caseriqКуранда маани боюнча издөө

Al-Maaida сүрөсү, 45-аят

Медина · түшүү тартиби 112 · 5:45

وَكَتَبْنَا عَلَيْهِمْ فِيهَآ أَنَّ ٱلنَّفْسَ بِٱلنَّفْسِ وَٱلْعَيْنَ بِٱلْعَيْنِ وَٱلْأَنفَ بِٱلْأَنفِ وَٱلْأُذُنَ بِٱلْأُذُنِ وَٱلسِّنَّ بِٱلسِّنِّ وَٱلْجُرُوحَ قِصَاصٌ فَمَن تَصَدَّقَ بِهِۦ فَهُوَ كَفَّارَةٌ لَّهُۥ وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ فَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovБиз аларга (яхудилерге) анда (Тооратта): “Жанга-жан, көзгө-көз, мурунга-мурун, кулакка-кулак, тишке-тиш жана (башка) жарааттарга өч (алынат)” деп жазып койдук.[1] Ал эми, кимде-ким өчүн (албай) кечирип жиберсе, бул (жакшылыгы) ал (кылмышкер) үчүн толук актоо болот. Жана кимде-ким Аллах түшүргөн (ушул) нерселер менен өкүм кылбаса, ошолор гана анык залымдар.[2]
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70