وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَتَّخِذُ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَندَادًا يُحِبُّونَهُمْ كَحُبِّ ٱللَّهِ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ أَشَدُّ حُبًّا لِّلَّهِ وَلَوْ يَرَى ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓا۟ إِذْ يَرَوْنَ ٱلْعَذَابَ أَنَّ ٱلْقُوَّةَ لِلَّهِ جَمِيعًا وَأَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلْعَذَابِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin Hakimov«Адамдардын арасында кээ бирөөлөр, Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар Аллахты көбүрөөк сүйүшөт. Эгер (Аллахка башка нерселерди шерик кармаган) залымдар кыяматта азапты (өз көздөрү менен) көрүшсө жана күч-кудуреттин бардыгы Аллахка таандык экенин билишсе (Аллахка шерик кошушпайт болчу). Аллахтын азабы катуу!»