يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَنفِقُوا۟ مِن طَيِّبَٰتِ مَا كَسَبْتُمْ وَمِمَّآ أَخْرَجْنَا لَكُم مِّنَ ٱلْأَرْضِ وَلَا تَيَمَّمُوا۟ ٱلْخَبِيثَ مِنْهُ تُنفِقُونَ وَلَسْتُم بِـَٔاخِذِيهِ إِلَّآ أَن تُغْمِضُوا۟ فِيهِ وَٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّ ٱللَّهَ غَنِىٌّ حَمِيدٌ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovОо, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөр иштеп тапкан нерсеңерден жана Биз силер үчүн жерден чыгарып берген (дан, жер азыктары, мөмө-жемиш ж.б.у.с.) нерселерден эң асыл-тазаларын садака кылгыла. Жана алардан төмөн-начар болгондорун садака кылууну ниет кылбагыла.[1] Аны өзүңөр да албайт элеңер. Алсаңар да андан көзүңөрдү жумуп (жактырбай) аласыңар. Жана билгиле, Аллах Беймуктаж жана мактоого татыктуу.