caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Maaida сүрөсү, 5-аят

Медина · түшүү тартиби 112 · 5:5

ٱلْيَوْمَ أُحِلَّ لَكُمُ ٱلطَّيِّبَٰتُ وَطَعَامُ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ حِلٌّ لَّكُمْ وَطَعَامُكُمْ حِلٌّ لَّهُمْ وَٱلْمُحْصَنَٰتُ مِنَ ٱلْمُؤْمِنَٰتِ وَٱلْمُحْصَنَٰتُ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ مِن قَبْلِكُمْ إِذَآ ءَاتَيْتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ مُحْصِنِينَ غَيْرَ مُسَٰفِحِينَ وَلَا مُتَّخِذِىٓ أَخْدَانٍ وَمَن يَكْفُرْ بِٱلْإِيمَٰنِ فَقَدْ حَبِطَ عَمَلُهُۥ وَهُوَ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ مِنَ ٱلْخَٰسِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-аруу аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зына кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо,[1] анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70