caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Nisaa сүрөсү, 46-аят

Медина · түшүү тартиби 92 · 4:46

مِّنَ ٱلَّذِينَ هَادُوا۟ يُحَرِّفُونَ ٱلْكَلِمَ عَن مَّوَاضِعِهِۦ وَيَقُولُونَ سَمِعْنَا وَعَصَيْنَا وَٱسْمَعْ غَيْرَ مُسْمَعٍ وَرَٰعِنَا لَيًّۢا بِأَلْسِنَتِهِمْ وَطَعْنًا فِى ٱلدِّينِ وَلَوْ أَنَّهُمْ قَالُوا۟ سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا وَٱسْمَعْ وَٱنظُرْنَا لَكَانَ خَيْرًا لَّهُمْ وَأَقْوَمَ وَلَٰكِن لَّعَنَهُمُ ٱللَّهُ بِكُفْرِهِمْ فَلَا يُؤْمِنُونَ إِلَّا قَلِيلًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЯхудилерден кээ бирөөлөрү (Тоораттагы Мухаммад пайгамбар жөнүндөгү) сөздөрдү маанисинен башка мааниге бурмалайт жана (сени менен сүйлөшкөндө) динге сокку урушуп, тилин бурмалап: “Уктук жана күнөө кылдык”, “Бизди укпасаң да угасың” жана “Раина”[1] дешет. Эгер алар (сөздү бурмалабай!) “Уктук жана моюн сундук”, “Бизди укчу?”, жана “Унзурна” (бизге карачы?) деп айтканда өздөрүнө жакшы жана туура болмок. Бирок, Аллах аларга каапырлыгы себептүү каргыш жаадырган. Эми, бир аз гана бөлүгүнөн башкасы ыйман келтирбейт.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70