caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Baqara сүрөсү, 235-аят

Медина · түшүү тартиби 87 · 2:235

وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ فِيمَا عَرَّضْتُم بِهِۦ مِنْ خِطْبَةِ ٱلنِّسَآءِ أَوْ أَكْنَنتُمْ فِىٓ أَنفُسِكُمْ عَلِمَ ٱللَّهُ أَنَّكُمْ سَتَذْكُرُونَهُنَّ وَلَٰكِن لَّا تُوَاعِدُوهُنَّ سِرًّا إِلَّآ أَن تَقُولُوا۟ قَوْلًا مَّعْرُوفًا وَلَا تَعْزِمُوا۟ عُقْدَةَ ٱلنِّكَاحِ حَتَّىٰ يَبْلُغَ ٱلْكِتَٰبُ أَجَلَهُۥ وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ يَعْلَمُ مَا فِىٓ أَنفُسِكُمْ فَٱحْذَرُوهُ وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАл (күйөөсү өлүп, идда отурган) аялдарга ишаарат менен өзүңөрдү сунуш кылышыңарда же болбосо, (аларга жуучу жиберүүнү) ичиңерде сыр сакташыңарда күнөө жок. Аллах аларды тез арада эстешиңерди билди. Бирок, алар менен жашыруун убадалашпагыла! Болгону, жакшы сөздөрдү айтсаңар жарайт. Жана китеп (идда эсеби) өз мөөнөтүнө жетмейинче нике кыюууга умтулбагыла. Жана билип койгула: Аллах ичиңердеги (жашыруун) нерсени да (айкын) билип турат. Демек, Андан сак болуп (дайым эстеп) жүргүлө жана да билгиле, Аллах – Кечиримдүү, (пейили) Жумшак!
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70