caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Baqara сүрөсү, 258-аят

Медина · түшүү тартиби 87 · 2:258

أَلَمْ تَرَ إِلَى ٱلَّذِى حَآجَّ إِبْرَٰهِـۧمَ فِى رَبِّهِۦٓ أَنْ ءَاتَىٰهُ ٱللَّهُ ٱلْمُلْكَ إِذْ قَالَ إِبْرَٰهِـۧمُ رَبِّىَ ٱلَّذِى يُحْىِۦ وَيُمِيتُ قَالَ أَنَا۠ أُحْىِۦ وَأُمِيتُ قَالَ إِبْرَٰهِـۧمُ فَإِنَّ ٱللَّهَ يَأْتِى بِٱلشَّمْسِ مِنَ ٱلْمَشْرِقِ فَأْتِ بِهَا مِنَ ٱلْمَغْرِبِ فَبُهِتَ ٱلَّذِى كَفَرَ وَٱللَّهُ لَا يَهْدِى ٱلْقَوْمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах падышалык бергени себептүү (текеберленип,) Ибрахим (пайгамбар) менен, анын Раббиси жөнүндө далилдешкен кишини(н кабарын) билбедиңби? Ибрахим ага: "Менин Раббим өмүр жана өлүм берет" дегенде, ал: "Мен дагы өмүр жана өлүм бере алам" - деди. (Анда) Ибрахим айтты: "Аллах Күндү чыгыштан чыгарат. Сен (эгер кудай болсоң) аны батыштан чыгарып берчи, кана?! Анан каапыр адам (жооп бере албай) кеңгиреп калды. Аллах залымдарды туура жолго баштабайт![1]
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70