فَمَا لَكُمْ فِى ٱلْمُنَٰفِقِينَ فِئَتَيْنِ وَٱللَّهُ أَرْكَسَهُم بِمَا كَسَبُوٓا۟ أَتُرِيدُونَ أَن تَهْدُوا۟ مَنْ أَضَلَّ ٱللَّهُ وَمَن يُضْلِلِ ٱللَّهُ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ سَبِيلًا
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovЭмне үчүн силер эки жүздүүлөр жөнүндө экиге бөлүнөсүңөр? Аллах аларды жасаган иштери себептүү (каапырлыкка) кайтарды го! Силер Аллах адаштырган кишилерди туура жолго салууну каалайсыңарбы? Кимди Аллах адаштырган болсо, сен ага (туура) жол таба албайсың!