وَلَقَدْ أَخَذَ ٱللَّهُ مِيثَٰقَ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ وَبَعَثْنَا مِنْهُمُ ٱثْنَىْ عَشَرَ نَقِيبًا وَقَالَ ٱللَّهُ إِنِّى مَعَكُمْ لَئِنْ أَقَمْتُمُ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَيْتُمُ ٱلزَّكَوٰةَ وَءَامَنتُم بِرُسُلِى وَعَزَّرْتُمُوهُمْ وَأَقْرَضْتُمُ ٱللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا لَّأُكَفِّرَنَّ عَنكُمْ سَيِّـَٔاتِكُمْ وَلَأُدْخِلَنَّكُمْ جَنَّٰتٍ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ فَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ مِنكُمْ فَقَدْ ضَلَّ سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovАллах Исраил урпактарынан бекем ант-убада алды. Жана Биз алардын он эки башчысын (ант менен мойнуна алган парздарды аткаруусун көзөмөлдөөгө) жибердик. Аллах айтты: “Мен силер менен биргемин. Эгер силер намазды толук аткарып, зекетти берип, Менин пайгамбарларыма ыйман келтирип, аларды урматтасаңар жана Аллахка жакшы карыз (садага) берсеңер, анда Мен силердин күнөөңөрдү өчүрүп, астынан дарыялар агып турган бейиштерге киргиземин. Ал эми силерден кимде-ким ушундан (ант-убада бергенден) кийин деле, каапыр болуп кетсе, ал (билип туруп) түз жолдон адашыптыр.