caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Nisaa сүрөсү, 127-аят

Медина · түшүү тартиби 92 · 4:127

وَيَسْتَفْتُونَكَ فِى ٱلنِّسَآءِ قُلِ ٱللَّهُ يُفْتِيكُمْ فِيهِنَّ وَمَا يُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فِى ٱلْكِتَٰبِ فِى يَتَٰمَى ٱلنِّسَآءِ ٱلَّٰتِى لَا تُؤْتُونَهُنَّ مَا كُتِبَ لَهُنَّ وَتَرْغَبُونَ أَن تَنكِحُوهُنَّ وَٱلْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ ٱلْوِلْدَٰنِ وَأَن تَقُومُوا۟ لِلْيَتَٰمَىٰ بِٱلْقِسْطِ وَمَا تَفْعَلُوا۟ مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِهِۦ عَلِيمًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Сенден аялдар жөнүндө фатва (өкүм) сурашат. Айткын: “Аялдар жөнүндө силерге Аллах жана Китептеги жетим кыздар, алсыз-байкуш (жетим) балдарга арнап окулган аяттар өкүм берет. (Силерди, сулуулугуна же байлыгына) кызыгып үйлөнүп алып, (кийин) аларга берилүүсү парз кылынган махырды бербей койгон (жетим кыздардын укугун орундатууга) жана жетимдер үчүн адилет башчылык кылууга (буюрат). Кандай жакшылык кылсаңар Аллах аны, чынында, Билүүчү.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70