فَتَرَى ٱلَّذِينَ فِى قُلُوبِهِم مَّرَضٌ يُسَٰرِعُونَ فِيهِمْ يَقُولُونَ نَخْشَىٰٓ أَن تُصِيبَنَا دَآئِرَةٌ فَعَسَى ٱللَّهُ أَن يَأْتِىَ بِٱلْفَتْحِ أَوْ أَمْرٍ مِّنْ عِندِهِۦ فَيُصْبِحُوا۟ عَلَىٰ مَآ أَسَرُّوا۟ فِىٓ أَنفُسِهِمْ نَٰدِمِينَ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАнан сен (о, Мухаммад), жүрөгүндө (эки жүздүүлүк) оорусу бар адамдардын, алар (яхудилер) тарапка умтулуп: “(Эгер буларды дос тутпай койсок) бизге ооматсыздык жетип калуусунан коркобуз” дегендерин көрөсүң. Аллах жеңишти же болбосо, Өзү тарабынан (аларды шерменде кыла турган) бир ишти берип калгысы бардыр. Ошондо алар (эки жүздүүлөр) жүрөктөрүнө каткан арам ойлоруна бушайман болуп калышат.