caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Baqara сүрөсү, 102-аят

Медина · түшүү тартиби 87 · 2:102

وَٱتَّبَعُوا۟ مَا تَتْلُوا۟ ٱلشَّيَٰطِينُ عَلَىٰ مُلْكِ سُلَيْمَٰنَ وَمَا كَفَرَ سُلَيْمَٰنُ وَلَٰكِنَّ ٱلشَّيَٰطِينَ كَفَرُوا۟ يُعَلِّمُونَ ٱلنَّاسَ ٱلسِّحْرَ وَمَآ أُنزِلَ عَلَى ٱلْمَلَكَيْنِ بِبَابِلَ هَٰرُوتَ وَمَٰرُوتَ وَمَا يُعَلِّمَانِ مِنْ أَحَدٍ حَتَّىٰ يَقُولَآ إِنَّمَا نَحْنُ فِتْنَةٌ فَلَا تَكْفُرْ فَيَتَعَلَّمُونَ مِنْهُمَا مَا يُفَرِّقُونَ بِهِۦ بَيْنَ ٱلْمَرْءِ وَزَوْجِهِۦ وَمَا هُم بِضَآرِّينَ بِهِۦ مِنْ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذْنِ ٱللَّهِ وَيَتَعَلَّمُونَ مَا يَضُرُّهُمْ وَلَا يَنفَعُهُمْ وَلَقَدْ عَلِمُوا۟ لَمَنِ ٱشْتَرَىٰهُ مَا لَهُۥ فِى ٱلْـَٔاخِرَةِ مِنْ خَلَٰقٍ وَلَبِئْسَ مَا شَرَوْا۟ بِهِۦٓ أَنفُسَهُمْ لَوْ كَانُوا۟ يَعْلَمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovСулайман(пайгамбар)дын падышалык доорунда шайтандар үйрөткөн нерселерге (сыйкырга) ээрчип калышты.[1] Сулайман каапыр (сыйкырчы) болгон эмес, бирок, адамдарга сыйкырды үйрөткөн шайтандар каапыр болушкан. Вавилондогу Харут жана Марут (деген) эки периштеге түшүрүлгөн нерсеге (сыйкырга ээрчип калышты.) Ал экөө “Биз фитна (адамдарды сыноо үчүн жиберилгендер) болобуз (сыйкырды үйрөнүп) каапыр болуп калбагыла” деп (насаат) айтпай туруп эч кимге үйрөтүшкөн эмес. Ошентсе да, (яхудилер) алардан эрди-катындын арасын ажырата турган нерселерди үйрөнүшөт. Алар (сыйкырды үйрөнгөн яхудилер) Аллахтын уруксаты болмоюнча, аны менен эч кимге зыян жеткире алышпайт. Жана алар пайдалуу нерсени эмес, өздөрүнө зыян жеткире турган нерселерди үйрөнүштү. Алар, (яхудилер) аны (сыйкырды) сатып алгандар үчүн Акыретте насип жок экенин билишет болчу. Жандарынын (азапка калуусунун) эсебине сатып алган нерселери кандай жаман! Алар муну билишсе кана!
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70