وَيَقُولُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَهَٰٓؤُلَآءِ ٱلَّذِينَ أَقْسَمُوا۟ بِٱللَّهِ جَهْدَ أَيْمَٰنِهِمْ إِنَّهُمْ لَمَعَكُمْ حَبِطَتْ أَعْمَٰلُهُمْ فَأَصْبَحُوا۟ خَٰسِرِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЖана ыйман келтирген адамдар (эки жүздүүлөрдүн жосунсуз жоруктарына кыжырданып): “Кайра-кайра Аллахтын атына ант ичип: “Биз силер мененбиз”-дегендер ушуларбы?! дешет. Алардын иштери (дүйнөдө) текке кетти жана (Акыретте) зыян тартуучуларга айланышты.