Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«(Оо, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Куранды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга туура жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«(Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүүчүнү (Куранды) түшүрдү.[1] Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу!»
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл силерди (энеңердин) жатындар(ын)да Өзү каалаган кейипке киргизет. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар. (Ал) Кудуреттүү, Даанышман.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Ал сага (теңдешсиз) Китеп (Куран) түшүргөн Зат. Анын (Курандын) ичинен Китептин энеси (маңызы сыяктуу) болгон мухкам - анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми, жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал (муташабих) аяттын (толук) түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким (анык) билбейт. (Ошондуктан) терең илимдүү адамдар: "Биз ага (Куранга) ыйман келтиргенбиз. Анын (аяттарынын) бардыгы (мухкамы дагы, муташабихи дагы) Раббибибиздин алдынан (келген акыйкат)" дешет. Акылдуу адамдар гана (мындан) зикир (эскерме) алат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Рабби! Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Албетте, Сен белектерди көп берүүчү – Ваххабсың.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, биздин Рабби! Албетте, Сен адамдарды, анда шек-күмөн болбогон (Кыямат) Күн үчүн чогултуучусуң. Аллах эч качан убадасын бузбайт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр адамдарды Аллахтан (Анын азабынан) мал-дүйнөсү да, бала-чакалары да куткара албайт. Алар - тозоктун отундары!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Алардын абалы) Фараондун адамдарынын жана алардан мурунку каапырлардын абалына окшош: Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, Аллах аларды күнөөлөрү себептүү азапка салды. Аллах – азабы катуу Зат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Каапырларга: "Силер жакында жеңилесиңер жана (Кыяматта) тозокто чогултуласыңар. Ал кандай жаман орун!" - деп айткын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, яхудилер!) (Согуш майданында) жолугушкан эки жамаатта (Биздин кудуретибизге) силер үчүн белги бар болчу. Бир жамаат Аллахтын жолунда согушуп жатышты жана экинчиси каапыр эле. (Аллахтын жолунда согушка чыккандар) алардын (душмандардын) өздөрүнөн эки эсе көп экенин анык көрүп турушту. Аллах каалаган адамдарды Өзүнүн жардамы менен колдойт. Мында акыл ээлери үчүн үлгү - сабак бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдар үчүн (бул дүйнөдө) аялдардан, перзенттерден, кинтар-кинтар[1] алтын-күмүштөрдөн, даңктуу-шоораттуу тулпар аттардан, (короо-короо) малдардан жана эгиндерден турган жыргалдарды сүйүү кооз көргөзүлдү.[2] Булар (опосуз) дүйнө жашоосунун пайдалары. Аллахтын алдында (булардан) жакшыраак кайтуучу жай-бейиш бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт (О, Мухаммад): "Силерге мунуңардан (дүйнө жыргалынан) да жакшы нерсе жөнүндө кабар берейинби? Такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында, астынан дарыялар аккан жана анда түбөлүк жашай турган бейиштер, таза-пакиза жубайлар жана Аллахтын ыраазычылыгы бар. Аллах пенделерин Көрүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Аллах, Анын периштелери жана илимдүү адамдар андан (Аллахтан) башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине, (жана Аллах өз иштеринде) адилет менен Туруучу экенине күбөлүк беришти. Анын Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок. (Ал) - Кудуреттүү, Даанышман».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Албетте, Аллахтын алдында (кабыл боло турган) дин – бул Ислам. Китеп берилген адамдар (Тоорат менен Инжил китептеринде) өздөрүнө (Мухаммаддын пайгамбарлыгы жана дининин чындыгы жөнүндөгү) илим келгенден кийин гана өз ара көралбастыктан улам каршылык кылышты. Ким Аллахтын аяттарына каапыр болсо, (билип алсын:) Аллах - тез эсептешүүчү».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Эгер (адамдар) сени менен талашып калышса, аларга: "Мен өзүмдү ээрчигендер менен бирге жүзүмдү (өзүмдү) Аллахга моюн сундурдум" деп айткын. Жана китеп берилген адамдар менен сабатсыздарга: "Силер (дагы) моюн сундуңарбы?" дегин. Эгер (Исламды кабыл алып) моюн сунушса, анда туура жолду табышты. Эгер жүз бурушса, сенин мойнуңда (чындыкты) жеткирүү гана бар. Аллах пенделерди Көрүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын аяттарына каапыр болуп (ушуну менен жөн калбай) пайгамбарларды жана адамдар арасындагы адилетке (Исламга) буюруп жүргөндөрдү акыйкатсыздык менен өлтүргөндөргө жан ооруткан азаптан кабар бер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар, ушул дүйнөдө да, Акыретте да амалдары (жакшы иштери) күйүп кеткен (каапыр) адамдар. Аларга (Аллах тарабынан) жардамчылар жок!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад! Аллахтан келген) китептен насип-үлүш берилген адамдарга (яхудийлерге) карабайсыңбы, өз араларында(гы талаш маселеге) өкүм кылып бериш үчүн Аллахтын китебине (Куранга) чакырылганда, (сен Аллахтын китеби боюнча өкүм чыгарып бергениңден) кийин алардан бир бөлүгү (чындыкты билип турса да) жүз бурган бойдон кетип калышты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМунун себеби алар: "Биз тозокко түшпөйбүз, түшсөк да саналуу күндөр гана түшөбүз" деп айтышчу. Өздөрү ойдон чыгарып алган (ушул сыяктуу) сөздөр аларды диндеринде адаштырып койду.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭми, биз аларды, анда шек-күмөн болбогон жана ар бир жанга өзү жасаган иштери(нин натыйжасы) эч зулум кылынбай, толук кайтарыла турган Күн (Кыямат) үчүн чогултканда эмне кылышат?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: "Оо, Аллахым! Бардык мүлктүн Падышасы! Сен мүлктү каалаган пендеңе бересиң жана каалаган пендеңден мүлктү тартып аласың. Жана кимди кааласаң ардактуу кыласың, кимди кааласаң кор кыласың. Жакшылык Сенин гана колуңда. Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫймандуулар (өздөрү сыяктуу) ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпасын! Ким ушундай иш жасаса - анын Аллах менен арасы ачык! Ал эми, алардан (каапырлардан) сак болуу үчүн (тилиңерде достук мамиле кылсаңар) уруксат. Аллах силерди Өзүнөн эскертет. Кайтуу - Аллахтын Өзүнө.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад, адамдарга) айт: "Эгер көкүрөгүңөрдөгү нерселерди жашырсаңар да, жарыяласаңар да Аллах билип турат. Ал асмандар менен жерде болгон бардык нерсени да билет. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү".
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Кыямат) күндө ар бир жан өзү жасаган (бардык) жакшы-жаман иштерин алып келинген абалда табат. (Ошондо, жамандык жасаган жан) өзү менен кылмышынын арасы өтө алыс болушун самайт. (Билип койгула), Аллах Өзүнөн силерди эскертет. Аллах - пенделерге Мээримдүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, Аллах Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө (пайгамбарлык үчүн) тандап алды.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл ичиндегисин төрөгөн соң (эркек болбогонуна өкүнүп) “Оо, Раббим! Мен кыз төрөдүм” деди. Чынында, Аллах анын эмне төрөгөнүн жана (көпчүлүк) эркек(тер) (ушул төрөлгөн) ургаачыдай эмес экенин андан жакшыраак билген. (Ал дагы сөзүн улады): “Мен ага “Марям” деп ысым койдум. Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, Сага жалбарамын”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиси аны (назирди) жакшынакай кабыл алып, жакшынакай өстүрдү жана ага Закарияны кепил (камкор) кылды. Ар качан Закария анын үстүнө - михрапка кирсе, анын алдында (ширин-шербет жемиштерден) ырыскы турганын көрдү. Ал: “Оо, Марям, булар сага кайдан?” деди. Ал: “Аллахтын алдынан. Албетте, Аллах Өзү каалаган адамына эсепсиз ырыскы берет” деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, Закария Раббисине дуба кылып: “О, Раббим! Мага да Өзүңдүн даргөйүңдөн пакиза бир урпак бере көр! Албетте, Сен дубаны Угуучусуң!” деди.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан (күндөрдүн бир күнүндө) ал михрапта намаз окуп турганда периштелер ага: “(О, Закария!) Аллах сени Яхья (деген перзент) менен сүйүнтөт. (Ал бала) Аллахтын Сөзүн (Исаны) тастыктоочу, улукзаада, дене кумарларынан өзүн кармай билген жана (жогорку даражалуу) салих пайгамбарлардан бири болот!” деп добуш беришти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Закария) айтты: “О, Раббим! (жүрөгүм тынчтанып, санаасыз болушум үчүн) мага (кемпиримдин боюнда болгонун билдирген) бир сыр - белги бере көр!” (Аллах) Айтты: “Сенин белгиң: (тилден калып) үч күн адамдарга ишаарат менен гана сүйлөп каласың.[1] Эми, Раббиңди көп зикир кыл жана эртели-кеч Аны даңктап, тасбих айт!”
(Кийинки аятта Аллах таала Имрандын кызы Марямдын окуясын улантат. Ошентип, Марям кыз чоңойгондо ибадатта, тазалык-такыбаада эң бир жогорку даражага жетет).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Марям! Раббиңе моюн сунуу менен (көп) ибадат кыл. Жана намаз окуучулар менен бирге сажда, үрүкү кыл” - дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБул окуялар[1] (о, Мухаммад, сен үчүн) кайып кабарлары. Биз ал кабарды сага (Жебирейил периште аркылуу) кабарлап жатабыз. Анткени, (Марям төрөлүп, апасы аны назир кылуу үчүн ибадатканага алып келгенде, ибадаткана кызматчылары) “Эми кимибиз Марямга кепил (камкор) болот”- деп, калемдерин (чүчүкулак катары) таштап жатышканда жана (Марямды талашып) жаңжалдашып турганда сен алардын арасында жок болчусуң.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде периштелер айтты: “Оо, Марям! Аллах сени, ысымы Иса Масих ибн Марям болгон Өзүнүн Сөзү менен сүйүнтөт. (Ал) Дүйнө-Акыретте мартабалуу жана Аллахка эң жакын адамдардан болот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМарям айтты: “О, Раббим! Мени эч бир (эркек) адам «кармабаган» болсо, кайдан бала болсун?!” (Аллах) айтты: “Ушундай. Аллах Өзү каалагандай жаратат. Ал бир ишти өкүм кылса, ага “бол!” дейт жана ал иш (ошол замат) болуп калат”.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИсраил урпактарына элчи - пайгамбар кылат. (Анан Иса аларга айтат:) “Мен силерге Раббиңерден (менин чын пайгамбар экенимди далилдей турган төмөндөгүчө) белгилер (моожизалар) алып келдим: силерге ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөсөм, Аллахтын уруксаты менен (тирүү) куш болуп калат, Аллахтын уруксаты менен сокурларды, пес (ала) оорулууларды айыктырам, өлүктөрдү тирилтем. Жана мен силерге үйүңөрдө эмнени жеп, эмнени сактап койгонуңарды да айтып бере алам. Албетте, ушул нерселерде силер үчүн (менин пайгамбар экениме далил болгон) белгилер бар, эгер ишенсеңер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Мен) силерге өзүмдөн мурунку Тооратты тастыкташ үчүн, жана силерге (Тооратта) арам кылынган кээ бир нерселерди адал кылыш үчүн (пайгамбар кылып жиберилдим) жана мен силерге Раббиңерден аят-далилдерди алып келдим. Эми, Аллахтан корккула жана Мага моюн сунгула.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (Иса) алардан каапырчылыкты сезип калганда (шакирттерине) “Аллахтын жолунда ким мага жардамчы болот” деди эле, шакирттери: “Биз Аллахтын жардамчылары болобуз? Аллахка ыйман келтирдик. Жана күбө болгун (О, Иса) биз – мусулмандарбыз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, Рабби! Биз Сен түшүргөн нерсеге ыйман келтирдик жана (Сен жиберген) пайгамбарга ээрчидик. Эми бизди (Өзүңдүн жалгыздыгыңа, диниңдин акыйкаттыгына) күбө болуучулардын катарына жазып кой!” дешти.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде Аллах айтты: “О, Иса, мен сени Өзүмө Алуучу, Өзүмө Көтөрүүчү жана сени каапырлардан тазартуучумун. Жана сага ээрчиген адамдарды кыямат күнүнө чейин каапырлардан жогору кылуучумун. Кийин (бардыгыңар) Мага кайтасыңар. Анан Мен силер талашкан нерсеңер боюнча араңарда өкүм кыламын.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЫйман келтирип, салих (жакшы) амал кылгандардын соопторун (Аллах) толук берет. Жана Аллах заалым (каапыр) адамдарды сүйбөйт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Биз сага айтып берген бул (Курандагы) нерселер (Аллахтын) аяттарынан жана даанышман эскермелерден.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, Аллахтын назарында Исанын мисалы Адам (Ата) сыяктуу. Аллах аны топурактан жаратып: “бол!” дегенде, дароо болуп (жаралып) калган.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКим бул маселеде, сага (анык) илим келгенден кийин деле (көшөрүп) далил талаша берсе, аларга айт: “Келгиле, балдарыбызды жана балдарыңарды, аялдарыбызды жана аялдарыңарды, өзүбүздү жана өзүңөрдү чакырып, “Жалганчыларга Аллахтын наалаты болсун!” - деп каргыш айтышалы!”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, бул (Исанын Кудай эмес экени) акыйкат баян. Чынында, бир Аллахтан башка эч бир сыйынууга татыктуу Кудай жок. Жана Аллахтын бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “О, китеп ээлери! Биз менен силердин араңарда окшош болгон сөзгө келгиле.[1] (Ал сөз төмөндөгүчө:) “Аллахтан башкага ибадат-кулчулук кылбайлы, Ага эч нерсени шерик келтирбейли жана Аллахты таштап, кээ бирөөлөрүбүз башка бирөөлөрүбүздү Рабби-Кудай кылып албасын!” Эгер жүз бурушса, айткыла: “Күбө болгула, Биз – мусулмандарбыз”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, китеп ээлери! Эмне үчүн Ибрахим жөнүндө (бириңер “Ал - яхуди дининде болгон” десеңер, экинчиңер: “Жок, христиан болгон” деп) талашасыңар?! Тоорат менен Инжил андан кийин түшкөн го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, силер! Билген нерсеңер жөнүндө талашып бүттүңөр. Дагы эмне үчүн билбеген нерсеңер жөнүндө талашып жатасыңар?! (Ибрахимдин дини кандай болгонун) Аллах гана билет, силер билбейсиңер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИбрахим яхуди да, христиан да болгон эмес. А бирок, ханиф (жеке Аллах таалага сыйынуучу жана) муслим (жалгыз Аллахка моюн сунуучу) болгон. Жана ал эч качан мушриктерден (Аллахка шерик кошуучулардан) болбогон.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИбрахимге эң жакын адамдар – ага ээрчигендер, мына бул пайгамбар (Мухаммад) жана (жалгыз Аллахка) ыйман келтиргендер. Аллах ыймандуу адамдардын башчысы.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКитеп ээлеринен бир тайпасы (башкаларына) айтышат: “Момундарга түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) күндүн башында ыйман келтиргиле дагы, күндүн акырында ыйманыңардан кайткыла. Балким (ошондо, “ушуларда Тоорат илими бар, бир нерсени билет го” деп ойлоп) алар дагы (ыймандарынан) кайтышса ажеп эмес.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨзүңөрдүн (яхудилик) диниңерге ээрчигендерден башкаларга ишенбегиле. (Мунун себеби) алардан (момундардан) бирөө-жарымы силер билген нерсени билип алышы же болбосо, (сырыңарды билип) Раббиңердин алдында силер менен далил талашышы (мүмкүн)”. (О, Мухаммад, сен аларга) айткын: «Туура жол - бул Аллахтын туура жолу. Пазилет-абзелдик Аллахтын колунда. Аны Өзү каалаган адамдарга берет. Аллах(тын пазилети) Кенен, Билүүчү!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКитеп ээлеринин арасында көп байлыкты ишенип тапшырсаң аны (кыянат кылбай) өзүңө кайтара тургандары да бар. Ошондой эле, алардын арасында бир динарды ишенип тапшырсаң кайтарбай, качан үстүндө (доолашып) туруп алганыңдан кийин гана тапшыра тургандары да бар. Мунун себеби алар: “Сабатсыз (Тоорат окубаган) адамдарда бизге каршы (Тооратта) тыюу жок” дешет. Жана билип туруп Аллахка жалаа жабышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок, андай эмес! Ким убадасын аткарса (Аллахтын жана пенделердин укуктарын урматтаса) жана (Аллахтан) корксо (мына ушул адам - такыба). Аллах такыбаа кишилерди сүйөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, Аллахка берген убадаларын жана анттарын арзыбаган баага сатып жиберген кишилер үчүн Акыретте насип жок. Кыямат күндө Аллах аларга сүйлөбөйт, (ырайым назары менен) карабайт жана (күнөөлөрүнөн) тазартпайт. Аларга жан ооруткан азап бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардан (яхудилерден) дагы бир жамаат бар: китепти (Тооратты) тилдери менен бурмалап (өзгөртүп) окушат, силер аны китептен деп ойлошуңар үчүн. Чынында, ал китептен эмес. Жана алар “Бул - Аллахтын алдынан” дешет. Чынында, ал Аллахтан эмес. Алар билип туруп Аллахка жалган айтышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Китеп, өкүм жана пайгамбарлык бергенден кийин ал адам элдерге карап: “Аллахты таштап, мага пенде болгула” деп айтуусу мүмкүн эмес. Бирок, ал: “Силер китептен таалим бергениңер жана дарс кылып окуганыңар боюнча, жалгыз Рабби - Аллахка ибадат кылуучу болгула!” деп буюрат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ал (пайгамбар) силерди, периштелер менен пайгамбарларды өзүңөргө Рабби-Кудай кылып алууга да буюрбайт. Мусулман болгонуңардан кийин каапырчылыкка буюрмак беле?!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБир кезде Аллах бардык пайгамбарлардан, “Мен силерге китеп жана пайгамбарлык бергенден кийин силерге, пайгамбарлыгыңарды тастыктаган бир пайгамбар (Мухаммад) келсе, сөзсүз ага ыйман келтирип, дароо жардам бересиңер» – деп убада алды жана: “Макул болдуңарбы, ушунуңар менен Менин убадамды (мойнуңарга) алдыңарбы?” деди. Алар (бир добуштан): “Макул болдук” – дешти. (Анда Аллах): “Күбө болгула, Мен дагы силер менен бирге күбө болуучуларданмын” – деди.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар Аллахтын дининен (Исламдан) башка динди каалашабы?! Асмандар жана жердегинин баары кааласа да, каалабаса да Ага (Аллахка) моюн сунушту го! Алар(дын өздөрү дагы) Аллахка кайтарылат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткыла (Оо, ыймандуулар): “Биз Аллахка, Бизге түшүрүлгөн нерселерге жана Ибрахимге, Исмаилге, Исхакка, Яькубга жана ошолордун урпактарына түшүрүлгөн нерселерге, жана Мусага, Исага жана башка пайгамбарларга Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз пайгамбарлардын эч биринин арасын ажыратпайбыз жана биз Аллахка моюн сунуучуларданбыз”.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Жана ким Исламдан башка динди кааласа, андан (ибадаттары) кабыл алынбайт жана ал Акыретте зыян тартуучулардан болот».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга ачык-айкын далилдер келген соң, “Пайгамбар - акыйкат” деп күбөлүк берип, ыйман келтиргендеринен кийин, дагы каапыр болуп кеткен коомду Аллах кантип туура жолго баштасын?! Аллах заалым адамдарды туура жолго баштабайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар ошол наалаттын (тозок азабынын) ичинде түбөлүк калышат. Алардан азап жеңилдетилбейт жана аларга (тообо кылууга) мөөнөт берилбейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, ыйманга келгенден соң каапыр болуп, (тообонун ордуна) каапырчылыгын күчөткөн адамдардын тооболору эч качан кабыл алынбайт. Дал ошолор гана адашуучулар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр болуп, каапыр бойдон өлүп кеткен адамдардын бири эгер күнөөлөрүнө төлөм катары жер жүзү толо алтын берсе да эч качан кабыл кылынбайт. Алар үчүн жан оорутуучу азап бар жана аларга эч жардамчы болбойт!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖакшылыкка, (бейишке) өзүңөр сүйгөн нерселерди садака кылмайынча жете албайсыңар. Жана кандай гана нерсени садака кылсаңар, аны Аллах Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovИсраил (пайгамбар ооруп калганы себептүү) өзүнө кээ бир тамактарды арам кылып алганын эсепке албаганда, Тоорот түшкөнгө чейин Исраил урпактарына бардык тамак-аштар адал болгон. (Оо, Мухаммад, буга ишенбеген яхудийлерге): “Тооротту алып келип, окуп көргүлө, эгер чынчыл болсоңор” - деп айткын.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйткын: “Аллах туура сүйлөдү. Ханиф (жеке Аллахка сыйынуучу) болгон абалда Ибрахимдин динине ээрчигиле. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес эле.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАдамдар (Аллахка сыйынуулары) үчүн курулган эң биринчи Үй (Кааба мечити) Меккеде. Ал ыйык жана ааламдар (адамдар) үчүн туура жол.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Анда (бир нече) анык белгилер бар. (Атап айтканда:) Ибрахимдин орду[1] жана ага (Кааба мечитине) кирген адамдын (ар кандай коркунуч-зыяндан) аман болушу. Адамдардын мойнунда Аллах үчүн ошол (Ыйык) Үйгө ажылык кылуу милдети бар. (Бирок, ар кимге эмес) жолго (материалдык жана денелик) кудурети жеткендерге гана. Ал эми, ким каапыр болсо, Аллах ааламдардан Беймуктаж».
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: “О, китеп ээлери! Эмне үчүн, Аллах силер жасап жаткан иштерге күбө болуп турса да, Аллахтын аяттарына каапыр боло бересиңер?!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАйт: “О, китеп ээлери! Эмне үчүн ыйман келтирген адамдарды Аллахтын жолунан тососуңар, аны бурмалоого аракет кыласыңар?! (Ал Жол чындык экенине) өзүңөр күбө элеңер го?! Аллах силердин ишиңерден кабарсыз эмес!”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтирген адамдар! Эгер китеп ээлеринен кээ бир жамааттарга ээрчисеңер, силерди ыйман келтиргениңерден кийин каапырчылыкка кайтарып койот.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге Аллахтын аяттары окулуп, араңарда Анын элчиси туруп, кантип эле каапыр болуп кетесиңер. Жана ким Аллахты(н динин) бекем кармаса, сөзсүз туура жолго багытталат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБардыгыңар Аллахтын жибин (динин) бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө! Аллахтын берген нээматын эстегиле: Бир кезде силер өз ара душман болуп (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү үлпөт кылды жана Анын (бул) нээматы себептүү (бир туугандай) дос-бурадар болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, Андан силерди куткарды. Аллах силерге Өзүнүн аяттарын – туура жолго түшөөрсүңөр деп – ушинтип баяндайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилердин араңардан (адамдарды) жакшылыкка (динге) чакырган жана (акыл, шарият боюнча) жакшы адат саналган нерселерге буюруп, жаман адаттардан кайтарган бир жамаат болсун. Ошолор гана жеңишке жетүүчүлөр.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨздөрүнө анык баяндар келгенден кийин өз ара каршылашып, бөлүнүп кеткен адамдар (яхудийлер) сыяктуу болбогула. Мына ошол адамдар үчүн чоң азаптар бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл эми, жүздөрү агарган адамдар болсо, түбөлүккө Аллахтын ырайымында (бейиште) болушат. Алар анда түбөлүккө калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Булар - Аллахтын аяттары. Биз аларды сага акыйкат менен окуп беребиз. Аллах ааламдарга зулумду каалабайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, мусулмандар!) Силер (ааламдагы бардык) адамдар үчүн чыгарылган жакшы үммөт болдуңар. (Адамдарды) жакшы адаттарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер. Эгер китеп ээлери ыйман келтиришсе, өздөрүнө жакшы болмок. Алардын арасында (силерге окшоп) ыйман келтиргендери да бар. Бирок, көпчүлүгү бузукулар.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, ыймандуулар!) Алар силерге зыян жеткире албайт. Эгер жеткирсе (заар тилдери менен гана) зыян жеткиришет. Эгер силер менен согушуп калса, артына карап качышат. Анан аларга жардам берилбейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКайда барышса да аларга кордук жазып коюлду. Бир гана Аллахтын жана адамдардын убада-келишиминин астында болгон учурларда гана (кор болбой жашашат). Алар Аллахтын каарына калышты жана аларга бечаралык(та жашоо) жазып коюлду. Бул (жазалар) Аллахтын аяттарына каапыр болгондору, пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрү жана күнөөкөр болуп, чектен чыккандары себептүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын баары бирдей (жаман) эмес. Китеп ээлеринин арасында динде туура жүргөн тайпалар да бар. Алар түнү менен сажда кылган абалда Аллахтын аяттарын окушат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахка, Акырет күнүнө ыйман келтиришет, жакшы амалдарга буюруп, жаман жоруктардан кайтарышат жана жакшы иштерге шашылышат. Ошолор ийги кишилерден.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр адамдарды Аллахтан (берилүүчү азаптан) мал-дүйнөлөрү да, бала-чакалары да куткарып кала албайт. Алар - тозок ээлери. Анда түбөлүк калышат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлар ушул дүйнө жашоосунда (сооп ниетинде, кайрымдуулук үчүн) жумшаган байлыктарынын мисалы, өздөрүнө зулум кылган коомдун эгиндерине тийип, жок кылган суук шамалга окшойт.[1] Аларга Аллах зулумдук кылган жок. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтирген адамдар! Бири-бириңерди колдоп, аларды (каапырларды) сырдаш-дос кылбагыла! (Момундардын сырларын аларга ташыбагыла). Алар силерге зыян жеткирүүдөн күчтөрүн аяшпайт жана силерге бир жамандык болушун эңсешет. Алардын жек көрүүлөрү сөздөрүнөн байкалат. Бирок, жүрөктөрүнө жашырган (жек көрүүлөрү) чоңураак. Эгер акылыңарды жакшы иштетсеңер, Биз силерге (душманыңар жөнүндөгү) белгилерди баян кылып бердик.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, силер (момундар!) Аларды сүйөсүңөр, алар силерди сүйбөйт. Силер бардык (илахий) китептерге (жана бардык пайгамбарларга) ишенесиңер. (Алар болсо, силердин китебиңерге да, пайгамбарыңарга да ишенбейт). Жана силерге жолукса: “Ыйман келтирдик” дешет, а (өздөрү) жалгыз калышканда силерди жек көргөнү себептүү манжаларын чайнашат. Айт (оо, Мухаммад): “Жек көрүүңөр менен өлгүлө!” Аллах жүрөктөрдү ээлеген сырларды Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер силерге бир жакшылык жетсе, бул аларды капа кылат. А эгер силерге бир жамандык жетсе муну менен сүйүнүшөт. Жана эгер силер такыба болсоңор жана (каапырлардын айла-амалдарына) сабыр кылсаңар, алардын айлакерлиги силерге эч кандай зыян жеткирбейт. (Анткени,) Аллах алардын иштерин Камтуучу.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, силерден эки тайпа адамдар үмүтсүздүккө түшүп калышты. Чынында, Аллахтын Өзү алардын жетекчиси эле. Жана момундар Аллахка гана өздөрүн тапшырышсын!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, сен ыймандууларга айттың: “Раббиңер, асмандан түшүрүлгөн үч миң периште менен силерди колдоп коюшу силерге жетиштүү болбойбу?
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖок (жетиштүү болот). Эгер силер, такыба болуп, сабыр кылсаңар, (каапырлар) кол салаары менен, силерге периштелер жетип келет. (Анан) Раббиңер силерди беш миң (кайраттуулук) белгиси бар периште менен кубаттандырат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах бул ишти силерге куш кабар үчүн жана аны менен жүрөгүңөр тынчтансын үчүн гана жасады. Жеңиш-жардам Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан гана келет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Бадрдагы бул жеңиш) каапырлардын бир ныптасын кесип, (бир сыйра) эзип, (канчалык ачуулары келсе да) үмүтсүз абалда кайтып кетүүлөрү үчүн (берилди).[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) эч бир иш сенин колуңда эмес.[1] (Бардыгы Аллахтын колунда) Ал кааласа (каапырларды Исламга киргизип) тооболорун кабыл алат, кааласа заалым болгондору себептүү азаптайт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАсмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Ал каалаган адамын кечирип, каалаган адамын азаптайт. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыймандуулар! Көп-көп кошумчасы бар пайданы (сүткорлуктун акчасын) жебегиле жана Аллахтан корккула, ошондо жеңишке (бейишке) жетээрсиңер.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббиңердин кечиримине жана такыба кишилер үчүн даярдап коюлган, кеңдиги асмандар менен жердей болгон бейишке шашылгыла.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Такыба кишилер) жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-ихсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Такыба кишилер) бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллахты эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат – күнөөлөрдү Аллахтан башка ким кечирмек эле – жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол адамдардын сыйлыгы: Раббисинен болгон кечирим жана анда түбөлүк калуучу, астынан дарыялар агып турган бейиш бактары. (Жакшы) амал кылуучулардын сообу кандай сонун!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерден мурун да бул жолдор (сыноолор) өткөн. Жер жүзүн кезгиле жана (Аллахтын динин) жалганга чыгаргандардын акыр түбү кандай болгонун көргүлө.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер (бул согушта) силерге жараат (жеңилүү) жеткен болсо, ушундай эле жараат (Бадр согушунда, каапыр) коомго да жеткен. Биз бул (жеңген жана жеңилген) күндөрдү адамдар арасында (кезектештире) айлантып турабыз. Жана (мунун себеби): Аллах (араңардагы чыныгы) момундарды билиши үчүн жана силердин араңардан шейиттерди алыш үчүн. Аллах заалымдарды сүйбөйт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле, Аллах (чындап) ыйман келтиргендерди (күнөөлүүлөрдөн жана эки жүздүүлөрдөн) тазалап, каапырларды өлтүрүү үчүн (жеңген-жеңилген күндөрдү адамдар арасында кезеги менен алмаштырып турат).
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖе болбосо, силер, Аллах араңардагы (жан үрөп) жихад кылгандар менен (жихад машакаттарына) сабыр кылгандарды билип (ажыратып) албай туруп эле, бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер (шейит болуп) өлүүнү, ага жолукканга чейин үмүт кылган элеңер го?! Мына эми, аны өз көзүңөр менен көрдүңөр!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovМухаммад болгону бир пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Эми, эгер ал өлсө, же өлтүрүлсө артыңарга (каапырлыкка) кайтып кетесиңерби? Ким артына кайтып кетсе, Аллахка эч бир зыян жеткире албайт! Аллах жакында (динде бекем болгон) шүгүр кылуучуларга сыйлык берет.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭч бир жан Аллахтын уруксаты менен (Лавхул-Махфузда) жазылган жана белгиленген мөөнөтү (ажалы) келмейинче өлбөйт. Ким дүйнө сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз жана ким Акырет сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз. Жана Биз шүгүр кылуучуларга жакында сыйлык беребиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Тарыхта) нечендеген пайгамбарлардын жанында көптөгөн cахабалары согушушкан. Алар Аллахтын жолунда өздөрүнө жеткен машакаттар себептүү тунжурап, алсырап, коркуп калышпаган. Аллах (ушундай) сабырдууларды сүйөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Ошол оор мезгилдерде) Алардын айткан сөздөрү: “Оо, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү, ысыраптарыбызды кечир! Жана кадамдарыбызды бекем кыл! Каапыр коомго каршы бизге жардам бер” деген (дубалар) болгон.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин Аллах аларга (жеңиш жана олжодон турган) дүйнө сообун, ошондой эле, Акырет сообунун эң жакшыларынан берди. Аллах жакшы иш кылуучуларды сүйөт
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыймандуулар! Эгер каапырларга моюн сунчу болсоңор, силерди (динден) кайтарып жиберет. Анан (эки дүйнөдө) зыян көрүүчүлөргө айланып каласыңар
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз жакында, Аллах эч кандай далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылып алгандары себептүү, каапырлардын жүрөгүнө коркуу салып койобуз. Алардын жайлары - тозок! Залымдардын жайлары кандай жаман!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилер (Ухуд согушу башталганда) Анын уруксаты менен каапырларды талкалап киргениңерде, Аллах (жеңиш беремин) деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Анан качан, Аллах силер сүйгөн нерсени (жеңишти) көзүңөргө көргөзүп койгондон кийин гана өзүңөр алсыз болуп, (пайгамбар берген) буйрук тууралуу (өз ара) талашып, анын буйругун аткарбай койгонуңарда - силерден кээ бирөөлөр дүйнөнү (олжону), кээ бирөөлөр Акыретти каалайт экен - ошондон кийин гана Аллах, силерди сынаш үчүн силерди(н жүзүңөрдү) алард(ын аркаларын)ан буруп койду. (Кийин алардын жүзү силердин аркаңарды карап, силерди кубалап калды). Жана (андан кийин) Ал силерди кечирди. (Анткени,) Аллах – ыймандууларга пазилеттүү![1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондо, силер эч кимге карабай (тоо) таянып (качып) жөнөдүңөр. Пайгамбар болсо, (“Оо, Аллахтын пенделери бери келгиле!” - деп) эң акыркыңардын арасында силерди чакырып жатты. Кийин Аллах, силер жетпей калган жеңишке жана силерге жеткен жеңилүүгө капа болбошуңар үчүн кайгы үстүнө (андан да чоңураак) кайгы берди.[1] Аллах силердин ишиңерден Кабардар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКийин, (ошол чоң) кайгынын артынан, Аллах силерге (көз ирмемдик, эс алдыруучу) уйку берди. (Ал уйку) силердин араңардан (динге жан күйдүргөн) бир тайпаны өз кучагына алды.[1] (Силердин араңардагы) дагы бир тайпаны (мунафыктарды) өз жандары кайгыга салып, Аллахка адилетсиздик менен, нааданчасынан күмөн санап: “Эми, бизге иш жок” (жеңилип бүттүк) дешти. Айт: “Иш Аллахтын колунда”. Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: “Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эсепке алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек” дешет. Айт: “Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы, (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши, өлтүрүлө турган жайына келет.” (Аллах бул иштерди) силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени (ал ыйманбы, мунафыктыкпы) сынаш жана жүрөгүңөрдөгү (шайтандын азгырыгынан турган) нерсени тазалаш үчүн кылды. Аллах – жүрөктөрдөгү cырларды да Билүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтиргендер! (Алыс) жерге сапарга же болбосо казатка чыккан бурадарлары жөнүндө “Эгер биздин алдыбызда болсо өлбөйт жана өлтүрүлбөйт эле” деген каапырларга окшобогула. Аллах алардын бул (жалган) сөздөрүн өздөрүнүн жүрөктөрүнө кайгы кылып койот. Чынында, Аллах өлтүрөт жана тирилтет. Аллах силер жасап жаткан иштерди Көрүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер силер Аллахтын жолунда өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр..., Аллахтан болгон кечирим жана ырайым (дүйнө кулдары) жыйнаган нерседен жакшы
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Раббиң тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга (сахабаларыңа) жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, таш боор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек.[1] Аларды кечир жана Алар үчүн (Аллахдан) кечирим сура. Жана (өзүң ылайык көргөн) иште алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте, Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭгер Аллах жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт. Эгерде жардамсыз (өзүңөрдү-өзүңөргө) таштап койсо, Аллахтан кийин силерге ким жардам берет?! Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭч бир пайгамбарга “гулул” кылуу[1] мүмкүн эмес! Жана кимде-ким “гулул” кылса, Кыяматта “гулул” кылган ишин (желкесине) көтөрүп келет. Кийин ар бир жан адилет менен өз иштеринин толук тиешесин алат.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын ыраазычылыгын максат кылган адам менен Аллахтын каарына жолугуп, барар жери тозок болгон адам теңби?! Бул кандай жаман акыбет!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovӨздөрүнүн арасынан, аларга Аллахтын аяттарын окуп бере турган, аларды (күнөөлөрдөн) тазалай турган жана мындан мурун анык адашууда болушса да, Китеп (Куран) менен Хикматты (Сүннөттү) үйрөтө турган бир пайгамбарды жиберүү менен Аллах ыймандууларга (теңдешсиз) жакшылык кылган.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСилерге (Ухуд согушунда мушриктерден) кырсык жеткенде – аларга (Бадр согушунда) эки эсе көп кырсык жеткизген болсоңор да – “Бул кайгы кайдан келди” - деген элеңер. Айт: “Бул – өзүңөрдөн”. Албетте, Аллах ар нерсеге Кудуреттүү.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭки жамаат тирешкенде силерге жеткен сыноолор араңардагы ыймандууларды билиш үчүн Аллахтын гана уруксаты менен болду.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана, мунафык-чыккынчыларды билиш үчүн. Аларга “Жүргүлө, Аллахтын жолунда же болбосо (мекениңерди, абийир-намысыңарды) коргоп согушкула” деп айтылганда, алар: “Биз эгер согуш болоорун билгенде силерге кошулмакпыз” дешкен. Алар ошол убакта ыймандан көрө каапырлыкка жакыныраак эле. (Ошондуктан,) жүрөктөрүндө жок нерсени ооздору менен айтышты. Аллах алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллахтын жолунда (динди өркүндөтөм деп жүрүп) өлтүрүлгөн адамдарды өлүктөр деп ойлобогула! Алар Раббисинин алдында (ар кандай нээматтар менен сыйланып) ырыскы тартууланган абалда тирүү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах өз пазилетинен (аларга) берген нерселер (сыйлыктар) менен шат-курсант. Алар артында калган, өздөрүнө жетип келбеген бурадарларына (бул жакта) аларга коркунуч жок экени жана кайгырышпасы жөнүндө сүйүнүчтүү кабар беришет.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАларга катуу сокку жеткенден кийин деле, Аллах менен пайгамбардын (“согушка!” деген) чакырыгына жооп берген момундар (жана) алардын арасынан сонун ибадат кылган, такыба кишилер үчүн улуу сыйлыктар бар.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшолорго (мусулмандарга) кишилер (келип): “Адамдар (мушриктер) силерге каршы (чоң күч) чогултушкан, алардан корккула!”- дегенде, (бул кабар) алардын ыйманын көбөйттү жана: “Бизге Аллах жетишет жана Ал эң жакшы Колдоочу” дешти.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан, Аллахтын нээматы, пазилети себептүү, аларга эч бир жамандык жетпей кайтып келишти жана Аллахтын ыразычылыгына ээрчишти. Аллах - улук пазилет ээси.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, ошол (силерге жолуккан жана силерди коркуткан) - шайтан. Ал (силерди) өзүнүн досторунан (мушриктерден) коркутууда. Алардан коркпогула. Эгер ыймандуу болсоңор, Менден гана корккула!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) каапырчылыкка шашып бараткандар сени капа кылбасын. Алар (муну менен) Аллахка эч нерсени зыян жеткире алышпайт. Аллах Акыретте аларга эч насип болтурбоону каалайт. Аларга улук азап бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, ыймандын ордуна каапырлыкты сатып алган адамдар Аллахка эч нерсени зыян жеткире алышпайт. Аларга жан ооруткан азап бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovКаапыр адамдар, биз алардын (жашоо) мөөнөттөрүн узартып койгонубузду өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун! Биз (болгону) өздөрүнүн күнөөлөрүн көбөйтүш үчүн гана аларга мөөнөт бердик. Аларга кордук азабы бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах ыйман келтиргендерди ушул (кимдин ким экени белгисиз) абалыңарда таштап койбойт. Ыпыластан тазаны ажыратат. Жана Аллах силерди кайыпты билүүчү кылбады. Бирок, Аллах өз пайгамбарларынан каалагандарын тандап алат (жана аларга кээ бир учурларда кайыпты билдирип турат). Эми, Аллахка жана пайгамбарларына ыйман келтиргиле. Эгер ыйман келтирип, такыба болсоңор, силерге улуу сооп-сыйлыктар бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Өзүнүн пазилети себептүү берген (байлык, мансап, илим, ж.б.у.с.) нерселерден кызганган адамдар, бул жоругу өздөрүнө жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык: жакында, Кыямат күндө кызганган нерселери алардын мойнуна оролуп муунтат.[1] Асмандар менен жердин мурасы Аллахка таандык. Аллах силердин ишиңерден кабардар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov“Аллах кембагал, биз байбыз” деген адамдардын сөздөрүн Аллах укту.[1] Биз алар айткан сөздөрдү жана пайгамбарларды кыянаттык менен өлтүргөндөрүн жазып койобуз. Жана (аларга) күйдүрүүчү азаптын даамын таткыла” дейбиз.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшол адамдар (яхудийлер): «Пайгамбар (Мухаммад) бизге бир курмандык союп, аны (асмандан түшкөн) от күйдүрмөйүнчө ага ыйман келтирбешибизди Аллах бизге осуят кылган» дешет. (Оо, Мухаммад!) Сен аларга: “Менден мурун деле силерге пайгамбарлар далилдерди жана силер айткан нерсени да келтиришкен. Анда, эмне үчүн аларды өлтүрүп салдыңар, эгер чынчыл болсоңор?!” деп айткын.[1]
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) эгер алар сени жалганчыга чыгарышкан болсо, сага чейин деле далилдер, ыйык жазуулар жана (Шарият өкүмдөрүнөн турган) нурлуу китептерди алып келген пайгамбарлар (ушулар тарабынан) жалганчыга чыгарылган.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАр бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. Албетте, силер Кыямат Күнү өзүңөрдүн сооп-сыйлыгыңарды толук-түгөл аласыңар.[1] Ал эми, ким тозоктон четтетилип, бейишке киргизилсе – жеңишке чындап жетиптир. Дүйнө жашоосу азгыруучу пайдалардан башка эч нерсе эмес.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, момундар!) Албетте, силер малыңарда жана жаныңарда сыналасыңар. Жана, сөзсүз түрдө, силерден мурда китеп берилген (яхудий, христиан ж.б.) адамдардан жана мушриктерден көп заар сөздөрдү угасыңар. Эгер (ошондо) сабыр кылсаңар жана такыба болсоңор, албетте, бул өтө улук иштерден.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭстегин: Аллах (ыйык) китеп берилген коомдордон, ал китепти(н чындыктарын) элдерге сөзсүз баян кылып бересиңер жана аны(н чындыктарын) жашырбайсыңар деп катуу убада алган эле. Кийин алар анттарын артына таштап коюшту жана аны (Тоорот менен Инжилдеги чындыктарды) арзыбаган баага сатып жиберишти. (Чындыктын ордуна) сатып алган нерселери кандай жаман!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Жасаган (кыянат) иштери менен сүйүнүп, али жасай элек (жакшы) иштери менен даңазаланууну сүйгөн адамдарды азаптан оолак болот деп эч ойлобогун! Аларга жан ооруткан азап бар!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, асмандар менен жердин жаратылышында жана түн менен күндүн (токтоосуз) алмашып турушунда акылдуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине далил болуучу көптөгөн) белгилер бар.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТурган, отурган жана жамбаштап жаткан абалында да Аллахты эстеп, асмандардын жана жердин жаратылышын пикир кыла турган адамдар (Аллахтын улуулугуна кулдук кылып) “О, биздин Рабби! Сен буларды жөн эле жаратканың жок. Сен (бир нерсени эрмек үчүн жаратуудан жана бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруусуң! Бизди тозок азабынан сактай көр!” - дешет.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Раббибиз! Биз бир чакыруучунун (Мухаммаддын) “Раббиңерге ыйман келтиргиле!” деп, ыйманга чакырып жатканын уктук жана дароо ыйман келтирдик. О, биздин Рабби! Күнөөлөрүбүздү кечир жана каталарыбызды өчүр! Биздин жаныбызды жакшы кишилердин катарында ала көр!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, Раббибиз! Бизге пайгамбарларыңа убада кылган (жеңиш, бейиш, дүйнөлүк бакыт сыяктуу) нерселериңди бере көр! Албетте, Сен убаданы бузуучу эмессиң!
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлардын Раббиси дубаларын кабыл алды (жана мындай деди:) “Албетте, Мен, эркек же аял болобу, силерден эч бир амал кылуучунун амалын текке кетирбейм. Бирөөңөр бирөөңөрдөн жаралгансыңар. Менин жолумда журттарынан чыгарылган, хижрат кылган (көчкөн), кордук-зомбулук көргөн, согушкан жана өлтүрүлгөн адамдардын (бардык) күнөө-кемчилдиктерин өчүрөмүн жана Аллах тарабынан берилген сооп иретинде, астынан дарыялар агып турган бейиш бактарына киргиземин. Аллахтын алдында эң жакшы сооп-сыйлыктар бар”
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovРаббисинен корккондор үчүн Аллах тарабынан сый-зыяпат түрүндө, астынан дарыялар агып турган бейиш бактары бар. Алар анда түбөлүк калышат. (Ою, сөзү жана иши) жакшы адамдар үчүн Аллахтын алдындагы нерселер жакшы.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАлбетте, китеп ээлеринин арасында Аллахка ишенген, силерге, түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) да, өздөрүнө түшүрүлгөн нерселерге да ыйман келтирген, Аллахтан корккон, Аллахтын аяттарын арзыбаган баага сатып жибербеген адамдар бар экени анык. Аларга да Раббисинин алдында сооп-сыйлыктары бар. Аллах тез эсептешүүчү.
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! сабырдуу болгула, ар дайым сабырдуу болгула жана (чек араларды коргоп, дайыма) даяр тургула. Аллахтан корккула, ошондо жеңишке жетерсиңер.