caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Baqara сүрөсү, 143-аят

Медина · түшүү тартиби 87 · 2:143

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَٰكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِّتَكُونُوا۟ شُهَدَآءَ عَلَى ٱلنَّاسِ وَيَكُونَ ٱلرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا وَمَا جَعَلْنَا ٱلْقِبْلَةَ ٱلَّتِى كُنتَ عَلَيْهَآ إِلَّا لِنَعْلَمَ مَن يَتَّبِعُ ٱلرَّسُولَ مِمَّن يَنقَلِبُ عَلَىٰ عَقِبَيْهِ وَإِن كَانَتْ لَكَبِيرَةً إِلَّا عَلَى ٱلَّذِينَ هَدَى ٱللَّهُ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُضِيعَ إِيمَٰنَكُمْ إِنَّ ٱللَّهَ بِٱلنَّاسِ لَرَءُوفٌ رَّحِيمٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОшондой эле, биз силерди, (өз илим-адилетиңер менен) адамдардын үстүндө күбө болуп турууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдө күбө болуп турушу үчүн орто үммөт кылдык. (Оо, Мухаммад) сен мурун жүздөнгөн кыбыланы Биз пайгамбарга ээрчиген адамдарды артына бурулуп, (динден кайтып) кеткен адамдардан билип (ажыратып) алыш үчүн өзгөрттүк. Бул (кыбыланы өзгөртүү) оор иш. Бирок, Аллах туура багыт берген адамдарга оор эмес.[1] Аллах силердин ыйманыңарды текке кетирбейт.[2] Аллах адамдарга өтө Ырайымдуу жана Мээримдүү. (Кыбыла Иерусалим тарапка бурулганы менен пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламдын жүрөгү Каабаны самап, сагынып турат эле)
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70