caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Maaida сүрөсү, 2-аят

Медина · түшүү тартиби 112 · 5:2

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تُحِلُّوا۟ شَعَٰٓئِرَ ٱللَّهِ وَلَا ٱلشَّهْرَ ٱلْحَرَامَ وَلَا ٱلْهَدْىَ وَلَا ٱلْقَلَٰٓئِدَ وَلَآ ءَآمِّينَ ٱلْبَيْتَ ٱلْحَرَامَ يَبْتَغُونَ فَضْلًا مِّن رَّبِّهِمْ وَرِضْوَٰنًا وَإِذَا حَلَلْتُمْ فَٱصْطَادُوا۟ وَلَا يَجْرِمَنَّكُمْ شَنَـَٔانُ قَوْمٍ أَن صَدُّوكُمْ عَنِ ٱلْمَسْجِدِ ٱلْحَرَامِ أَن تَعْتَدُوا۟ وَتَعَاوَنُوا۟ عَلَى ٱلْبِرِّ وَٱلتَّقْوَىٰ وَلَا تَعَاوَنُوا۟ عَلَى ٱلْإِثْمِ وَٱلْعُدْوَٰنِ وَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ إِنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعِقَابِ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Аллах арам кылган нерселерди, “шахрул харам” айларын(да кан төгүүнү), Аллахка арналган белек жаныбарларды (өлтүрүүнү жана уурдоону), ошондой эле, (таанылып туруусу үчүн) алардын мойнуна асылган мончокторду[1] (үзүүнү) жана Раббисинин артыкчылык, ыразычылыгын тилеп, Байтул-Харамды көздөй жолго чыккан кишилерди (өлтүрүүнү) өзүңөргө адал кылып албагыла! Ал эми, ихрамдан чыккан соң аң уулай бергиле. (Силерге зулум кылган) бир (мусулман) коомду жаман көрүүңөр, аларды Масжид - Ал-Харамга киргизбей коюуга жана аларга душмандык кылууга силерди мажбурлабасын. Жакшылык жана такыба иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душмандык жана күнөө иштерде бири-бириңерге жардам бербегиле. Аллахтан корккула! Аллахтын азабы катуу!
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70