أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ مَا يَكُونُ مِن نَّجْوَىٰ ثَلَٰثَةٍ إِلَّا هُوَ رَابِعُهُمْ وَلَا خَمْسَةٍ إِلَّا هُوَ سَادِسُهُمْ وَلَآ أَدْنَىٰ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكْثَرَ إِلَّا هُوَ مَعَهُمْ أَيْنَ مَا كَانُوا۟ ثُمَّ يُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوا۟ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) билбейсиңби, Аллах асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди(н кабарын) билет. Эгер үч адам (жашыруун) шыбырашып сүйлөшсө, алардын төртүнчүсү – Ал. Эгерде бешөө болсо, алтынчысы – Ал. Жана мындан азыраак же көбүрөөк болсо да жана кандай жашыруун жерде болсо да Ал алар менен бирге![1] Андан кийин, Кыяматта аларга жасаган иштеринин кабарын билгизет. Чынында, Аллах ар нерсени Билүүчү!