يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مَن يَرْتَدَّ مِنكُمْ عَن دِينِهِۦ فَسَوْفَ يَأْتِى ٱللَّهُ بِقَوْمٍ يُحِبُّهُمْ وَيُحِبُّونَهُۥٓ أَذِلَّةٍ عَلَى ٱلْمُؤْمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى ٱلْكَٰفِرِينَ يُجَٰهِدُونَ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَا يَخَافُونَ لَوْمَةَ لَآئِمٍ ذَٰلِكَ فَضْلُ ٱللَّهِ يُؤْتِيهِ مَن يَشَآءُ وَٱللَّهُ وَٰسِعٌ عَلِيمٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Силердин араңардан кимде-ким дининен кайтса, жакын арада (аларды кетирип, ордуна) Аллах аларды сүйө турган, алар дагы Аны сүйө турган,[1] ыймандууларга ырайымдуу, каапырларга каардуу, Аллахтын жолунда (мал-жанын аябай) жихад кыла турган жана айыптоочу адамдардын ушактарынан коркпогон бир коомду алып келет. Бул – Аллахтын артыкчылыгы, аны каалаган пенделерине берет. Аллах (жакшылык кылууда) Кенен жана Билүүчү.