىٰهُمْ جَهَنَّمُ وَبِئْسَ ٱلْمَصِيرُ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, пайгамбар! Каапырлар менен мунафыктарга каршы жихад кыл жана чечкиндүү бол! Алардын бараар жери – тозок! Кандай жаман акыбет!

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

ضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا لِّلَّذِينَ كَفَرُوا۟ ٱمْرَأَتَ نُوحٍ وَٱمْرَأَتَ لُوطٍ كَانَتَا تَحْتَ عَبْدَيْنِ مِنْ عِبَادِنَا صَٰلِحَيْنِ فَخَانَتَاهُمَا فَلَمْ يُغْنِيَا عَنْهُمَا مِنَ ٱللَّهِ شَيْـًٔا وَقِيلَ ٱدْخُلَا ٱلنَّارَ مَعَ ٱلدَّٰخِلِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах каапырлар(дын акыбети кандай бүтүшүн билгизүү) үчүн Нухтун аялы менен Луттун аялын мисал келтирди. Экөө тең Биздин салих пенделерибиздин (никесинин) астында болчу. Экөөсү(нүн аялы) аларга кыянат кылышты. Анан, эки пайгамбар тең Аллах тарабынан (азап болуп келген) нерседен эки аялды куткара албай калышты. Жана (эки аялдын бири сууга чөгүп, экинчисин жер жутуп өлгөндө, аларга) «киргендер менен бирге тозокко киргиле!» деп айтылды.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلًا لِّلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ ٱمْرَأَتَ فِرْعَوْنَ إِذْ قَالَتْ رَبِّ ٱبْنِ لِى عِندَكَ بَيْتًا فِى ٱلْجَنَّةِ وَنَجِّنِى مِن فِرْعَوْنَ وَعَمَلِهِۦ وَنَجِّنِى مِنَ ٱلْقَوْمِ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах ыймандуулар үчүн Фараондун аялын (үлгү катары) мисал келтирди. Бир кезде ал (дуба кылып): «Оо, Раббим! Мага Өзүңдүн алдыңда – бейиште бир үй тургузуп бер жана мени Фараон менен анын амалынан куткар! Мени залым адамдардан сакта!» деди.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

وَمَرْيَمَ ٱبْنَتَ عِمْرَٰنَ ٱلَّتِىٓ أَحْصَنَتْ فَرْجَهَا فَنَفَخْنَا فِيهِ مِن رُّوحِنَا وَصَدَّقَتْ بِكَلِمَٰتِ رَبِّهَا وَكُتُبِهِۦ وَكَانَتْ مِنَ ٱلْقَٰنِتِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Жана Аллах) Имрандын кызы Марямды дагы (мисал-үлгү кылды). Ал абийирин сактаган кыз болчу. Кийин Биз ага (Жебрейил периштени жиберип) Өз Рухубуздан үйлөдүк.[1] Ал Раббисинин Сөзүн жана Китебин тастыктады жана моюн сунуучулардан болду.

Бул аяттын бардык котормолорун көрүү →

Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70