يَٰٓأَهْلَ ٱلْكِتَٰبِ لَا تَغْلُوا۟ فِى دِينِكُمْ وَلَا تَقُولُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلْحَقَّ إِنَّمَا ٱلْمَسِيحُ عِيسَى ٱبْنُ مَرْيَمَ رَسُولُ ٱللَّهِ وَكَلِمَتُهُۥٓ أَلْقَىٰهَآ إِلَىٰ مَرْيَمَ وَرُوحٌ مِّنْهُ فَـَٔامِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦ وَلَا تَقُولُوا۟ ثَلَٰثَةٌ ٱنتَهُوا۟ خَيْرًا لَّكُمْ إِنَّمَا ٱللَّهُ إِلَٰهٌ وَٰحِدٌ سُبْحَٰنَهُۥٓ أَن يَكُونَ لَهُۥ وَلَدٌ لَّهُۥ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, китеп ээлери! Диниңерде чектен чыкпагыла жана Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөгүлө. Албетте, Марямдын уулу Иса-Масих, Аллахтын Марям(кыз)га таштаган (сүйлөгөн) Сөзү жана Өзү тарабынан берилген Руху.[1] Эми, Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана (Аллах) үчөө дебегиле.[2] (Бул ишенимден) токтогула – өзүңөргө жакшы болот. Албетте, Аллах, баласы (жана шериги) бар болуудан Аруу-Таза жалгыз Кудай! Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Анын мүлкү. Жетекчилик жаатынан Аллах жетиштүү.