caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Nisaa сүрөсү, 176-аят

Медина · түшүү тартиби 92 · 4:176

يَسْتَفْتُونَكَ قُلِ ٱللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِى ٱلْكَلَٰلَةِ إِنِ ٱمْرُؤٌا۟ هَلَكَ لَيْسَ لَهُۥ وَلَدٌ وَلَهُۥٓ أُخْتٌ فَلَهَا نِصْفُ مَا تَرَكَ وَهُوَ يَرِثُهَآ إِن لَّمْ يَكُن لَّهَا وَلَدٌ فَإِن كَانَتَا ٱثْنَتَيْنِ فَلَهُمَا ٱلثُّلُثَانِ مِمَّا تَرَكَ وَإِن كَانُوٓا۟ إِخْوَةً رِّجَالًا وَنِسَآءً فَلِلذَّكَرِ مِثْلُ حَظِّ ٱلْأُنثَيَيْنِ يُبَيِّنُ ٱللَّهُ لَكُمْ أَن تَضِلُّوا۟ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۢ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Сенден фатва сурашат. Айткын: “Аллах силерге «калала»[1] жөнүндө фатва (өкүм) берет: Эгер бир киши өлсө, анын (өз) баласы жок болсо, бирок эжеси (же карындашы) болсо, ал аялга (агасы) калтырган мурас мүлктүн жарымы тиет. Ал эми, эгер эжесинин (же карындашынын) балдары болбосо, (жана ал агасынан мурун өлсө) анда агасы (бардык мүлкүнө) мураскор болуп калат. Эгер эжеси экөө болсо, ал (жалгыз киши) калтырган мурастан (экөөнө) үчтөн экиси тиет. Эгер (мураскорлор) эркек-аял бир туугандары болсо, бир эркек үчүн экиден аялдын үлүшү тиет. Силерди адашып кетпесин деп Аллах Өзүнүн өкүмдөрүн баян кылат. Аллах ар нерсени Билүүчү.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70