caseriqКуранда маани боюнча издөө

An-Nisaa сүрөсү, 43-аят

Медина · түшүү тартиби 92 · 4:43

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوا۟ لَا تَقْرَبُوا۟ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنتُمْ سُكَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَعْلَمُوا۟ مَا تَقُولُونَ وَلَا جُنُبًا إِلَّا عَابِرِى سَبِيلٍ حَتَّىٰ تَغْتَسِلُوا۟ وَإِن كُنتُم مَّرْضَىٰٓ أَوْ عَلَىٰ سَفَرٍ أَوْ جَآءَ أَحَدٌ مِّنكُم مِّنَ ٱلْغَآئِطِ أَوْ لَٰمَسْتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَلَمْ تَجِدُوا۟ مَآءً فَتَيَمَّمُوا۟ صَعِيدًا طَيِّبًا فَٱمْسَحُوا۟ بِوُجُوهِكُمْ وَأَيْدِيكُمْ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَفُوًّا غَفُورًا

Kyrgyz Translation - Shamsuddin HakimovО, ыйман келтиргендер! Эмне сүйлөп жатканыңарды биле турган болмоюнча (соолукмайынча) мас абалда намазга жакындашпагыла.[1] «Жунуб» абалда дагы гусул кылмайынча (бүт денеге суу жеткирип жуунмайынча) намазга жакындабагыла. (Мечитти аралап) өтүп жүрүүчүлөр гана (гусул кылбай өтсө болот.) Эгер ооруп калсаңар же сапарда болсоңор же силерден бирөөңөр ажатканадан чыкса же болбосо, аялдарыңарды кармаласаңар жана (даарат алганга) суу таппай калсаңар таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) бетиңерди жана колуңарды сылагыла. Албетте, Аллах Кечиримдүү жана күнөөлөрдөн өтүүчү.
Тема издеп жатасызбы? Маани боюнча издөөнү сынап көрүңүз — сурооңуз 6236 аяттан изделет.
Тил — 70