ٱعْلَمُوٓا۟ أَنَّمَا ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَا لَعِبٌ وَلَهْوٌ وَزِينَةٌ وَتَفَاخُرٌۢ بَيْنَكُمْ وَتَكَاثُرٌ فِى ٱلْأَمْوَٰلِ وَٱلْأَوْلَٰدِ كَمَثَلِ غَيْثٍ أَعْجَبَ ٱلْكُفَّارَ نَبَاتُهُۥ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَىٰهُ مُصْفَرًّا ثُمَّ يَكُونُ حُطَٰمًا وَفِى ٱلْـَٔاخِرَةِ عَذَابٌ شَدِيدٌ وَمَغْفِرَةٌ مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضْوَٰنٌ وَمَا ٱلْحَيَوٰةُ ٱلدُّنْيَآ إِلَّا مَتَٰعُ ٱلْغُرُورِ
Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБилип алгыла: Дүйнө жашоосу оюн-тамаша, зыйнат-жасалга, өз араңарда менменсинүү, мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат. Анын мисалы жамгыр сыяктуу: ал өстүргөн нерселер дыйканды сүйүнтөт. Кийин (убактылуу) кулпурат. Андан кийин сен анын саргарганын көрөсүң. Андан кийин кургак чөпкө айланат. Акыретте (убактылуу дүйнөгө азгырылгандарга) катуу азап жана (ыймандууларга) Аллахтан кечирим жана ыразылык бар. (Ошентип) Дүйнө жашоосу азгырык матаадан[1] башка эмес.