caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Baqara сүрөсү, 144-аят

Медина · түшүү тартиби 87 · 2:144

قَدْ نَرَىٰ تَقَلُّبَ وَجْهِكَ فِى ٱلسَّمَآءِ فَلَنُوَلِّيَنَّكَ قِبْلَةً تَرْضَىٰهَا فَوَلِّ وَجْهَكَ شَطْرَ ٱلْمَسْجِدِ ٱلْحَرَامِ وَحَيْثُ مَا كُنتُمْ فَوَلُّوا۟ وُجُوهَكُمْ شَطْرَهُۥ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ أُوتُوا۟ ٱلْكِتَٰبَ لَيَعْلَمُونَ أَنَّهُ ٱلْحَقُّ مِن رَّبِّهِمْ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا يَعْمَلُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(Оо, Мухаммад!) Биз кээде жүзүңдүн «асманда кезгенин» көрөбүз жана сени өзүң ыраазы болгон кыбылага бурабыз. Эми сен жүзүңдү Масжид аль-Харам (Кааба) тарапка бур! (Оо, момундар, силер дагы) кайда болсоңор (намазда) жүзүңөрдү ошол тарапка бургула! Ал эми, китеп берилген элдер (яхудий жана христиандар) деле анын (кыбыланын Кааба тарапка бурулганын) Раббисинен келген чындык (вахий) экенин айкын билип турушат. Аллах силердин ишиңерден кабарсыз эмес!
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70