caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Nisaa сүрөсү, 94-аят

Медина · түшүү тартиби 92 · 4:94

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِذَا ضَرَبْتُمْ فِى سَبِيلِ ٱللَّهِ فَتَبَيَّنُوا۟ وَلَا تَقُولُوا۟ لِمَنْ أَلْقَىٰٓ إِلَيْكُمُ ٱلسَّلَٰمَ لَسْتَ مُؤْمِنًا تَبْتَغُونَ عَرَضَ ٱلْحَيَوٰةِ ٱلدُّنْيَا فَعِندَ ٱللَّهِ مَغَانِمُ كَثِيرَةٌ كَذَٰلِكَ كُنتُم مِّن قَبْلُ فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيْكُمْ فَتَبَيَّنُوٓا۟ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтын жолунда (жихадга) жөнөсөңөр, (кимдин ким экенин) анык билип алгыла. (Коркконунан же урматтаганынан) силерге салам берген адамга, дүйнө жашоосунун (арзыбаган) нерселерин каалап: “Сен ыймандуу эмессиң!”- дебегиле. Аллахтын алдында көп олжолор бар. Мурун өзүңөр ошондой элеңер. Кийин Аллах силерди ардактуу кылды. Эми, (ишиңерди) анык билип жүргүлө! Албетте, Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар.[1]
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70