caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Baqara сүрөсү, 249-аят

Медина · түшүү тартиби 87 · 2:249

فَلَمَّا فَصَلَ طَالُوتُ بِٱلْجُنُودِ قَالَ إِنَّ ٱللَّهَ مُبْتَلِيكُم بِنَهَرٍ فَمَن شَرِبَ مِنْهُ فَلَيْسَ مِنِّى وَمَن لَّمْ يَطْعَمْهُ فَإِنَّهُۥ مِنِّىٓ إِلَّا مَنِ ٱغْتَرَفَ غُرْفَةًۢ بِيَدِهِۦ فَشَرِبُوا۟ مِنْهُ إِلَّا قَلِيلًا مِّنْهُمْ فَلَمَّا جَاوَزَهُۥ هُوَ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ مَعَهُۥ قَالُوا۟ لَا طَاقَةَ لَنَا ٱلْيَوْمَ بِجَالُوتَ وَجُنُودِهِۦ قَالَ ٱلَّذِينَ يَظُنُّونَ أَنَّهُم مُّلَٰقُوا۟ ٱللَّهِ كَم مِّن فِئَةٍ قَلِيلَةٍ غَلَبَتْ فِئَةً كَثِيرَةًۢ بِإِذْنِ ٱللَّهِ وَٱللَّهُ مَعَ ٱلصَّٰبِرِينَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovТаалут аскерлер менен чыкканда (мындай) деди: "Аллах силерди (суусаган мезгилиңерде) бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе – менден эмес, (мени менен согушка барбайт, себеби ал – сабырсыз) жана ким андан ичпесе – ал менден (мени менен барат) Бирок, ким колу менен бир ууртам гана ичсе, мейли, (алардын өз ыктыяры: калгысы келсе – калат, мени менен кеткиси келсе – кетет)". Анан (бардыгы жолго чыгып, дарыяга жеткенде) аз гана адамдан башка баарысы суу ичип алышты. Бир убакта ал (Таалут) жана аны менен бирге болгон ыймандуу адамдар дарыядан өттү эле, (көпчүлүк суу жүрөктөрү): "Бүгүн Жаалут жана анын аскерлери менен согушууга алыбыз жетпейт" дешти. Ал эми, (Кыяматта) Аллах менен жолугууга (бекем) ишенгендер: "Нечендеген аз сандуу аскерлер Аллахтын каалоосу менен көп сандуу аскерлерди жеңип чыккан. Аллах сабырдуулар менен!" дешти.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70