caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Maaida сүрөсү, 110-аят

Медина · түшүү тартиби 112 · 5:110

إِذْ قَالَ ٱللَّهُ يَٰعِيسَى ٱبْنَ مَرْيَمَ ٱذْكُرْ نِعْمَتِى عَلَيْكَ وَعَلَىٰ وَٰلِدَتِكَ إِذْ أَيَّدتُّكَ بِرُوحِ ٱلْقُدُسِ تُكَلِّمُ ٱلنَّاسَ فِى ٱلْمَهْدِ وَكَهْلًا وَإِذْ عَلَّمْتُكَ ٱلْكِتَٰبَ وَٱلْحِكْمَةَ وَٱلتَّوْرَىٰةَ وَٱلْإِنجِيلَ وَإِذْ تَخْلُقُ مِنَ ٱلطِّينِ كَهَيْـَٔةِ ٱلطَّيْرِ بِإِذْنِى فَتَنفُخُ فِيهَا فَتَكُونُ طَيْرًۢا بِإِذْنِى وَتُبْرِئُ ٱلْأَكْمَهَ وَٱلْأَبْرَصَ بِإِذْنِى وَإِذْ تُخْرِجُ ٱلْمَوْتَىٰ بِإِذْنِى وَإِذْ كَفَفْتُ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ عَنكَ إِذْ جِئْتَهُم بِٱلْبَيِّنَٰتِ فَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِنْهُمْ إِنْ هَٰذَآ إِلَّا سِحْرٌ مُّبِينٌ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov(О, Мухаммад!) Эстегин, Аллах айтты: “О, Марямдын уулу Иса! Менин сага жана апаңа берген жакшылыгыңды эстегин. Анткени, Мен сени Ыйык Рух (Жебирейил периште) менен кубаттаганымда, адамдарга бешикте (апаңды актап) жана чоңойгонуңда (элдерди Аллахтын Жолуна даават кылып) сүйлөгөнсүң. Эстегин, бир кезде, Мен сага Китепти, Хикматты (Шарият сырларын), Тооратты жана Инжилди үйрөттүм. Дагы бир кезде: Менин уруксатым менен ылайдан куштун сөлөкөтүн жасап, ага үйлөгөнүңдө, ал (жандуу) куш болуп калды. Менин уруксатым менен сокурларды, пес (ала) оорулуларды айыктыргансың. Менин уруксатым менен өлүктөрдү (тирилтип, мүрзөлөрүнөн) чыгаргансың жана Мен сени Исраил урпактары (яхудилер) коомунан сактадым. Сен аларга (ушунча) моожизаларды алып келсең да, алардын арасынан каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкыр” - дешкен.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70